Өмүрбек Тиллебаевдин “Мезгил канатындагы поэзия” аттуу адабий-поэтикалык кечеси өттү

Бүгүн Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде акын Өмүрбек Тиллебаевдин “Мезгил канатындагы поэзия” аттуу адабий-поэтикалык кечеси, “Бата жана каргыш” китебинин бет ачары болуп өттү. Иш чарага КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы С.Раев, С.Кайыпов, М.Мамазаирова, А.Медетов, С.Алахан, А.Алымбаев, Ж.Саалаев, окуу жайдын студенттери катышты.

Адабий-поэтикалык кечени акын Атахан Кожогулов алып барды.

Ж.Мамытов, К.Сабыров атындагы адабий сыйлыктардын лауреаты Ө.Тиллебаевдин адабий кечесине катышкан меймандар автордун чыгармачылыгы тууралуу кенен сөз кылып, ырлары окулду. ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы С.Раев акынга Абай сыйлыгын ыйгарды.