Ризван Исмаилова: “Зоокага” адабий экскурс же “уялгандан деле адам өлбөйт окшойт”

Китепке пикир “Зоокага” адабий экскурс же “уялгандан деле адам өлбөйт окшойт” Биринчи макала Кыргыз адабиятында өткөн, мурунку жана азыркы муундун акын- жазуучуларынын жеке стилин кененирээк, тереңирээк талдоо маселеси эмнегедир аксап келет. Адабияттын алпы Ч.Айтматовду ар тараптуу изилденип жатат деген тыянакка таянганыбыз менен кара сөздүн чеберлери: Т.Сыдыкбеков, А.Жакыпбеков, Т.Касымбеков, М.Гапаров жана башка бир топ жазуу стили, жазуу манерасы башкалардан асман менен жердей айырмаланып турган калемгерлердин индивидуалдуу стилин казып, керек болсо ар бир сөзүн талдап, таасири менен сиңимдүүлүгүн таразалап, көркөм өнөр ээлеринин жекелик өзгөчөлүгү менен бөтөнчөлүгүн кашкайта ачып берүү кечеңдеп жаткандай сезилет. толугу менен…..

Акбар Рыскулов: Чыгармамды жазам деп бир ай гана, чыны, бүтпөй жүрөмүн жыл айлана.

Кыргызстан картасы Карап көрчү Кыргызстан картасын!.. Калкыбызга канча сыймык артасың: өрөөн, жайлоо, төрдү көр, көлдөр, суулар, мөңгүлөр көрккө бөлөйт Ала-Тоонун аркасын!   Карап көрчү Кыргызстан картасын!.. Капаны да, жапаны да тартасың: чек араны чечейтип, кең араны кекейтип, кескендерди кайсы Кудай алкасын?!   Кайра кара Кыргызстан картасын!.. колго кармап кайчы, кылыч, балтасын, Этек-жеңди өөнөгөн, Эшик-төрдү жөөлөгөн кас душмандан казыр дагы жалкасың!   Карап көрсөң Кыргызстан картасын, Көз алдыңа Кумай кушту тартасың: бир канаты кетилип, бир канаты жетилип, бийик зоого сүйөп турат аркасын!   Кумай кушту – “феникс” дейт гректер, Кудай жазса, толугу менен…..

Сагын Акматбекова: Келет ырлар, бири озунуп, биринен… Ыр даарыган келет менин күндөрүм.

29 …Көчө бойлоп өттү бирөө. Дабирөө Өттү чуркап. Токтоп турган автобус Жаан алдында тура берди кыймылсыз. …А биз кечки чайга олтуруп жатканбыз.   Жамгыр менен жалбырактар туш-туштан Жаай берди, жаай берди, бир кышка Эшик ачып, жаан артынан кар түштү Калың түштү.   Турду автобус турган бойдон козголбой. Бирин-серин өттү жандап бирөөлөр. … А биз таңкы чайга олтуруп жатканбыз.   Унутулган автобустай… айнектей Теңи сынык, тентип кирген, шамал, кар Баары башка, баары бөлөк… Мен сага Айтчу сөздүн жылуу учугун таба албайм.   30 Тамак ичпей жатып алды. Сай жактан суу ташкындап, толугу менен…..

“Эгиз элдин эки акыны” аттуу эл аралык поэзия кечеси өттү

Бүгүн Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын концерттик студиясында “Эгиз элдин эки акыны” аттуу эл аралык поэзия муза кечеси болуп өттү. КР Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Акбар Рыкулов менен Казакстандын эмгек сиңирген кайраткери, Казакстан Республикасынын Абай атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси Улыкбек Есдаулетовдун достугуна арналып уюштурулган кечеге КР Мамлекеттик катчысы С.Касманбетов, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары К.Иманалиев, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков баштаган акын-жазуучулар, поэзия күйөрмандары катышты. КР Улуттук жазуучулар союзу, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму, Казакстан жазуучулар бирлиги, Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жана жаңы түзүлгөн толугу менен…..

Данияр Исанов: Менин бир эле диним бар. Ал менин – абийирим!

Сага (Эссе) Турмушта сагыныч болбосо, анда адамдар бири-биринин баркын билбей калышмак. Көпчүлүк адамдар: «сагынычтан өткөн азап барбы, адамды санаага салып саргайтып жиберет» – дешет. А мен тескерисинче, сагынычтан жашарам. Жаша түбөлүк сагыныч! * * * «Күтүүдөн өткөн азап барбы?» – дешет айрымдар. Жакын адамыңды сабыркап, санаага малына күткөндүн өзү канчалык рахат экенин айрымдары баамдабай калышат окшобойбу. Күтүү да, сагыныч сыяктуу жакыныңдын караанын алда канча аруу көрсөтө турган көрүнүш экенин эске түйө жүргөн дурус… * * * «Кудай кайда, барбы?» – деп бир канча ирет жаным кейигенде жаратканга акаарат айтып алган толугу менен…..

