Алтынай Темирова: Кумурска – токой сакчысы

Кумурска – токой сакчысы

(Балдардын куурчак театры үчүн пьеса)

(Чек ара, экология, достук, жана ынтымактык, коомго пайдалуу болуу жөнүндө)

Башкы каармандар:

–Сакчы кумурска

–Чатырчан кумурска

–Аары

–Даң-дүң (мүйүздүү жалтырак коңуз)

–Ийнелик,

Эпизоддук ролдордо – Ак булут, Кара булут.

1 – көрүнүш:

Декорацияда жап-жашыл карагай токой, арасында чоң-чоң гүлдөр бар. Чек ара сакчысы болгон кумурска ырдап чыгат:

Күзөттөмүн ыр ырдайм,

Кырлар ашып эч тынбайм.

Гүлдөр менен достошом,

Чек арада таң тосом.

 

Жешилсе да чокоюм,

Токоюмду коргоймун.

Тазалайт ал абаны,

Көрктөп тоону-талааны.

 

Бардык жанга достонмун,

Жамандыктан коргоймун,

Кезип тоону-талааны,

Душмандардан коркпоймун.

Өзүнчө чыгыш жоокерлеринин көнүгүүлөрүндөй көнүгүүлөрдү жасап, отуруп-туруп, колдорун-буттарын шилтегилейт. Аңгыча тарстурс-карс эткен дабыштар чыгып учкундар атылып чачырайт.

Сакчы кумурска эки жакты колу менен серепчилеп карап, узун муруттарын кыймылдатат. Шашып капталында асынган сумкасынан мүйүз сурнайын колуна алып чыгып: “SOS!.. SOS!..” – деген белгини билдирип сурнайын тартат.

Жашыл жалбырактан тегерек кесип үстүнө чатырча кылып (зонтик) жаап алган башка бир кумурска гүлдүн сабагынан чоочуп башын чыгарып, элеңдеп, узун муруттарын тикчийтип унчугат:

–Эй бала, кулагыма кыйкырбай жоголчу!..

Мүйүз сурнай тарткан кумурска шашып аңтаңдап жооп берет:

–Дагы эмне деген атасың!

Чатырчан: – Мен багбан кумурскамын.

Сендей бекерчи менен сүйлөшкөнгө убактым жок!

Сакчы: – Ким бекерчи? Менби? Мен токой сакчысымын!

Сени менен сөз талашып отурбаймын!..

Дагы мүйүз сурнайын тартат. Чатырчан кумурска ары-бери аны айланып чуркап, буттарын тарсылдатат:

Уямдагы бакчада таттуу козу карындарым бар.

Аларды менден башка эч ким өстүрө албайт.

Сурнайың менен аларды чоочутпагын!..

Сакчы: – Хэ-хэ-хэээ! Ошончо назикпи аларың?

Мен бүтүндөй токойдун сакчысымын!..

Кана таттуу козукарындарың? Жеп көрөйүнчү?

Чатырчан: – Бербейм!.. Сендей амалкөй немеге алдатпаймын!

Сакчы: – Эй, оозуңа карап сүйлөгүн!..

Чатырчан: – Алыс тур!.. Жакындаба!.. Ме сага… мына сага…

(Экөө тирешип күч сынаша кетишет. Теңме-тең ит жыгылыш болушат.)

“Даң-дүң” деп дүңкүлдөгөн, тарс-турс-карс эткен дабыштарды чыгарып үстүнөн жаркырап учкундар атылып чачырап, жалтыраган зыянкечтердин шайдоот башчысы мүйүздүү коңуз ырдап чыгат:

Даң-дүң деген мен болом,

Талаа-түздү коңтором.

Талкалаймын таштарды,

Күч сынаш кыйын болсоң!..

 

Кыйратамын токойду

Атым Даң-дүң, оңойбу!..

Менмин чыгаан, эң балбан,

Келдим учуп талаадан!..

Даң-дүңгө таң калып карап калган экөөнү көрүп каткырат:

–Ха-ха-хаа-ааа!!!.. Ха-ха-хаа-ааа!!!..

Мына буларды карагыла!

Эмне чамбыл-ала боз топуракка оонап алгансыңар?

Сакчы: – Ишиң канча? Бар, жолуңа түш!..

