Балдар үчүн китептерди иштеп чыгууга салым кошкондор сыйланды

Балдар үчүн 1300дөн ашуун китептерди иштеп чыгууга салым кошкон жергиликтүү авторлор жана иллюстраторлор сыйланышты
Кечээ, 27-апрелде 60тан ашуун жергиликтүү авторлор жана балдар үчүн 1300дөн ашуун балдар китептерин иштеп чыгууга кошкон салымы үчүн 30 иллюстратор Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен ыраазычылык каттарды алышты. Бул китептер АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) каржылаган “Окуу керемет!” долбоорунун алкагында адаптацияланып жаңыдан иштелип чыкты.
Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган бул иш-чарада Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрилинин өкүлү Ольга Брызгалова, Улуттук жазуучулар союзунун жетекчиси Нурланбек Калыбеков жана USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын директору Кайя Адамс сөз сүйлөштү.
USAIDдин колдоосу менен авторлор жана иллюстраторлор китептерди жазуу, кооздоо, калыптоо, рецензиялоо жана иштеп бүтүрүү боюнча интенсивдүү окутуу семинарларына катышышты. Окутуунун жүрүшүндө авторлор жергиликтүү жана эл аралык эксперттердин усулдук коштоосунда [EU1] өз иштелмелерин жакшыртууга жетишишти. Алар электрондук китептерди жаңыдан жазууга жана адаптациялоого мүмкүндүк берген Bloom тиркемеси менен иштөөнү да үйрөнүштү.
2020-жылдан бери авторлор жана иллюстраторлор ар кандай жанрдагы, анын ичинде жомок, комикс, энциклопедия жана фэнтези китептердин 1300дөн ашуун жаңы аталыштарын иштеп чыгышты. Бул китептер үй-бүлө жана достук, ар түрдүүлүктү баалоо, сый-урмат, ар нерсени билүүгө умтулуучулук жана чыгармачылык сыяктуу баалуулуктардын калыптануусуна өбөлгө түзөт.
Мааылмат Маданият министрлигинин баракчасынан алынды