Эрлан Жумагазиев: «Улуу мурас» – улуттук өзөк менен замандын талабын айкалыштырган китеп

«Улуу мурас» – улуттук өзөк менен замандын талабын айкалыштырган китеп

Элдик оозеки чыгармачылыкты изилдөө, жыйноо, топтоо, басмадан чыгаруу бүгүн эле баштала калган жери жок. Айталы, XIX кылымда «Манас» эпосун эң алгач кагазга түшүргөн казак Чокан Валихановду, ошол эле кылымда кыргыздын элдик чыгармаларын топтоого эмгек сиңирген немис Василий (туулганда коюлган аты Фридрих) Радловду, XX кылымдын башында кыргыз жеринде элдик чыгармаларды жазып алуучулар ийримин түптөгөн башкыр Каюм Мифтаковду, Сагынбайдын артынан сая түшүп жүрүп, сан-миң саптуу «Манасын» кагазга түшүрүп алган Ыбырайым Абдрахмановду, XX кылымдын башында кыргыз жерине келип, азыр аты аңызга айланган андагы эчен залкардын күүлөрүн нотага, ырларын үн жазмага түшүрүп алган орус Александр Затаевичти, көөнө сөздөрдү, накыл кептерди «көмүлө» турган болгондо алып чыгып, калкка тартуулаган, аны менен катар «Олжобай менен Кишимжан» баштаган дастандарды кагазга түшүргөн Кусейин Карасаевди, Ысак Шайбековдун ырларынын жазылып калышына ат көтөргүс салым кошкон, «Курманбек» эпосун эң алгач кагазга түшүргөн Аалы Токомбаевди, Токтогулдун ырларын топтоп, бизге мурас калтырган Жоомарт Бөкөнбаевди, «Эр Төштүк» эпосун эң биринчи кагазга түшүргөн Жума Жамгырчиевди, Барпынын баа жеткис чыгармаларын көшөрө отуруп көчүрүп алган Түмөнбай Байзаковду, «Манас» эпосун даңазалап жүрүп, Молдо Кылычтын чыгармаларын иликтеп жүрүп, башы балээге калган Тазабек Саманчинди, эчен күүнү эринбей жаздырып алган Асан Кайбылдаевди, дербиш болуп жер кезип жүрүп, эл ичиндеги таланттарды таап чыккан Буудайбек Сабыровду, 1960-1970-жылдар аралыгында Германиядан Орто Азия чөлкөмүнө келип, кыргыз, казак, өзбек, түркмөн, тажик улуттарынын аспаптык күүлөрүн диктофонго жаздырып кетип, нотага түшүргөн немис Август Эйхгорнду, Кыргыз радиосунун алтын фондун түптөөгө салым кошкон, биз көрүп, көрмөк тургай кол алышып учурашып, санатын тыңдап калган Турсун Уралиев менен Балбай Алагушовду, мен атын атабай калган дагы башка изилдөөчүлөрдү, жыйноочуларды эскербей коюу күнөө болот чыгар.

