Акын Алымкан Дегенбаева 80 жашта

КР Улуттук жазуучулар союзу менен А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасы акын, котормочу, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Алымкан Дегенбаеваны 80 жылдыгы менен куттуктап, автор менен жолугушуу уюштуруу. Аталган китепкананын Ч.Айтматов залында өткөн жолугушууга КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов, кыргыз эл акын-жазуучулары, замандаштары, күйөрмандары жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери катышты. Жолугушуу кечеге КРУЖС поэзия секциясынын башчысы, акын, ф.и.д. А.Эгембердиева модераторлук кылып, келген меймандар А.Дегенбаеванын чыгармачылыгы боюнча кеңири сөз кылышты. Өз сөзүндө К.Кадыракунов авторду 80 жылдык мааракеси менен куттуктап, адабиятка сиңирген көп жылдык эмгеги үчүн КР Улуттук жазуучулар союзунун “Сиңирген эмгеги үчүн” медалын тапшырды. Узак жылдардан бери көрүшө элек калемдештери акынды жылуу кабыл алышып, студенттер ырларынан көркөм окуп, актер, куудул Т.Бекбоев А.Дегенбаеванын сөзүнө жазылган “Эмнеге айтпады экен” деген обондуу ырын аткарып берди.

КРУЖС Башкармалыгынын атынан акын, котормочу Алымкан Дегенбаеваны 80 жаш кутман курагы менен чын дилден куттуктап, бекем ден-соолук, узун өмүр каалайбыз.

Акындын “Бозунач” китеби тууралуу ф.и.д. А.Эгембердиева жазган макаланы окурмандардын назарына сунуштайбыз.

Убагында “Алымканмын, Алымканың эмесмин, Ага кайдан келсин менин теңешким” деп Токтогул акынга арноо жазган, чыгармачылык жолунда “Кызыл мончок” (1972), “Түйүн” (1977), “Күдөр” (1979), “Чоң эне менен небере” (1983), “Бозунач” (1984), “Шамшыкал” (1987), “Портреттер” (1990), “Суусаган тамырлар” (2006) сыяктуу он чакты китебин окурмандарга тартуулаган, поэзияга катар көркөм котормо менен үзгүлтүксүз алектенген, чыгармачылыгын театр менен айкалыштырган, учурда ардактуу эс алуудагы акын, котормочу, Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Алымкан Дегенбаева эже быйыл 80 жашка чыкты. Бул тек айтылган сан болгону менен, ичинде түмөн түйшүктү, өмүрлүк жагдайларды мындай кой, чыгармачылыктын азабы менен тозогун, кубаныч-ийгиликтерин камтыйт.

Кыргыз аялдар поэзиясы – жалпы кыргыз адабиятынын маанилүү жана бараандуу бир бөлүгү болуп эсептелет. Эгерде кыргыз адабияты өзүнүн өнүгүш тарыхында кайсы бир ийгиликтерге, бийиктиктерге жетишкен деп эсептесек, анда ал ийгиликтерге кошкон аял затынын өзүнчө салымы болгондугу талашсыз. Бул өз мезгилинде айтылды, жазылды. Эгерде хронологиялык ирээтте алсак, сөздүн толук маанисиндеги адабий иликтөөгө акын кыздардын чыгармачылыгы качан эгедер болду? Бул жагдайдагы алгачкы аракет катары А.Эркебаевдин “Сандан сапатка” (Китепте: Эркебаев А. Азыркы учур жана кыргыз поэзиясы”. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 139 б.) аттуу дал ушул А.Дегенбаева эженин эң алгачкы үч жыйнагынын маани-мазмуну туурасындагы макаласын көрсөтүүгө болот. Демек, эң алгачкы китептери менен эле акын адабий коомчулуктун, анын ичинде адабиятчы, сынчылардын көңүлүн бурган.

Өзүнүн поэзиясы тууралуу сөз кылаардан мурун ал адабиятка, ал тургай өмүргө келген мезгил тууралуу сөз кылбай коюуга болбойт. Акын Улуу Ата мекендик согуш башталган жылы төрөлүп атат. Бул туурасында өзүнүн “Биздин муун” деген ырында жакшы айтылат:

“Биздин муун оозанбаган май менен,

Күйүтүнөн оозантышып жесирлер.

Ала жипчен жүрө берип, тушообуз

Улуу жеңиш келген күнү кесилген.