КР Эл баатыры Т.Сыдыкбековдун 15 томдук китеби жарык көрдү

Бүгүн, 12-апрелде Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармаларынын 15 томдук жыйнактар китебинин бет ачары өттү. Иш-чарага Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, Кыргыз Республикасынын Баатырлары Медеткан Шеримкулов, Алиясбек Алымкулов, академик Абдылдажан Акматалиев, Роза Айтматова, Сыртбай Мусаев, Кулубек Бөкөнбаев, Кыргыз Республикасынын эл акындары Надырбек Алымбеков, Анатай Өмүрканов, Кыялбек Урмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаттары ж.б. бир катар коомдук ишмерлер, илим жана маданият чөйрөсүндөгү көрүнүктүү инсандар катышты. Иш-чарага министрдин биринчи толугу менен…..

Махабат Алымбекова: Таш ташыган карыя

Таш ташыган карыя Кээ күндөрү комуздун муңайым дирилдеген үзүл-кесил добушу таң менен кошо теребелди термете баштайт, бул чөлкөмдөгүлөр ушуга көнүп деле калышкан, таң эрте мал-жанын жайытка айдаган чоң-кичине айыл этегинде жайгашкан, төбөсү жалпак, чакан тамдын жанынан кыйгай өтүп баратып комуздун күүсүн угуп өтүшөт. Мында жалгыз баш карыя күн кечирет. Бир күндө канча ирет кирип-чыгып күймөнөт ким билсин, бирок жалгыз жандын деле жашоо түйшүгү арбын кыязы, азын – оолак кой эчкисин эрмектеген болуп, караан туткан болуп, ошолорду үйүнүн жанындагы эле жайытка чыгаруу, кайра кечинде айдап келип короого киргизүү анын бул тирүүчүлүктө толугу менен…..

Болотбек Таштаналиев: Жагымсыз обондор, жугумсуз тексттер

Жагымсыз обондор, жугумсуз тексттер Обон кулактан кирип, бойду алыш үчүн ырдын тексти: ыргактары, уйкаштыктары жана мазмуну кыш кынагандай көзгө болумдуу, логикалык жактан айныксыз, обон да ошого ажайып, кулакка толумдуу болушу керек. Обон менен текст бирин бири толуктап турганда, ал өлбөс-өчпөс болуп калышы ыктымал. Эгер бири эле элдир-селдир болсо, анда ал бир жолу колдонулуп, ыргытылган буюмга айланат. Эсил кайран Бөкөнбай Боркеев обондуу ырлардын тексттеринин ашмалтайлыгы: эсте кала турган ырыстуу ыр саптарынын жоктугу, алешемдиги тууралуу маселени кабыргасынан коюп, кыргыз обончуларынын арасынан саналуулары, же тагыраагы таланттуулары гана ырдын текстине маани беришерин, а орто толугу менен…..

Кыргыз Азербайжан адабий кызматташтыгы уланат

Үстүбүздөгү жылдын 4-6-апрель күндөрү Азербайжан Республикасынын борбору Баку шаарында мамлекеттик жана саясий ишмер, Азербайжандын экс президенти Гейдар Алиевдин 100 жылдыгы, жазуучу, филология илимдеринин доктору Мир Жалал Пашаевдин 115 жылдыгы жана кыргыз акын-жазуучулары менен тыгыз кызматташып келе жаткан акын, жазуучу, публицист Акбар Кошалынын 50 жылдыгына арналган иш чара болуп өттү. Эл аралык деңгээлде өткөн бул мааракелик иш-чараларга түрк тилдүү мамлекеттердин өкүлдөрү менен бирге КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков катышып келди. Салтанаттуу иш чаралардын алкагында төрага Н.Калыбеков Азербайжан Республикасынын Парламентинин маданият комитетинин төрайымы, депутат, ф.и.д., жазуучу Ганира Пашаева менен жолугуп, адабий толугу менен…..

Акбар Рыскулов менен Улыкбек Есдаулетовдун достук кечеси өтөт

Жакшы кабар, жагымдуу жарыя 14-апрель күнү саат 10.00дө Улуттук каналдын концерттик студиясында Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Акбар Рыскулов менен Казакстандын эмгек сиңирген кайраткери, Казакстан Республикасынын Абай атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси Улыкбек Есдаулетовдун достугуна арналган “Эгиз элдин эки акыны” аттуу эл аралык адабий-музыкалуу кече өтөт. Салтанатты Кыргызстан менен Казакстандын атак-даңктуу ырчы-чоорчулары, калемгерлери коштойт. Сиздерди Акбар Рыскулов менен Улыкбек Есдаулетовдун достук кечесинен күтөбүз. Кирүү акысыз.