Чатырчан: – Эй, бул Даң-дүң деген неме, жөн келген жок!.. Сактан!..

Даң-дүң: – Ооба, мен Даң-дүңмүн!.. Коркуп кеттиңерби? Ха-ха-хааааа!.. Азыр силерди кармап алам!.. Анан, “ап!” деп салам!..

Сакчы: – Кана, күчүңдү көрөлүчү?..

Даң-дүң аларга тап берет. Кумурскалар тик туруп ага сүр көрсөтө каршылык кылышып тээп, күрөшөт, таяктар менен чабышышат. Экөөлөп аны кууп салышат.

Даң-дүң жарк-журк деп качып баратып: – Шашпагыла, мен силердин токоюңарды эртең эле жок кылам!..

Досторумду чакырам, токоюңарды кыйратам!..

 

2 – көрүнүш:

Токой симфониясы – куштар сайрап, гүлдөр ыргалат.

Сакчы кумурска сурнайын тартат. Жашыл карагайлар кубаттап шуулдашат. Чатырчан да өз мүйүз сурнайын алып чыгып ага кошулат, экөө дуэт кылып токой музыкага жаңырат.

Аары учуп келет, көңүлдүү:

“Ызз-ззз!..”

–Ой, бу, силер эмне?

Концертке даярданып атасыңарбы?

Үнүңөр кызык экен, тимеле!

Жакшылап тартпайсыңарбы?

Же, үйрөтөйүнбү силерге?!.. Хи-хи-хии-иии!..

Быкылдап шылдыңдап күлөт. Сакчы менен Чатырчан жарыша аны кубалап жекирип кыйкырышат:

–Өөй, кайдан чыккан мобу аңкоо неме?!..

Бери келчи, сени элеби?!..

Чатырчан:

– Ызылдабай жакшылап кулак салсаң болбойбу?

Аары:

–Эми, айкырбай-жекирбей айткылачы?

Деги анчалык эмне болду?

Сакчы:

–Зыянкеч душмандар

токойдун жарымын кууратып,

жылаңачтап койду… токой жок калгыдай болду.

Аары:

–Койгулачы тамашаңарды?

Анда гүлдөр да жок болбойбу?

Балды кайдан чогултам анда мен шордуу?!..

Абайлап сүйлөсөңөр болбойбу?

Чатырчан:

–Абайлап отурганга убакыт жок,

Тезинен чара көрүү керек чогуу.

Аары:

–Андай болсо, бардыгын жардамга чакырбайсыңарбы?

Чатырчан:

–Биз да ошону айтып атабыз го,

Тезинен билишсин башка туугандар дагы.

Аары:

Мен уялаш аарыларыма

Кабарлайын бачымыраак анда.

Аары берилип ызылдап ырдай баштайт, экөө сурнайлары менен коштойт. Аары:

–Ызз-ззз-ай-ай-аай-виии-вииий,

Ыззз-ззз-хей-эй-ээй-хии-ииий,

Ызз-ззз-ой-ой-оой-ооой-ииий,

Ыззз-ззз-ха-ха-хааа-өөөххх-хиии-ииий!..

Балдар, уктуңар ээ, чынбы?..

(Залда балдар: – Ооба…)

Кайдандыр Ийнелик учуп келип бул обонго жарашпаса деле өзүнчө тегеренип, селкилдеп бийлей берет. Баары Ийнеликти аңкайып карап калышат.

Ийнелик:

– Белиссимо! Белиссимо! Бали! Бали!..

Дагы-дагы!.. Сонун музыка экен!

Мен эч токтобой бийлегим келип жатат! Эх-хх!!!.. Эхх-хаа-ааа!..

(Ийнелик селкилдеп бийлеп, анан ырдайт. Музыка)

Ийнелик:

Ийнеликмин татына, мен татына,

Гүлдөр мага курбулар эң жакшына.

Өзөн бойлоп сайрандайм күнү кечке,

Ырдайм, бийлейм, суктанат баары мага

–Белиссимо! Белиссимо!

Бали! Бали!.. – деп кол чаба.

Ийнеликмин, атым да жарашыктуу,

Кызыл-тазыл, жап-жашыл дүйнө көрктүү.

Жаралгандай мен үчүн бүтүн баары,

Ырдайм, бийлейм, суктантып көргөндөрдү.

