Кадыркул Даутов – Кыргыз адабиятынын Толубай сынчысы

Бүгүн Ала-Арча көрүстөнүндө КР Эл жазуучусу, адабий сынчы, профессор Кадыркул Даутовдун эстелиги ачылды. Ага КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, акын-жазуучулар, адабиятчылар, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эмгек жамааты жана студенттер катышты. Эстеликтин ачылышында сөз сүйлөгөн адабиятчылар сынчы Кадыркул Даутовго “Кыргыз адабиятынын Толубай сынчысы” деген ат так, таамай берилгенин баса белгилешти.

Адамдык сапаты бийик, калыс, чындыкты сүйгөн сынчы чынында эле эч кимден коркпой, тайманбай, тайсалдабай пикирин ачык айтып, адабияттын кандай гана залкар өкүлү болбосун, бардыгына “тиш салган” бирден-бир көрүнүктүү адабиятчы, сынчы эле деген баасын беришти.

Кадыркул Даутовдун таш эстелигин үй-бүлөсү, жакындары курса, өзү көзү тирүүсүндө эле кылымдарга урагыс эстелик тургузуп кеткенин ырасташып, артындагы шакирттери, келечек ээлери элесин түбөлүккө сактап, ысымын калтыруу максатында илимий эмгектерди жазып, китептерин басып чыгарууга убада кылышты. Маркумдун арбагына багыштап куран окулду.

Кадыркул Даутов 1940-жылы 10-сентябрда Алай районундагы Үч-Төбө айылында жарык дүйнөгө келген. 1958-1961-жылдары Токмок шаарындагы маданий-агартуу окуу жайынын студенти, 1961-1964-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1964-1969-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

1970–1973-жылдары СССР Илимдер академиясынын М.Горький атындагы Бүткүл дүйнөлүк адабият институтунун аспирантурасында окуган. 1973-жылы филология илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган.

Ал 1973-жылы КСЭнин адабият жана искусство редакциясынын жетекчиси, 1974–1975-жылдары Кыргыз илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, 1976–1981-жылдары Кыргыз ССР Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун совет адабияты секторунун башчысы болуп эмгектенген.

1978-жылдан бери СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. 1983-жылдан тарта Кыргыз мамлекеттик университетинин СССР элдеринин адабияты кафедрасынын окутуучусу, 1985–1986-жылдар аралыгында «Кыргызстан маданияты» жумалыгынын бөлүм башчысы, 1989–1999-жылдары Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун бөлүм башчысы, 1999–2005-жылдар ичинде Чүй университетинин Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы болгон.

2005–2007-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору, 2007-жылдан тарта Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору.

Кадыркул Даутов 1960-жылдардын экинчи жарымынан бери адабий-сын чыгармаларын жазып келген.

1977-жылы «Ырдын өмүрү» аттуу алгачкы адабий-сын макалалар жыйнагы жарык көргөн.

Кадыркул Даутов “Жаңы чектерге”, “Главное – поиск”, “Сөз өнөрүнүн эстетикасы”, “Таланттар жана тагдырлар”, “Тереңдиктер жана бийиктиктер”, “Адабий сын кантип жаралган?”, “Албан кырдуу алп акындын дүйнөсү”, “Мезгил сыны жана мен”, “Түркүн дүйнө элестеринен”, “Издегеним тубаса акын, тунук поэзия” өңдүү көптөгөн курч жана таасын жазылган адабий-сын китептердин, монографиялардын автору.

Кадыркул Даутовго чыгармачылыктагы үзүрлүү эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, “Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу” мамлекеттик наамдары ыйгарылган.

Белгилүү адабий сынчы, профессор К.Даутов 2020-жылдын 28-июлунда жарык дүйнө менен кош айтышып, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.