Атанын куру

Бар экен, жок экен илгери өткөн заманда бир кишинин үч уулу болгон экен. Үч уул эрезеге жетип, аш десе ашка тойбой, иш десе ишке тойбой турган убагы келиптир. Албетте, бул убакта алардын атасы да карып үй-бүлөсүн бага албай калат. Ошондо ал үч баласын маңдайына отургузуп алып мындай кеңеш берет. – Ээ балдарым, мен мурункудай алдуу-күчтүү болгонумда силерди башым менен жер казсам да багат элем. Бирок, минтип алым кетип, төрүмөн көрүм жакын болуп отурам. Апаң экөөбүздө мындан нары силерди тойгузгудай дарман жок. Андан көрө үчөөң үч жакка барып өнөр үйрөнүп келгиле. толугу менен…..

Акын Т.Үмөталиев менен адабиятчы, сынчы К.Асаналиевдин маеги

К.Асаналиев: Мындан бир нече жыл мурда “Вопросы литературы” журналында совет поэзиясынын көрүнүктүү чебери М.Исаковскийдин “Качанга чейин?…” деген өтө курч макаласы жарыяланганы эсиңиздедир. Акын ал макаласында орус совет поэзиясынын өсүштөрүн белгилеп, анда сөзсүз зор таланттардын бар экенин айтып келип, өзүнүн макаласынын пафосун поэзиядагы терс көрүнүштөргө, ырдагы маанисиздикке, графоманияга арнаган эле. Мына эми дагы ошол эле “Вопросы литературы” журналынын өткөн жылкы санында сынчы В.Соловьевдин макаласы менен азыркы учурдагы орус поэзиясынын ал-абалы, өсүш традициясы жөнүндө дискуссия ачылып, азыр да уланып жатат. Мен булар жөнүндө айтып жаткан себебим, Сизди азыркы учурдагы кыргыз поэзиясы жөнүндө талаш-тартышка толугу менен…..

К.Орозбеков: Тандырдан бышып чыга элегимде, Тагдырдан, жазмыш экен таяк күттүм

Кайсы арыма күлөмүн Күн кечирсем күздөй болуп түнөргөн, Күлкүм чыгып кайсы арыма күлөм мен. Кайсы арыма күлкүлүү ыр жаратып, Кайсы арыма сулууларды сүйөм мен?   Жалгыздыкка моюн сунган аз-аздан, Жалбыракмын шамалдагы адашкан. Жазылыптыр баш тамгам да, чекитим, Жасашкан да… Мени демек жасашкан.   Санаам – жалын, жалынга өзүм күйөмүн, Барарга бир багыт таппайт жүрөгүм. Кейигендер “кейибе”,-деп айтышат, Күлкүм келет… Кайсы арыма күлөмүн..?   Түшүнбөй таякташар Жашыңдан жабышканда жүрөк оору, Жашоонун маанилүү эмес күнөө, сообу: Жаңырта албаган соң жүрөгүңдүн, Жаштары тамчылаган бирөө тоону.   Тамеки тутандырып “санаа” тартам, Таптаттуу кезин эстеп толугу менен…..