–Белиссимо! Белиссимо!

Бали! Бали!.. – деп кол чапса.

Сакчы, Чатырчан, Аары ага карап баары каткырышат:

–Ха-ха-хаа-ааа!!!.. Ха-ха-хаа-ааа!!!..

Сакчы: – Бул ким ыя?..

Чатырчан: – Бир укмуш го кебетеси?

Аары: – Жөндөн-жөн эле бийлей береби?!..

Ийнелик алардан четке качып (сөздөрүн чоё таарынып сүйлөйт):

–Мен Ийнеликмин. Эмне болуп кетти? Кабагыңарга кар жаап…

(Таарынып ыйлап иет)

Чатырчан: – Сонун экен бийиңиз Ийнелик кыз!.. Ыйлаба.

Сакчы: – Биз да сиз менен бийлейт элек, бирок биз аябай шашып атабыз!..

(Ийнелик кыз таарынып ыйлай берет)

Сакчы: – Ийнелик! Кечирип кой? Биз тамашаладык сени.

Ийнелик: – (токтобой) Таарындым силерге. Жок!..

Чатырчан: – Кечирип койчу, таарынбачы?

Ийнелик: – (эчкирип) Жок!..

Чатырчан: – Анда тизелеп кечирим сурайынбы?

Ийнелик! Кечирип койчу?

Ийнелик: – (эркелей) Жок!..

Аары: –Биз азыр зыянкечтер менен күрөшүүгө барабыз.

Ийнелик: – Хм-ммм!.. Зыянкечтер? Алар кимдер?..

Сакчы: – Алар мындай… торсойгон желмогуздар…

Ийнелик: – Желмогуздар? Эмне үчүн андай?

Чатырчан: – Желмогуздай болгон үчүн!..

Ийнелик: (жактырбай)

–Кхм-мм!.. Ишим жок алар менен!

Гүлдөн-гүлгө коно берем, талаа-түздө учуп жүрөм,

Бул токойдо болбосо башка токой бар,

Гүлдөрүндө сайрандап ойноп-күлөм.

Чатырчан: – Зыянкечтер кайда болсо барышат,

Сакчы: – Бир токойдон, бир токойду чалышат.

Аары: – Ыз-зз!.. Алар дагы сайрандайт,

Талкалашып, талап-тоноп майрамдайт!..

Ийнелик: – Мен эч кимге зыян кылбайм,

Өзүмчө учуп коном!..

Коштоп сонун гүлдөрдү,

Көркүнө көркүмдү кошом…

Сакчы: – Зыянкечтер токойду бүт жеп кирсе,

Куурап калат байкуш токой.

Чатырчан: – Жашыл токой, гүлдүү жер

какыраган такыр чөлгө айланып калат!..

Аары: – Ызз-зз!.. Гүлдөр өспөй, жан-жаныбар жоголот…

Ийнелик ыйлап кирет.

Ийнелик: – Чын элеби?

Алар баарын тонойбу?!.. Бербейм!.. Бербейм аларга!.. Өхүүү-үхүүү-үхүүү!..

(Жөнөшөт.)

Кумурскалар сурнайын тартып, Аары ызылдап-ышкырып, Ийнелик барабан чалып, чакырыктарын улантышат.

Сакчы: – Ынтымакпыз абыдан, тартип күчтүү баарынан!..

Чатырчан: – Табийхаттын мыйзамын бек тутабыз абыдан!..

 

3 – көрүнүш:

(Дүңкүлдөп-дүмүрөңдөп “Даң-дүң” деп дүңкүлдөгөн, тарстурс-карс эткен дабыштарды чыгарып үстүнөн жаркырап учкундар атылып чачырап, жалтыраган Даң-дүң келип жап-жашыл токойду, гүлдөгөн бакчаларды тебелеп-тепсеп кыйратып, талкалай баштайт.)

Даң-дүң: – Ха-ха-хаа-ааа!!!.. Ха-ха-хаа-ааа!!!..

Тиги бечара кумурскалар – токойдун сакчылары имиш,

Мен силерди оп-оңой жоготом!

–Ха-ха-хаа-ааа!!!.. Ха-ха-хаа-ааа!!!..

Багбандарын байлайбыз, дыйкандарын айдайбыз.

Баарыңды жок кылабыз, каласыңар уясыз!.. Хаха-ха-хаа-ааа!..

