Балдар үчүн китептерди иштеп чыгууга салым кошкондор сыйланды

Балдар үчүн 1300дөн ашуун китептерди иштеп чыгууга салым кошкон жергиликтүү авторлор жана иллюстраторлор сыйланышты Кечээ, 27-апрелде 60тан ашуун жергиликтүү авторлор жана балдар үчүн 1300дөн ашуун балдар китептерин иштеп чыгууга кошкон салымы үчүн 30 иллюстратор Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен ыраазычылык каттарды алышты. Бул китептер АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) каржылаган “Окуу керемет!” долбоорунун алкагында адаптацияланып жаңыдан иштелип чыкты. Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган бул иш-чарада Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрилинин өкүлү толугу менен…..

Аскар Медетов: Мезгил канатындагы поэзия

Мезгил канатындагы поэзия Кыргыз адабиятында чоң таланттар учурунда бааланбайт. Нукура поэзиянын бийик үлгүлөрүн жараткан А.Осмонов, О.Султанов, Т.Мукановдордун чыгармачылык тагдыры мунун айкын далили. Поэзиянын бул үч залкарынын көркөм дүйнөсү, поэтикалык казынасы толугу менен изилдене элек, чети оюлган жок. Белгилүү акын Өмүрбек Тиллебаевдин чыгармачылыгы да ушундай тагдырга туш болду. Анын курбалдаш калемдештери эл акыны, эмгек сиңирген ишмер наамдарын алышты, томдуктарын чыгарып жатышат, сыйлыктарга ээ болушту. Бирок Өмүрбек андай сый-урматка бөлөнгөн жок. Анткени кыргыз коомунда наамды да, сыйлыкты да чуркаган алат, татыктуулардын эмгегин калыс баалап, “татыктуу” деп наам, сыйлык ыйгаруу чанда бир көрүнүш, толугу менен…..

Балдар жазуучусу Жылдыз Акаеванын “Асан менен Үсөн” аттуу китебинин бет ачары өттү

К.Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасында балдар жазуучусу, Тоголок Молдо сыйлыгынын лауреаты  Бек Жылдыздын (Жылдыз Акаева) “Асан менен Үсөн” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Иш чарага КР Эл акыны Н.Жаркынбаев, балдар жазуучулары Ы.Кадыров, Б.Абдухамидова жана мектеп окуучулары катышты. Мектеп окуучуларына “Асан менен Үсөн” китебинен үзүндү окулуп, китеп тууралуу балдар өз түшүнүктөрүн айтып беришти. “Асан менен Үсөн” китебинин бет ачарын КР Улуттук жазуучулар союзу, К.Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасы, Азия маданият өнүктүрүү борбору (Корея) уюштурду.

К.Кадыракуновдун “Закым” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү

Бүгүн А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында акын, котормочу КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Керимбек Кадыракуновдун “Закым” китебинин бет ачары болуп өттү. КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков алып баруучулук кылган кечеге КР Эл жазуучулары М.Абакиров, А.Жакшылыков, КР Эл акындары К.Култегин, М.Мамазаирова, Н.Жаркынбаев, О.Ибраимов, К.Коңкобаев, Л.Үкүбаева, Б.Асаналиев, М.Төлөмүшев ж.б. акын-жазуучулар катышты. Иш чарада адабиятчы, академик О.Ибраимов, филология илимдеринин доктору А.Эгембердиева, адабиятчы Б.Таштаналиевдер К.Кадыракуновдун чыгармачылыгы боюнча баяндама жасап, акын-жазуучулар “Закым” китеби боюнча пикирлерин айтышты. Студенттер тарабынан автордун ырлары көркөм окулуп, обондуу ырлары ырдалды.

Жазуучу Бейшенбай Усубалиевдин “Зоока” китебинин бет ачары өттү

Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде жазуучу Бейшенбай Усубалиевдин “Зоока” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Китептин бет ачарына акын-жазуучулар, адабиятчылар, мамлекеттик жана саясий ишмерлер, маданият өкүлдөрү, ишкерлер катышты. Усубалиев Бейшенбай Нарын районунун Оттук айылында 1954-жылдын 9-декабрында туулган. 1971-жылы Оттук орто мектебин бүтүрүп, 1971-1972-жж. Нарын облустук «Нарын правдасы» гезитинде адабий кызматкер болуп иштеген. 1977-жылы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган. 1972-1979-жж. ушул эле университеттин кыргыз тил илими кафедрасында улук лаборант, саатчы-окутуучу болуп эмгектенген. 1980-1982-жж. Кыргыз улуттук университетинин аспирантурасында окуп, 1983-жылы кандидаттык диссертациясын коргогон. 1983-1989-жж. «Мектеп» басмасында редактор, улук редактор, 1989-1990-жж. Кыргыз толугу менен…..

