Э.Эрматов: Рухий дүйнөсү жабыр тарткан элдин өйдө болуп кетүүсү кыйын

ЖООПКЕРЧИЛИК * * * Пенде болуп жаралгандан кийин ар бирибиздин өзүбүзгө тиешелүү Алла Тааланын алдында, жашап турган коомубуздун алдында, ага-туугандын, бала-чаканын алдында аткара турган жоопкерчилигибиз бар. Аны өз убагында моюнубузга алып астейдил аткаруу менен адам болуп баш көтөрүп жүрөбүз. Ошол жоопкерчиликти алганыбыз менен биз кадыр-барктуубуз. Ошону менен алдыбызга койгон аруу-асыл максаттарыбызга жетебиз. Биз аны канчалык даражада аткарганыбызга жараша башкалар мамиле кылып баа берет. Ошого жараша жөндөмүбүз канчалык экендиги байкалат. Жоопкерчилик бар жерде, адамга ишеним артылат. * * * Биздин эң ыйык жоопкерчилигибиз – Мекен алдындагы жоопкерчилик. Миңдеген жылдар бою ата-бабаларыбыз толугу менен…..