Токоюңду тоздурам, бакчаңарды жок кылам!..

Кумурскалар чуркап келип, Даң-дүңгө каршылык көрсөтүп, бетмебет келишип согуша башташат.

Сакчы: – Биз жоокербиз, жоокербиз!

Чатырчан: – Кол салбагын адепсиз!..

Даң-дүң: – Токоюңду унуткун!.. Андан көрө утулгун!..

Кана, бери чыкчы кыйындарың!..

Азыр силер менен жеке күч сынашып күрөшөм!..

Эки кумурска эки тарапта турушат. Даң-дүң экөөнү мүйүзү менен челип салгысы келип тике жүгүрөт. Кумурскалар буйтап, андан таяк менен коргонушат, чабышат, өйдө-ылдый секиришет, күрөшүшөт.

Чатырчан: – Көргүлүктү көрөсүң,

Баарын төлөп бересиң!..

Даң-дүң: – Бакчаңды да унуткун, жеңем азыр уккунуң!..

Күрөш уланат.

Аары, ызылдап ары-бери тигилерди тегеренип учуп жүрөт да бир убакта келип Даң-дүңдү чагып алат.

Даң-дүң: – Ааа!.. Ууу-уу!.. Чагып алды, чагып алды-ыы!..

Ийнелик: – Ырас болду! Ырас болду!.. (бийлеп, кубана секирет)

Айкырган Даң-дүң чарт-чурт этип жаркырап тиги экөөнүн ортосунан качырган бойдон ары чуркап дөңдөн ашып кулаган бойдон томолонуп кетет. Тигилер артынан чуркап келип карап каткырышат.

– ачты!!!.. Качты!!!.. Ха-ха-хаа-ааа!!!.. Ха-ха-хаа-ааа!!!..

 

4 – көрүнүш:

Сакчы: – Ох, карачы баарын майкандап кеткенин!..

Чатырчан: – Менин бакчам да боз топурак болуп калыптыр!..

Сакчы: – Эчтеке эмес, азыр суу чачып койсок, баары калыбына келет.

Чатырчан: – Жок. Суу ташыган аздык кылат.

Азыр буларга жамгыр керек.

Тээ-тиги кичикий ак булутту чакырбайлыбы?

Балким ал бизге жакшы жардам берет?

Сакчы менен Чатырчан жарышып кыйкырат:

–Ак Булу-уут!.. Ак Булу-уут!.. Эгээ-гээээй, Ак Булу-ууутт!..

Бизге бир аз жамгыр төгүп берчи!

Четте, бийик тоо чокусундагы уясынан башын көтөрүп, уйкусурап керилип-чоюлган Ак Булут асмандан жылып келип аларды кызыгып, таң калып, көздөрүн ачып-жумуп карайт.

Ак булут: – А, силер кимсиңер?

Сакчы менен Чатырчан: – Биз – кумурскаларбыз…

Ак булут: – Мен өткүн жаадырбайм…

Силер өтө кичинекей экенсиңер,

сел жүрсө чөгүп кетесиңер.

Сакчы менен Чатырчан: – Антип ойлобо,

биз мобу гүлдөрдүн сабактарына чыгып

жашынып алабыз, бизге суу да тийбейт.

Ак булут: – Макул анда жашынгыла!..

(Өткүн шатырап жаайт. Гүлдөр ачылып, бакчада козу карындар тирилет. Күн желеси да пайда болот.)

Сакчы менен Чатырчан: – Ракмат, Ак булут!..

Кайрадан чарт-чурт этип кайдандыр аларды аңдып келип пайда болгон Даң-дүң, шылдыңдай баштайт.

Даң-дуң: –Ха-ха-хаа-аа!.. Мобу байкуштарды кара?!..

Сакчы: – Биз сага эч тийишпегенбиз!

Эмне өчүң бар сенин бизде?

Токойдо түрдүү жан-жаныбар жашайт-ко?

Чатырчан: – Кыянаттык кылсаң аларга,

Билесиң да түшөрүңдү торго?!..

Даң-дуң: – Билсем эмне экен?

Менин табиятым ушундай…

Сакчы: – Табият сени туура эмес жаратканбы?!

Даң-дуң: – Аны билбейм.

Чатырчан: – Терс жоруктарыңды оңдосоң болбойбу?!..

