КР Баатыры С.Эралиевдин 100 жылдыгы белгиленди

А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында КР Баатыры, КР Эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдыгы белгиленди. Мааракелик иш-чарага КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А.Жаманкулов, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, акын-жазуучулар, адабиятчылар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окурмандар катышты. Министр А.Жаманкулов акындын китептерин чыгаруу жана С.Эралиев атындагы сыйлык уюштуруу керек экендигин айтып, муну иш жүзүнө ашырууга министрлик жоопкерчилик аларын кошумчалады. Адабиятчылар, калемдеш, шакирттери акындын чыгармачылыгы тууралуу кеңири сөз кылышты. Салтанаттуу иш-чараны Бишкек шаарынын Мэриясынын “Эл аспаптар” оркестри, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын хору, солисттери жана Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисттери коштоп, концерттик программа тартуулап, автордун ырларын көркөм окуп беришти.

Маараке КР Баатыры, КР Эл акыны С.Эралиевдин 100 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде өткөрүү боюнча КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы №57-б. 2021-жылы юбилейлик иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө буйругуна ылайык жүзөгө ашырылды. Мааракелик иш-чаралардын алкагында буга чейин А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында китеп-сүрөт көргөзмө жана конференция өткөрүлгөн.