Өнөрпоздор топтолуп келгени менен өнөр изилдөөчү сейрек же жалгыздан келет. Дегеним, «аламан ырчы толуп, арпадан арзан болуп, саламчы ырчы толуп, самандан арзан болуп, жамакчы ырчы толуп, жармадан арзан болуп» (менин сөзүм эмес, мындан 200 жылча мурдараак жашап өткөн Бекназар акындын сөзү), жаштардын көбү же обонунун мааниси жок, же сөзүнүн мааниси жок, же өзүнүн мааниси жок «жалтыр көйнөк, жаргак шым» куурагыларды кубалап угуп турган чакта кумдан алтынды айрып бере турган, чардан данды бөлүп бере турган, чыныгы менен сыныгын тактап бере турган, жогоруда санап өткөн жана санай албай калган айжаркын инсандардын көчүн улай турган бирөө чыгышы керек эле. Чыкты. Чыкканда да ошол өнөрпоздордун өзүнөн чыкты. Тагыраагы, ошол көчтү улантуу озуйпасы «көчүгү жер жыттабаган» көсөм досум Самат Көчөрбаевдин шыбагасына буйруду. Анын бир далили катары кечээ жакында эле «Дастанчы» коомдук фондунун долбоорунун негизинде (долбоордун жетекчиси: Өмүрзак Кайыпов) «Кристенсен» эл аралык уюмунун каржылык колдоосу менен буга чейин Самат Көчөрбаев түзүп, бир эмес, эки ирет басмадан чыгарган «Улуу Мурас» китебин башат катары алган дагы бир «Улуу Мурас» китеби жарык көрдү. Буга чейин китептин электрондук түрүн корректор катары окуп чыккан болсом (бирин-серин, билинер-билинбес майда каталарга жол берип ийген экем, кечирим сурайм албетте), эми жөн гана катардагы окурман катары кайра баштан сыдыра тиктеп отуруп, ой-пикиримди жазып койгум келди.

Албетте, мындай обондуу ырлар жыйнагы, айталы, «Ала-Тоо таңшыйт», «Сармерден», «Ыр кесе» жана башкалар буга чейин да чыгып келген. Бул китептин алардан өзгөчөлүгү, айырмасы эмнеде? Сөздү көп созбой, ошондон баштайын.

Биринчи эле көзгө урунганы чыгармаларды түрлөрүнө, жанрларына жараша ажыратып бергени болду. Бул – изилдөөчүлөр үчүн да, өнөрпоздор үчүн да эң зарыл маселе. Себеби эпикалык чыгарма менен дидактикалык чыгарманын, лиро-эпикалык чыгарма менен лирикалык чыгарманын, анын ичинен бөлүп айталы, айтыш менен акыйнектин, арноо менен мактоонун, жоктоо менен кошоктун, терме менен санаттын, эпос менен дастандын, күйгөн менен секетпайдын, койчу дагы башка чыгармалардын айырмасын билбегендер четтен табылат (аны билгендер арбын болгондо узун ырды деле поэма деп талашкандар, жөн салды ойду деле көркөм чыгарма катары кабылдап алгандар, ал тургай, Нуржигит Кадырбеков токуй койгон учкул сөздөрдү «Калыгулдун айтканы» деп кашайткандар, Шайлообек Дүйшеевдин стили экени айкын көрүнүп турса да, «Кет Буканыкы болчу» деп кейиткендер, Тыныбек Жапый уулунун «Тояна» ырындагы түрмөктөрдү Жеңижоктун «Көксулуусуна» кошуп ийгендер чыкпайт эле). Самат Көчөрбаев бул жагынан алганда чебер адистигин тастыктай алыптыр. Лиро-эпикалык жанрдагы ырлар камтылган «Айтыштар, жоктоолор, арноолор» бөлүмү, дидактикалык жанрдагы ырлар камтылган «Терме, санат, насыят, казалдар» бөлүмү, лирикалык жанрдагы ырлар камтылган «Ашыктык, арман ырлары» бөлүмү – чеберчиликтин айкын далили. Эми булардын ичинен да «калыс ырлар, кара ырлар, каада-салт ырлары, оюн ырлары» деген сыяктуу кылып бөлүп кете берсе болот. Бирок анчалык майдаланбай, бул жагын келечекке таштай туралы.

Экинчи маселе: андагы чыгармалардын тандалышы. Бул жагынан да мактай кетүүгө болот. Дегеним, ар бир чыгарма иргелип, эленип, кылдат тандалганы окуганда эле байкалып турат. Албетте, «сандан мурда сапат» маанилүү. Жеке пикиримде, бүгүнкү жаратмандар, улуттук өзөктү алып жүрүүчүлөр майдаланып бараткан сыяктуу. Жогоруда айткандай, акындарыбыз, ырчы-аткаруучуларыбыз, куудулдарыбыз, дегеле, жалпы өнөр адамдары «арпадан, самандан арзан» маскарапоз (шоу деп коёсуңарбы) жолго түшүп бараткан маалда мындай нукура чыгарма кандай болорун туюнткан, адамзатка таалим-тарбия бере турган, эстетикалык ырахат тартуулай турган эмгектер зарыл болчу. Бул миссияны «Дастанчы» коомдук фонду аркалай алды көрүнөт.

