Блог

Ырысбай Абдыраимов: Жугуштуу дарт

Жугуштуу дарт (аңгеме) Терезе-каалгасы күн чыгышты караган дарылоо мекемесинин маңдайына жеткиче орто бойлуу, кызыл жүздүү киши кыңк эткен жок. Ал өзүнөн мурда ыргып түшүп, машинанын алдыңкы каалгасын ачып, жан-жагынан сүйөгөн катчысына алдан тайгандай бой таштады. Күн кызып, теребел үп тартып, ыраңындай кара күрмөгө чүмкөнүп, эт-бетинен тер куюлуп атса да, ооз-мурунун жүндүү моюн орогучу менен кымтыланып алган. Кеңсесине баратканда алдынан чыккандарга салам айтуу, же алардын саламына кур дегенде баш ийкеп да койбой, урушкан душманынан бетер сүзө качырып өткөндөгүдөй түр менен ооруканага баш бакса, ойлогон оюнун мүдөөсүнөн чыкпай калаарын сезип, карп-курп учураган толугу менен…..

Ризван Исмаилова: Б.Усубалиев – мүнөз, тип жана типтештирүүнүн чебери

Б.Усубалиев – мүнөз, тип жана типтештирүүнүн чебери (Жазуучунун “Бетинде меңи бар апа жана бети кызыл апа” аттуу повестин окугандан кийинки ойлор) Талантуу жазуучу Бейшебай Усубалиев улуттук адабиятыбызда проза жанрындагы негизги компоненттер; мүнөз, тип жана образ түзүү жагынан өзгөчө шыктуу калемгер. Адабият талдоочулар “көркөм адабият-мүнөздөрдү түзүүнүн өнөрү” деп эсептешкендей, адабий мүнөздөрсүз көркөм образ жаратуунун кажети деле жок. Көркөм чыгарманын башкы критерийлери образдуулук менен көркөмдүк жашоо-турмушту чагылдыруунун өзгөчө ыгы катары автордун дареметин, калемгерлик шыгын, талантын таразалап турат. Б.Усубалиевдин чыгармаларын окуганда, кейипкерлер турган турпаты менен турмуштун өзүнөн көчүрүп келгендей таасир калтырат. Мурдагы бир толугу менен…..

Ырысбай Абдыраимов: Мурас

Мурас (аңгеме) Тээ төмөнтөн калдайган кара булут жылып келатты. Күн бүркөк, айлана түнөрүңкү. Адегенде дыбырай баштаган жамгыр бара-бара катуулап, шатырата жаап, бир саамдан соң, өктөөсү бар немедей жерди сабап кирди. Эки кабаттуу үйдүн бир бөлмөсүндө бешик терметип олтурган Жанымбү сырттагы шоокумга кулак түрдү. Көз алдына нөшөрлүү жаанга туш болуп, үшүп турган ай чырайлуу келини Динаранын элеси тартылды. Анын аба ырайы менен иши жок, жумушка эртең менен үлбүрөгөн жука көйнөкчөн кеткенин эстеп, ичинен көй-көй тартты. Алар эски үйдө турат. Кемпирдин уулу жаңы үй курганга акча таап келүү үчүн чет өлкөгө иштегени толугу менен…..

Некролог

Некролог Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады. КР Эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Майрамкан Абылкасымова 84 жаш курагында дүйнө салды. Майрамкан Абылкасымова 1936-жылы 7-ноябрда Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Суу айылында туулган. 1953-жылы Фрунзе педагогикалык окуу жайын, 1958-жылы В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн. 1962-жылга чейин Ош шаарындагы облустук “Ленин жолу” гезитинде жана Ош педагогика институтунда иштеген. “Ала Тоо” журналында адабий кызматкер, “Поэзия” бөлүмүнүн башчысы (1960-1991-жж.), “Аялзат” гезитинде Башкы редактор, Кыргызстан жазуучулар союзунун Ысык-Көл облусу боюнча адабий консультанты болгон. 1995-жылдан “Курманжан датка” фондунун төрагасынын кеңешчиси. Алгачкы ырлары 1952-жылдан толугу менен…..