Өмүрбек Тиллебаевдин “Мезгил канатындагы поэзия” аттуу адабий-поэтикалык кечеси өттү

Бүгүн Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде акын Өмүрбек Тиллебаевдин “Мезгил канатындагы поэзия” аттуу адабий-поэтикалык кечеси, “Бата жана каргыш” китебинин бет ачары болуп өттү. Иш чарага КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы С.Раев, С.Кайыпов, М.Мамазаирова, А.Медетов, С.Алахан, А.Алымбаев, Ж.Саалаев, окуу жайдын студенттери катышты. Адабий-поэтикалык кечени акын Атахан Кожогулов алып барды. Ж.Мамытов, К.Сабыров атындагы адабий сыйлыктардын лауреаты Ө.Тиллебаевдин адабий кечесине катышкан меймандар автордун чыгармачылыгы тууралуу кенен сөз кылып, ырлары окулду. ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы С.Раев акынга Абай сыйлыгын ыйгарды.

Эрлан Жумагазиев: «Улуу мурас» – улуттук өзөк менен замандын талабын айкалыштырган китеп

«Улуу мурас» – улуттук өзөк менен замандын талабын айкалыштырган китеп Элдик оозеки чыгармачылыкты изилдөө, жыйноо, топтоо, басмадан чыгаруу бүгүн эле баштала калган жери жок. Айталы, XIX кылымда «Манас» эпосун эң алгач кагазга түшүргөн казак Чокан Валихановду, ошол эле кылымда кыргыздын элдик чыгармаларын топтоого эмгек сиңирген немис Василий (туулганда коюлган аты Фридрих) Радловду, XX кылымдын башында кыргыз жеринде элдик чыгармаларды жазып алуучулар ийримин түптөгөн башкыр Каюм Мифтаковду, Сагынбайдын артынан сая түшүп жүрүп, сан-миң саптуу «Манасын» кагазга түшүрүп алган Ыбырайым Абдрахмановду, XX кылымдын башында кыргыз жерине келип, азыр аты аңызга айланган андагы эчен толугу менен…..

Ризван Исмаилова: Көкүрөктү бошоткуң келсе, көрүстөнгө бар…

Көкүрөктү бошоткуң келсе, көрүстөнгө бар…  (Б.Усубалиевдин “Чымчыктар сайрап жатат…” деген аңгемесин окугандан кийинки ойлор) Экинчи макала Түркиялык атактуу жазуучу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Орхан Памук: “Быть писателем-это значит заставить сказать читателя:” “Я тоже хотел сказать это, но не мог бы выразит так просто” деп айткандай, ачуу чындыкты айткан жеңил эмес. Аны ыгы менен айтканды билген, жеткире алган да чеберчилик. Айтмакчы, О.Памукту Ата-мекениндегилер жактыра беришпейт, жаман көрүшөт, анткени анын чыгармаларында акыйкатты көзгө сайып көрсөткөн, чыркыраган чындыкка тике караганга аргасыз моюн сундурган даремет күчтүү. Чебер сүрөткер Бейшенбай Усубалиевдин “Зоока” деген чыгармалар жыйнагында өзгөчө бир таасирдеги, толугу менен…..

“Ыр өмүр” аттуу поэзия-муза кечеси өтөт

Урматтуу ыр ышкыбоздору, сиздер үчүн жагымдуу жарыя! КР Улуттук жазуучулар союзу, КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы, “Жигер” чыгармачыл жаштар борбору жана “Сонун го” китеп дүкөнү 14-май күнү саат 18:30да Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында “Ыр-өмүр” аттуу поэзия-муза кечесин өткөрөт. Кечеде КР Эл акындары С.Акматбекова, К.Бакиров, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер Ж.Исабаева, Р.Исаков, КР Өкмөтүнүн Ч.Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын дипломанты, А.Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты А.Исмаилов, Н.Өмүрбаева, Б.Келдибаев, КР Өкмөтүнүн Ч.Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын лауреаты М.Жангазиев, М.Жумадилова, С.Турдубек уулу, Б.Сарногоев атындагы адабий сыйлыктын лауреаты Б.Нурлан кызы жана А.Кудайберди кызы толугу менен…..

Айтыңыздар маарек болсун!

Урматтуу мусулмандар, Урматтуу калемдештер, Мусулмандардын ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктайбыз! Рамазан айында, орозо айтта адам баласы бири-бирин кечирип, жакшы тилек менен бири экинчисинин үйүнө конокко барып, жакшы каалоолорун айтып, “айт маарек болсун” деп, айттап келишкен. Элибиздин эзелтен келе жаткан бул салты ар дайым биримдикте, ынтымакта болууга үндөп келет. Мындай улуу күндө элибизге тынччылык, берекеси төгүлгөн бейпилчилик, ынтымак каалайбыз. Ылайым элибиз, жерибиз ар кандай кырсыктардан, апааттардан алыс болсун. Айтыңыздар маарек болсун! КРУЖС Башкармалыгы