Даң-дуң: – Менин башкага шыгым жок.

Билген ишим ошол эле!..

Сакчы: – Андай болсо өзүңдөн көр,

Катуу жаза колдонобуз зыянкечтерге!..

Аары учуп келип катуу ызылдайт:

–Ызз-ззз!.. Ызз-ззз!.. Күйүк жыттанып атабы?!..

Даң-дуң: – Мен от койдум ал жакка жаңы эле!..

Кыйын болсоңор өчүрүп алгыла эми!

Аары: – Иии, ийнемди сага туштайын,

сендей акылсызды уум менен туздайын!..

Ыззз-ыыззз-ыззз-ыззз-ззз!..

Даң-дуң (дулдуңдап качат, аары ызылдап кубалап барып чагат): –

Аай-ааай!.. Аай-ааай!.. Охии-иий!..

Ийнелик (аны канаты менен чапкылай): – Мына сага!.. Мына сага!..

Чала болот!.. Браво!.. Браво!.. Кармагыла!.. Кармагыла!.. Качты-ыы!..

 

5 – көрүнүш:

Өрт алоолоп күйүп, күчөй берет. Кумурскалар, аарылар, ийнелик – баары кичинекей идиштери менен суу ташып чача беришет. Акыры чарчашат.

Сакчы: – Биздин алыбыз жетпейт көрүнөт. Кайрадан Ак Булутту жардамга чакыралы.

Чатырчан: – Болуптур. Кана, балдар, баарылап чакыралыбы?..

Баары: – Ак Булу-уут!.. Ак Булу-уут!.. Жардамга-аа! Жамгырың менен жардам бер?..

Ак Булут сүзүп келет.

Ак булут: – Мен азыр кичинекеймин да?.. Өрттү өчүргөнгө күчүм жетпейт, жаай албайм…

Сакчы: – А, сен кантип чоңоёсуң?

Ак булут: – Мага Кара Булут жардамга келгенде. Биз көп болсок, ошондо нөшөрлөгөн жамгыр болот.

Чатырчан: – Андай болсо, Кара Булутту чакыр тезирээк,

Өрттү тезирээк өчүрүү керек.

Ак булут: – Силер мага алгач Шамал досумду чакырып бергиле.

Ал мага Кара Булутту айдап келет.

Сакчы: – Балдар! Силер биз менен чогуу; – Ууу-гуу-ууу-уууу! – деп, Шамалды чакырышкыла ээ?!.. Ал бизге келип бул жакка жамгыр себелеп бериши керек!.. Кана, кеттик! – Ууу-гуу-ууу-уууу!..

Балдар (залдан): – Ууу-гуу-ууу-уууу!..

Шамал шуулдап-дуулдап канаттарын жайып ары-бери учат.

Күн күркүрөп Кара Булут айланып-тегерене күркүрөйт. Ийнелик, Аары, кумурскалар асманды карап, ага кол чабышат!..

–Бали!.. Бали!.. Кара Булут тез, ылдамда!..

Күн күркүрөп, жамгыр жаайт! Өрт өчөт. Эр жүрөктүүлүк менен күрөшкөн кумурскалар, аары, ийнелик жеңишке жетишишет. Чар тарап жашыл түс кийинишет. Асан-Үсөн күн желеси пайда болот.

Сакчы менен Чатырчан: – Силерге алкыш, булуттар! Ракмат!..

Кол булгап коштошушат. Кайдандыр үн чыгат:

–Жардамга-аа!.. Жардамга-ааа!!!..

Сакчы: – Жардамга дейби?

Чатырчан: – Ким болду экен?

Чуркап чыгып, таштандыга оролуп-чулганган, карала-торала бирдемени таап алып келишет. Аны чырмалган нерселеринен ажыратып, тазалап, бошотушат.

Сакчы: – Даң-дүң го?!.. Эй, Даң-дүң! Эмне болду?

Чатырчан: – Өзүң жасаган иш – өз башыңа муш болдубу?!..

(баары күлүшөт)

Даң-дүң (көңүлсүз): – Ракмат, мени куткарганыңарга!..

Сакчы: – Эмне мурдагыдай жаркырабай калгансың?

Кап-кара болуп кетипсиң!..

Чатырчан: – Суук көрүнүп калыпсың… Жанарың өчүп калдыбы?