 

Телчиккенбиз кубанчынан журтумдун.

Ошол жеңиш келип бизге кечикпей.

Сүйүнөбүз сак калганга Ата Журт,

Күйүп кетпей наристелүү бешиктей” (27-б.).

 

Башка ырларына көз жүгүрткөнүбүздө деле:

“Деги бизде болду беле балалык,

Же курбулар, келдик беле турмушка

Ушу бойдон саамайыбыз агарып?

 

Же бир жашык жанбызбы биз жаралган,

Майда-барат түйшүктөрдөн сабыркап

Бейубакыт саамайлары агарган?

 

Же бир тартып үмүттүн кош толгоосун –

Биз жетилбей, Ата келбей зарыккан

Энелердин көз жашынан болбосун?”

– деп “Балалык” аттуу ырында өз теңтуштарына суроо салат?

Ушу жагынан алганда, согуштун балдары эрте жетилди, өткөн-кеткенди анализдеп, өздөрүнө, замандаштарына баам салып, “самоанализ” жүргүздү. Бул акындын ырларынан даана көрүнөт.

Акын чакан лирикалардан тышкары поэмаларды жазды. Анын “Тогуз кайрык” аттуу поэмасы Токтогул акынга арналып, ал ырдаган ырлар, ал баскан жолду поэтикалык тил менен айтып берип атканы менен катар жеке өзүнүн адабияттагы, анын ичиндеги поэзиядагы ордун, ыр дүйнөсүнө тартылууну, анын себептерин, өзү жашаган доорду, мезгилди, заманды, андагы жалпы адамзатты анализге алган, ага баам салган ойлордон турат:

“Алымканмын, Алымканың эмесмин,

Ага кайдан келсин менин теңешким.

Мен кулуну ырың менен күүңдүн,

Алар менен канча жолу кеңештим.

 

Акындырмын… Бирок, Сендей эмесмин,

Улуулукка ким батынып теңешсин.

Тамга билбей тааныганмын ырыңды.

Айтып берчү аны апам – кеңешчим.

 

Уксам дагы күүнүн сырын түшүнбөй,

Тартылчумун күндү сүйгөн бүчүрдөй.

Азыр мага ар кайрыгың – миң кыял,

Жүрөгүмдү ырга салган бүтүндөй…

 

Сен чалкыган асман болсоң көгөргөн,

Мен кызыңмын үмүт нурун өңөргөн.

Деңиз болсоң жалаң ырдан жаралган,

Мен кызыңмын ырга жакын төрөлгөн.

 

Арбын чыккан ак таңдайлар кыргыздан,

Маанайлары жарыгыраак жылдыздан.

Мен алардын эми көктөөр чырпыгы,

Өз жылдызын табыш үчүн тырмышкан”

-деп акын өзүнүн дагы поэтикалык жүзүн ачып берет.

Поэмада лирикалык кайрык, баарлашуу, диалог орун алган. Эки башка доордун эки акынынын өздөрүнө, дооруна, өткөн-кеткенге баам салуусу. Акын бул ыкманы чебер колдонот.

Акындын лирикаларында болобу, поэмаларында болобу, өзүнүн айта турган оюн художник сүрөт тарткандай кылып элестүү, образдуу, миң түркүн боектор менен көркөм бергени анын театрды түшүнгөн, андагы элес-кыймылды, боекту, үндү, дабышты кармай алган бөтөнчөлүгү менен байланыштуу. Же, тескерисинче, анын дал ушул чебердиги өзүн театрга жакындаткан. Акындын “Күзгү жалбырактар” поэмасы көрүнүктүү бийчи Бүбүсара Бейшеналиевага арналып, анын бийиндеги ар бир кыймыл, ошол кыймылдардын доошу поэмада ийкем берилген. “Табияттын бийин бийлеген табияттын баласы” деп бийчини акын такыр башка ракурста сүрөттөп, өмүрдөгү аны көргөн бир күнү кайра-кайра эскерилип, бийчинин ошондогу жеңил, элпек кыймылы, муңайым жүзү улам чечмеленет:

“Таң эрте мезгил күздө,

көп жыл мурун

негедир эрте бара жатып ишке

(Эсте мунум)

Урунган көзүм сизге.

А жолум чукул өтчү театрдан.

Серп салбай айланага,

албетте жана мага,

өтө берди жел өңдүү жеңил дене.

