Акын, драматург Кубанычбек Маликовго 110 жыл

Бүгүн (Россотрудничество) Россиянын илим жана маданият борборунда акын, драматург Кубанычбек Маликовдун 110 жылдыгына арналган “К.Маликов жана учур адабияты” аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Ага КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, ф.и.д. К.Абакиров, ф.и.д. профессор К.Мамбеталиев, О.Ибраимов, Б.Койчиев, уул-кыздары К.Маликов, К.Маликовалар катышты. Н.Исанов атындагы КМКТАУнун студенттери ырларын көркөм окуп беришти.

Акын, драматург Кубанычбек Иманалиевич Маликов 1911 – жылы 16-сентябрда Чүй өрөөнүндөгү азыркы Ысык-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылында туулган. Кубанычбек Маликов адабият майданына жыйырманчы жылдардын акырында келип кошулган. 1928-жылы анын “Жазгы талаа” деген ыры “Эркин Тоо” газетасына басылат. Буга удаа эле “Курбулардын арманы”, “Күзгү талаа” аттуу ырлары жарык көргөн. Андан кийинки жарым жылга жакын өмүрүндө К.Маликов бирде кайгыртып, бирде жылмаюуга аргасыз кылган чыгармаларды жараткан.

1926-жылы шаарда татар мектебине кирип, кийинчерээк Борбордук педагогикалык техникумунан окуусун улантып, аны бүтүргөн. Айыл турмушунун кээ бир маселелери боюнча кабар жаза баштаган учурда К.Маликов он үч гана жашта болгон. Кабарчылык аны чоң адабиятка алып келип, акындын өз сөзү менен айтканда, “газета сөзгө шыдыр, жазууга жатык кылган”.

Педагогикалык техникумду бүтүргөндөн кийин К.Маликов “Ленинчил жаш”, “Кызыл Кыргызстан” газеталарында кабарчылыктан баштап, редакторго чейинки кызматтарды аркалаган. Көп жылдар бою “Советтик Кыргызстан” журналынын редактору, Кыргыз Мамлекеттик драма театрынын директору, Кыргызстан жазуучулар союзунун жооптуу секретары, төрагасынын орун басары болуп, Кыргызстан Эл Комиссарлар Советинин алдындагы искусство иштери боюнча комитетин башкарган.

Акындын биринчи жыйнагы “Кубанычбектин ырлары” деген ат менен 1933-жылы жарык көрөт. Отуз жылдан ашуун убакыттын ичинде К.Маликов алтымышка жакын китеп чыгарган. Сандаган очерктер, макалалар жазды. Пушкин, Толстой, Шевченко, Стальский, Горький, Маршактын ж.б. чыгармаларын которду. Ал – чоң драматург. “Жаңыл” (А.Куттубаев менен бирге), “Биз баягы эмеспиз” драмаларынын, “Манас”, “Айчүрөк”, “Токтогул” операларынын либреттолорунун биргелешкен автору. 30-жылдарда жазылган “Айылда”, “Күлүйпа” аттуу пьесалары, кийинки “Жүрөк толкуйт”, “Бийик жерде”, “Осмонкул” аттуу драмалары көрүүчүлөргө белгилүү. “Бийик жерде” драмасынын кайрадан оңдолгон варианты Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон. Кубанычбек Маликов 1979-жылы дүйнөдөн кайткан.