Сакчы: – Сен жамандык жасабай, жаркырап турганыңда жакшы көрүнчүсүң!..

Сакчы (Даң-дуңгө): – Кана, өзүң койгон оттун калган чогун да биротоло өзүң өчүргүн!..

Мобу өрт өчүргүчтү тагынып ишке киришкин!..

Даң-дуң: – Аай-ааай!.. Аай-ааай!.. Охии-иий!.. Ооруп атат!..

Сакчы: – Бизге сезилбей эле турат!..

Кана, жакшылап чачкының, мобу оттун чогун калтырбай өчүрүп салгының!.. (Кетет.)

Сакчы: – Эгер отту өчүрсө – Өрт өчүргүч атайлы!..

Аары: – Ооба, ошондо балким оңолот!.. Атын буруп таштайлы!

(Даң-Дүң шылкыйып келет)

Чатырчан: –Даң-дүң деген атыңды бүгүнтөн баштап Өрт өчүргүч атка көчүргүн!..

Даң-дуң: – Өрт өчүргүү-үүч?!.. Выый-выый-выыыввв, мага жакпайт!..

Сакчы: – Жактырасың, ал – жакшы ат!..

Мындан ары, өрт аттууну дайым сен өчүрөсүң,

ушул атка биротоло көчөсүң!

Баары: – Ооба, бул ат ага ылайык!.. Кана, кана!..

Сакчы: – Ушул ат болот – Жаза айып!..

Даң-дуң: – Болуптур, анда!.. Жеңилбеймин дегем эч качан!

Эми кайда качам!.. Каякка качсам?!.. (беркилер астын тосушат)

Чатырчан: – Ушул атты сатпайсың, айыбыңды актайсың!..

Өрт өчүргүч (Даң-дуң айласыз): – Макул. Кечиргиле, мени достор!..

Жаңы, жакшы ат койгонуңарга ракмат!..

Баары: – Оо, чын элеби? Өрт өчүргүч атадык, туураа-аа, туураа-а!..

Сакчы: – Эээй, карагыла! Даң-дуң кайра жаркырай баштады!..

Чатырчан: – Биздин Өрт өчүргүч тазарды!..

Баары чогуу: – Ураа-аа! Ураа-аа!.. Ураа-ааа!..

Куттуктайбыз! Куттуктайбыз!..

Мындан ары, Өрт өчүргүч деп атайбыз!..

Сакчы менен Чатырчан сурнайларын жеңиштүү тартышат.

Өрт өчүргүч (Даң-дуң кубана): – Кечиргиле, мени достор!.. Жаңы, жакшы ат койгонуңарга чоң ракмат!.. Атыма жараша мен да өзгөрдүм!..

Даң-дүң эмес, башкамын,

Өрт өчүргүч аттамын!..

Аары менен дос болом,

Эми мени чакпагын?!..

 

Табиятты сүйөмүн,

Коргоп, сактап жүрөмүн.

Дос болом балдар менен!

Жакшы жанмын мен өзүм.

 

Өрт өчүргүч – жаңы атым,

Жаркырады канатым.

Жаратылыш сонун да,

Көңүлүм шат, ырдаймын.

 

Сакчы: – Эң сонун!.. Кандай жакшы, түшүнүктүү болсо досторуң!..

Ийнелик (учуп келе):

–Кандай сонун!..

Баарыңарды жакшы көрөмүн!..

Баары кол кармашып чогуу хор менен ырдашат:

–Эмгектенип жарыша,

Табиятты сыйлайлы,

Сактап, коргоп, дайыма

Кам көрөлү, ырдайлы!..

 

Жашыл дүйнө жаныбыз,

Эң бир көркөм, табылгыс,

Кандай сулуу табият,

Сонун болот жайы, кыш!..

 

Жаратылыш жакшына,

Жетүү керек баркына,

Унутпайлы, кел достор,

Достук эң бир жакшы да!..

Сакчы сурнай тартып, Чатырчан клавиша басып, Аары ызылдап барабан уруп, Ийнелик скрипка тартып, Өрт өчүргүч (Даң-дуң) трубач болуп, назик, шаңдуу музыка ойнолуп, асманда булуттар жайкалып бийлейт.

Аягы

2022 – жыл. Бишкек ш.