Түрүңүз ойлуу эле,

жүзүңүздү ошол күнү сумсайткан,

ким билет,

ишиңиздин түйшүгүдүр,

болбосо санаа беле?!.

Жер баспай бараткансып кадамыңыз,

Ушунча бир сүйкүм менен,

күтүү менен

театрды карадыңыз…

“Ой тобо!

Ушундай Адам дагы,

бизге окшоп кабак бүркөп,

тартабы биздей санаа?..”

Ойлорум кайчылашты,

Жооп таппай өзүмө айтаар жөндүү

туруп калдым,

Көз албай аркаңыздан көпкө-көпкө

карадым,

карааныңыз

күн чыгышты караган

каалгага жашынгыча…” (96-97-бб.).

Салыштыруусун карабайсызбы:

“самаган адамына

телмирген карек өңдүү…” – дейт. Бул бир жагы. Ал эми ыр саптарында орун алган дагы башка салыштыруулар, метонимия, аллитерация – көркөм сөз каражаттарынын жыш берилиши поэманын көркөмдүгүн арттырат.

“Улуу жүк, улуу кайгы

болорун Улууларда

мен кайдан ойлонупмун ошол күнү” – деп поэманын кайсы бир жеринде кайра ошол ирмемди эстейт акын.

“Ашуудагы кыялар” поэмасын акындын автобиографиялык чыгармасы катары кабылдоого болот. Мында дагы согуштун зилдей тагы бир чакан үй-бүлөнүн трагедиялуу тагдырындагы өчпөс муң болуп калганын жалгыз ошол үй-бүлөнүн гана эмес, Улуу Ата мекендик согуштун каарын жон териси менен сезген дагы жүздөгөн үй-бүлөлөрдүн муңу деп түшүнүүгө болот. Ал эми “Тилек” поэмасында акын, чыгарманын аты эле айтып тургандай” алдыдагы жакшы күндөргө тилек кылып, балдарына өмүр, бакыт тилеп, ошондо дагы улам кайрып арттагы 41-жылды эстейт. Өзү 41ге чыккандагы арттагы жарык аны бир эле маалда үшүтүп, муңайтып, бирок алдыга болгон үмүт жүрөгүн дарылайт.

Алымкан Дегенбаеванын поэзиясы – узунунан дагы, туурасынан дагы алганда, ашык-кеми жок туюм, ушул басып өткөн өмүрдү эч пробел калтырбай көркөм кабылдап, поэтикалуу образдарды жараткан өмүрдүн чагылышы, ойлуу поэзия. Анын ырларын окуганда эч бир сап өгөйсүнүп, чоочун сезилбейт. Акын ырларындагы саптарды кыштай кынаган.

 

***

Жүрөктөн кетип жылуулук,

Суктантпай калса сулуулук.

Өчкөнү ошол эмеспи,

Адамдык деген улуулук.

 

Жактырбай күрөп салгыдай,

Жааган кар эмес бул турмуш.

Жакшылап жаттап алгыдай,

Жадыбал эмес бул турмуш.

 

Ар жандык билер дүйнөдө,

Аяктап басып жүргөндү.

Адам дейт адам, Эл Журтун

Адамча сүйө билгенди.

 

Карекке күндө урунуп,

Кубанта берсин сулуулук.

Тамызгы берип жүрөккө

Өчпөсүн Сүйүү – жылуулук…

Алымкан Дегенбаева

 

“Чөп боолап жүрүп талаадан,

Чөңөргө бутум канаган.

Сагынам сени өзгөчө,

Сары өзөн – Чүйүм садагам.

 

Шыраалжын жыты буруксуйт,

Шынаарлап балдар бекинген.

Шыргайың менен тең өсүп.

Шыралга алып жетилгем.

 

Кулунчак өскөн беттерди

Кубаныч менен ойлоном.

Куурайың мага өзгөчө,

Куурчак жасап ойногон…”.

Китепте “Өскөн жер”, “Ак чөлмөк”, “Гүл жана жылан”, “Коңур күз, койчу айыл”, “Жайлоолор” сыяктуу ондогон ырлар кыргыз пейзажына арналган. Өскөн жер, муундар, театр темаларындагы лирикаларынан тышкары “Тогуз кайрык”, “Күзгү жалбырактар”, “Ашуудагы кыялар”, “Тилек” аттуу поэмаларына дагы китептен орун берилген… (“Бозунач” китеби тууралуу).