КР Баатыры С.Эралиевдин 100 жылдыгы белгиленди

А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында КР Баатыры, КР Эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдыгы белгиленди. Мааракелик иш-чарага КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А.Жаманкулов, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, акын-жазуучулар, адабиятчылар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окурмандар катышты. Министр А.Жаманкулов акындын китептерин чыгаруу жана С.Эралиев атындагы сыйлык уюштуруу керек экендигин айтып, муну иш жүзүнө ашырууга министрлик жоопкерчилик аларын кошумчалады. Адабиятчылар, калемдеш, шакирттери акындын чыгармачылыгы тууралуу кеңири сөз кылышты. Салтанаттуу иш-чараны Бишкек шаарынын Мэриясынын “Эл аспаптар” оркестри, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын хору, солисттери толугу менен…..

Акын, драматург Кубанычбек Маликовго 110 жыл

Бүгүн (Россотрудничество) Россиянын илим жана маданият борборунда акын, драматург Кубанычбек Маликовдун 110 жылдыгына арналган “К.Маликов жана учур адабияты” аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Ага КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, ф.и.д. К.Абакиров, ф.и.д. профессор К.Мамбеталиев, О.Ибраимов, Б.Койчиев, уул-кыздары К.Маликов, К.Маликовалар катышты. Н.Исанов атындагы КМКТАУнун студенттери ырларын көркөм окуп беришти. Акын, драматург Кубанычбек Иманалиевич Маликов 1911 – жылы 16-сентябрда Чүй өрөөнүндөгү азыркы Ысык-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылында туулган. Кубанычбек Маликов адабият майданына жыйырманчы жылдардын акырында келип кошулган. 1928-жылы анын “Жазгы талаа” деген ыры “Эркин Тоо” газетасына басылат. Буга удаа эле “Курбулардын арманы”, толугу менен…..

С.Эралиевдин 90 жылдыгынан архив

Мындан туура 10 жыл мурун Чыгармачыл жаштардын республикалык “Нурборбор” бирикмеси (азыркы академия) КТРКнын колдоосу менен, концерттик студиясында КР Баатыры С.Эралиевдин 90 жылдыгына карата чыгармачылык кечесин уюштурган элек. Бүгүн 100 жылдыгы белгиленип жатат. Кечени көрөрмандардын назарына дагы бир ирет сунуштап коюуну туура көрдүк.

КР Баатыры С.Эралиевдин 100 жылдыгы белгиленет

2021-жылдын 15-октябрында саат 14:00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өтөт. Келип катышып кетиңиздер.

Кадыркул Даутов – Кыргыз адабиятынын Толубай сынчысы

Бүгүн Ала-Арча көрүстөнүндө КР Эл жазуучусу, адабий сынчы, профессор Кадыркул Даутовдун эстелиги ачылды. Ага КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, акын-жазуучулар, адабиятчылар, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эмгек жамааты жана студенттер катышты. Эстеликтин ачылышында сөз сүйлөгөн адабиятчылар сынчы Кадыркул Даутовго “Кыргыз адабиятынын Толубай сынчысы” деген ат так, таамай берилгенин баса белгилешти. Адамдык сапаты бийик, калыс, чындыкты сүйгөн сынчы чынында эле эч кимден коркпой, тайманбай, тайсалдабай пикирин ачык айтып, адабияттын кандай гана залкар өкүлү болбосун, бардыгына “тиш салган” бирден-бир көрүнүктүү адабиятчы, сынчы эле деген баасын беришти. Кадыркул Даутовдун таш эстелигин үй-бүлөсү, толугу менен…..

Акын Алымкан Дегенбаева 80 жашта

КР Улуттук жазуучулар союзу менен А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасы акын, котормочу, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Алымкан Дегенбаеваны 80 жылдыгы менен куттуктап, автор менен жолугушуу уюштуруу. Аталган китепкананын Ч.Айтматов залында өткөн жолугушууга КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов, кыргыз эл акын-жазуучулары, замандаштары, күйөрмандары жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери катышты. Жолугушуу кечеге КРУЖС поэзия секциясынын башчысы, акын, ф.и.д. А.Эгембердиева модераторлук кылып, келген меймандар А.Дегенбаеванын чыгармачылыгы боюнча кеңири сөз кылышты. Өз сөзүндө К.Кадыракунов авторду 80 жылдык мааракеси менен куттуктап, адабиятка сиңирген көп жылдык эмгеги үчүн КР Улуттук толугу менен…..