Жазуучу Бейшенбай Усубалиевдин “Зоока” китебинин бет ачары өттү

Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде жазуучу Бейшенбай Усубалиевдин “Зоока” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Китептин бет ачарына акын-жазуучулар, адабиятчылар, мамлекеттик жана саясий ишмерлер, маданият өкүлдөрү, ишкерлер катышты.

Усубалиев Бейшенбай Нарын районунун Оттук айылында 1954-жылдын 9-декабрында туулган. 1971-жылы Оттук орто мектебин бүтүрүп, 1971-1972-жж. Нарын облустук «Нарын правдасы» гезитинде адабий кызматкер болуп иштеген.

1977-жылы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган. 1972-1979-жж. ушул эле университеттин кыргыз тил илими кафедрасында улук лаборант, саатчы-окутуучу болуп эмгектенген. 1980-1982-жж. Кыргыз улуттук университетинин аспирантурасында окуп, 1983-жылы кандидаттык диссертациясын коргогон.

1983-1989-жж. «Мектеп» басмасында редактор, улук редактор, 1989-1990-жж. Кыргыз улуттук университетинин кыргыз тил илими кафедрасында улук окутуучу, 1990-1991-жж. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын тил илими институтунда улук илимий кызматкер болуп иштеген. 1991-жылы Улуттук илимдер академиясынын докторантурасына өтүп, 1994-жылы докторлук диссертациясын жактап, 1994-1999-жж. Улуттук илимдер академиясынын тил илими институтунда башкы илимий кызматкер, 1999-2001-жж. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде профессор, 2001-2002-жж. М.Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин гуманитардык билимдер факультетинин деканы, 2003-2009-жж. аталган университеттин журналистика бөлүмүнүн башчысы, профессору, араб тили кафедрасында профессор болуп эмгектенип келет.

Чыгармачылыгы мектепте окуп жүргөндө башталып, алар республикалык жана райондук гезиттерге чыгып турган. 1972-жылы Нарын облустук «Нарын правдасы» гезитинде «Чал жана дарак» аттуу алгачкы аңгемеси жарыяланган. Ошондон баштап чыгармачылык менен алектенип келет.

«Түтүн» аттуу жыйнагы Кыргызстан Жазуучулар союзунун жылдын мыкты китеби, «Кызык», «Шишек» аттуу аңгемелери «Кыргызстан маданияты» гезитинин жылдын мыкты аңгемеси сыйлыгына татыган. 50гө чукул повесть, аңгеме, көркөм очерк, публицистикалардын автору. Илим жаатында жүздөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде үч илимий монографиянын, бир окуу китебинин автору, филология илимдеринин доктору, профессор, Эл аралык Айтматов академиясынын академиги.

1989-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.