Бейшебай Усубалиев: “Жаныңыз кыйналып калат”, же бир күнкү сабактан бир үзүм

“Жаныңыз кыйналып калат”, же бир күнкү сабактан бир үзүм

(Өскөн Даникеевге)

Мени тикирее карап отурган студенттериме тамашалай кайрылдым:

-Деги силер кыргыз элинде Айтматовдон бөлөк жазуучулар бар экенин билесиңерби?

-Билебиз, билебиз…

-Мисалы, кимди?

-Мисалы, Даникеевди. Анын “Кыздын сырын” баарыбыз окуп чыкканбыз.

Өткөн жылы эле.

Алдыда отурган кичинекей кыз ишенимдүү да, сыймыктуу жооп берди.

-“Кыздын сырынбы”?…

Мен ушинттим да, анан сөзүмдү улабай, ойго чөгүп кеттим. Бул чыгарманы мен да  окуган элем. Анда мен да дал ушул студенттердей куракта болсом керек. Күнү бүгүнкүдөй көз алдымда. Кыш болчу. Нарын шаары аппак карга чулганган. Мен областтык «Нарын правдасы» гезитинде адабий кызматкер элем. Мектепти бүткөндөн кийин окууга өтпөй калып, гезитке келгем. Бир күнү китеп дүкөнүнөн «Өмүр белестери» деген китеп сатып алдым. Өскөн Даникеевдики экен. Мурда мындай жазуучуну укпаптырмын. Сыягы, чыгармасы колума тийбесе керек. Анан ошол эле күнү «Кыздын сырын» окуй баштадым. Өтө жөнөкөй, а түгүл биз мектепте жазган сочинениелерге да окшоп кетет. Кантип бүткөнүмдү билбей калыптырмын. Бир билгеним – кызга ичимдин күйгөнүн айтпа да, Даникеевге кыжырданганымды айтпа. Шыдыр эле ушул эсиме келди.

-Болуптур, окуптурсуңар,-дедим башымды көтөрүп, -анан ичиңер күйдүбү?

-Кимге, агай?

-Кызгачы? Акырында.

-Ооба, агай. Ыйладык…

-Эмнеге?

-Ушунча үмүттөндүрүп келип… Анан алдап. Таштап кетип. Жазуучу туура эмес кылган, агай…

Ушинтип, жөндөн-жөн эле өрт чыгып кетти. Мен Даникеевге жан тартымыш болом. А студенттердин, төтөн кыздардын бирөөсүнүн да жан тарткысы жок.

-Кандайча үмүттөндүрүп, – дейм мен алаканымды жая, – алдап, таштап. Болгону жигит кызга жардам бергиси келди да. Анда эч кандай деле сезим болгон эмес да. Болгону жардам берейин деп, анан аны кыз башкача ойлоп алып…

-Кандайча сезим болгон эмес! –Баягы кичинекей студент кызым мени толук сүйлөтпөй тим эле туйлап жиберди. –Сопсонун болгон, агай. Болбосо, ошол кыз менен чогуу окушкан кыздардын баарына эле бирдей жардам бербейби. Аны бөлүп алып, ага башкача карап, анан…

Мен жеңилип калгансыдым.

-Эмне, ал кыздын жанында башка кыздар да бар беле?

-Жайнаган кыздар бар болчу, агай. Анан ошолордун ичинен кызга башкача карап, үмүттөндүрүп, анан… – Студент кызымдын үнү кардыга баштады.

Мен кайрадан ойго чөгүп кеттим. Сыртынан караганда, мектеп сочинениесин эске салган, өтө примитивдүү көрүнгөн «Кыздын сырындагы» шакардай кайнаган ички карама-каршылык мени апкаарытып турду. Ушул ички карама-каршылыкты жоюп салуу кимдин колунан келмек?! Эч кимдин. Даникеевдин да колунан келмек эмес. Жоюп салган болсо, «Кыздын сыры» «Кыздын сыры» болбой калмак, Даникеев Даникеев болбой калмак. Мен ушуну студенттерге айтышым керекпи? Жок, кереги жок, алар ушул ичи күйгөн бойдон, таза бойдон кала беришсин. Мени башка бир нерсе селт эттирип отурат. Мен таптак билемин – мен бул китепти 1971-жылы кышында окугам, а булар 2013-жылы окушуптур, арадан 42 жыл өтүптүр. Бирок ушу «Кыздын сыры» ошондогу 17 жашар менин жүрөгүмдү кандай эзсе, бүгүнкү күндөгү 18 жашар студенттеримдин жүрөгүн ошондой эле ачыштырып жатпайбы! Анда «Кыздын сырынын» сыры эмнеде? Бул – эми өзүнчө кеп.

-Силер «Кыздын сырына» эле ушунчалык болуп жатасыңар, эгер «Көкөй кестини» окуган болсоңор…

Студенттеримдир бир даары толук сүйлөтпөй, чуулдап жиберишти:

-Аны да окуганбыз, агай.

Мен чынымды айттым:

-А мен окуй элекмин.

-Окубай эле коюңуз! – деди баягы кичинекей студентим негедир өктөм.

-Эмнеге? Начарбы?

-Жок, агай. Абдан мыкты.

-Анда неге?

-Өтө оор, агай… Жаныңыз кыйналып калат…

Кызык, «Кыздын сырын» окуганда жаным кыйналган жок беле?!.

Мен студенттеримден минтип сурагым келди: «А «Кыздын сырын» окуганда силердин жаныңар кыйналган жок беле, мына азыр да жаныңар кыйналып жаткан жокпу?» Бирок сурабадым. Сурасам эле, көздөрүнөн жаш мөлт дей түшмөк, мен көз жашты көргүм келген жок.

Арман, Өскөн байке! Азимдин да, Жамалдын да ичи толо туз, арман бойдон калды. Даникеев канчалык Азимди актабасын, аппак кылып көрсөткүсү келбесин, Жамал да: «Мен аны азыр да сүйөм. Башкага караганда … миң эсе жогору сүйөм. Азыркы сүйүүм алгачкы сүйүү гана эмес, адамды – чыныгы адамды!» өзүн-өзү канчалык жооткотпосун, өзүн -өзү алдабасын, баары бир Азимдин да, Жамалдын да ичи толо туз бойдон, арман бойдон калды! Анан студенттерим Даникеевге кантип нааразы болушпайт … «Кыздын сырынын» кудурет – күчүнүн бир сыры дал ушунда жаткандыр!

Менин ушул бир күнкү сабагымдан бери жети-сегиз жыл өтүп кетиптир. Бул жылдары мен жанымды кыйнаган бир нече чыгарманы окудум окшойт. Бирок «Көкөй кестини» окууга негедир жүрөгүм даабай келет. Мунун да бир сыры барбы, Өскөн байке?

2014-2022