Үчүнчү бир өзгөчөлүк катары бир эле китепти төрт платформада (нота, текст, QR-код, CD-диск) чыгарганы кызыгууну жаратты. Ноталуу китептерди көрүп жүргөнүбүз менен QR-код ыкманы алгач ирет көрдүк ырасы. Замандын өнүккөнү ушул: нота тааныбаган жапан таланттарга чыгарма жаттатуунун, мага окшош кой четинде жамбаштай жатып, колдурагысы келгендердин ыр ышкысын ойготуунун жаңыча ыкмасын эми китептен деле тапса боло турган мүмкүнчүлүк иштелип чыкты. Бардык иш чөнтөк телефонго байланган, кенедей аппарат жашообуздун бир бөлүгүнө айланган ушул доордо мындай ыкма аба-суудай зарыл эле. Бул жаатта Жанат Канат уулунун ишине «Бали!» дебеске аргабыз жок. Ушул эле ыкма эсили залкар Элмирбек Иманалиевдин кечээ жакында жарык көргөн «Булбулум, булбулум ай» обондуу ырлар жыйнагына да колдонулду. Албетте, музыкалык китептерге жаңылык алып келген адам катары Жанаттын аты ар бир китепке QR-код коюлган сайын айтылып турууга тийиш.

Төртүнчү бир кубантканы аты аңызга айланган эсил залкарлардын өздүк обондору нотага түшүрүлдү. Ар бир акындын, айталы, Жеңижоктун өзүнө таандык обону, Токтогулдун өзүнө таандык обону, Калыктын өзүнө таандык обону, Барпынын өзүнө таандык обону, дагы башкалардын да өздөрүнө таандык обону болгон. Эл алдына чыгып төккөндө ошол обон менен ырдаган. Өткөн доорлордогу залкарлардын ырлары гана айтылып, ырдоо ыкмалары, өздүк кайрыктары иликтенбей келгени баарыбызга маалым. Ал тургай, жаңсак түшүнүк менен «Алымкандын» эл арасына кеңири тараган обонун Токтогулдуку атап (аныгы ал обон Бектемир Эгинчиевдики), «Мөлмөлүмдүн» обонун (Токтосун Тыныбековдуку), «Гөзал кыздын» обонун (Замирбек Үсөнбаевдики) Барпыныкы атап, «Балам жоктун» обонун (Жолболду Алыбаевдики), «Көксулуунун» обонун (Замирбек Үсөнбаевдики) Жеңижоктуку атап, дагы башкаларды да сөзүнүн авторуна таандык кылып жүргөндөр арбын. Кыргыздын «Кагазда калган кат өлбөйт» деген накылында, орустун «Ак кагазга жазганды, ак балта чаап салалбайт» деген макалында айтылгандай, бул жагы музыка изилдөөчүлөр, композиторлор, обончулар үчүн баалуу табылга болду десем жаңылбайм. Анүчүн ушул обондорду таап, тактап бергендерге да, аны нотага түшүргөндөргө да, обонун бузбай аткарып бергендерге да, үн жазмага түшүргөндөргө да алкышыбыз чексиз.

Азырынча ушул төрт өзгөчөлүккө гана учкай токтолуп өтүүнү туура таптым. Кенен кепти кези келгенде дагы бир сыйра козгоорбуз. Эң башкысы, бул ар бир окурмандын үйүндө турууга татыктуу китеп болгонун баса белгилегим келет.