Э.Эрматов: Рухий дүйнөсү жабыр тарткан элдин өйдө болуп кетүүсү кыйын

ЖООПКЕРЧИЛИК

* * *

Пенде болуп жаралгандан кийин ар бирибиздин өзүбүзгө тиешелүү Алла Тааланын алдында, жашап турган коомубуздун алдында, ага-туугандын, бала-чаканын алдында аткара турган жоопкерчилигибиз бар. Аны өз убагында моюнубузга алып астейдил аткаруу менен адам болуп баш көтөрүп жүрөбүз. Ошол жоопкерчиликти алганыбыз менен биз кадыр-барктуубуз. Ошону менен алдыбызга койгон аруу-асыл максаттарыбызга жетебиз. Биз аны канчалык даражада аткарганыбызга жараша башкалар мамиле кылып баа берет. Ошого жараша жөндөмүбүз канчалык экендиги байкалат. Жоопкерчилик бар жерде, адамга ишеним артылат.

* * *

Биздин эң ыйык жоопкерчилигибиз – Мекен алдындагы жоопкерчилик. Миңдеген жылдар бою ата-бабаларыбыз көз карегиндей сактап, бир укум жер үчүн кашык канын төгүп келген. Ата Журтубузду чакчелекей түшкөн заманда аман сактап калуу жоопкерчилиги ар бирибиздин башыбызда экендигин унутпасак. Эгемен жылдарда келген кыргыздын падышалары Мекендин бүтүндүгүнө доо кетирип, бүтүндөй бабалардын, келечек урпактардын алдында кыянатчылыкка, чыккынчылыкка барышты. Акыры аларды ант уруп, өлкөдөн качып кетишти. Ыймандан кеткен, жоопкерчиликтен четтеген дүйнөпараз эргулдардын жасаган иштери эч качан унутулбайт. Алар кылган күнөөлөрү үчүн бу дүйнөдө жооп бербесе да аркы дүйнөдө жаны жай таппай көрү өрттөнөт. Кийинки паашалар мына ушуну эстеринен чыгарбаш керек.

* * *

Мекен жөнүндө атуулдук ачык-айкын көз карашы калыптанбай, башкаруу илимдерин терең өздөштүрбөй, мамиле кылуунун маданияты тууралуу кылчалык түшүнүк албай, боконодон бою чыкпай жатып мансапка умтулган жаштар көбөйдү. Бүгүнкү күндө амалпараздык жугуштуу илдет сыяктуу болуп калды. Убагында бийликтин жоопкерчилигин сезбегендер өз көмөчүнө күл тарта берип, кызмат орундарын байлык жыйноонун булагына айландырып салды. Эли-жери үчүн чыпалагы күйбөгөндөр жаштарга тескери таасирлерин тийгизип кетти. Ошонун кесепетинен амалпараздык өлкөнү каптап баратат. Эгер акылын пештеп бийликтин жоопкерчилигин сезген адам болсо, башкалардан тизгин талашпай сабыр күтмөк. Кызуукандык менен жоопкерчилик – бири-бирине дал келбеген түшүнүк. Дүйнө-мүлккө умтулуу акыры эмне менен бүтөрүн көрүп жүрөбүз го.

* * *

Атаңдын көрү, акыркы он беш-жыйырма жылдын ичинде руханий байлыктарыбыз тебеленип, рухий дөөлөттөр теңирден тескери бааланып, эки жүздүү саясат жан дүйнөбүзгө айыкпай турган ыплас вирустарды жуктуруп салды. Мындай апааттан кантип айыгабыз? Элдин рухий дүйнөсүн таза сактоо үчүн жоопкерчилигин алган биздин маданий, адабий, илимий интеллигенциябыз эмне үчүн коён жүрөк болуп коңулга кирип кетти? Эмнеге алар бузуку, жалганчы, карөзгөй бийликтин сөзүн сүйлөп көшөкөрлөнүп жатып алышты? Убагында акыйкат чындыкты айталбаган интеллигенциядан мындан ары эмнени күтсө болот? Бийликке кошомат кылып жүрүп, калайык калктын көйгөйүнөн алыстап кеткенибизди моюнга алып, Алла Тааладан кечирим сурашыбыз керек. Рухубузду, өзүбүздү тазалап, рухий дөөлөттөрдү кайрадан өз калыбына келтирүү үчүн жоопкерчиликти коркпостон алганыбыз оң. Рухий дүйнөсү жабыр тарткан элдин өйдө болуп кетүүсү кыйын.

* * *

Күндөн күнгө менде жоопсуз калган суроолор көбөйүп баратат. Эмне үчүн Акаевдин, Бакиевдин доорунда бийликти баскынчылыктын деңгээлине жеткирүүгө көмөктөшкөн төбөлдөр жооп бербей буйтап кетүүгө аракеттенүүдө? Эмне үчүн коррупцияга белчесинен баткандар кайрадан жан талашып бийлик бутактарына илинип калайын деп ыймандарын сатышууда? Эмне үчүн элдин каргышына калгандар абийир сотуна моюн сунбай, көчөдө эркин басып дагы эле дымактуу жүрүшөт? Эмне үчүн элдин мүлкүн уурдаган арамкорлор тууган-уругун, таяке-жээнин ээрчитип саясый оюндарды уюштуруп жатышат? Бардыгын пул менен сатып алса болот деген психология канына сиңип калган карөзгөйлөрдүн заманы жок болобу же сары чырмооктой коомду биротоло муунтуп бүтөбү? Колдой турган кожолору эбак өлкөдөн качып кетишсе да жалганчылык, эки жүздүүлүк, акыйкатсыздык орун алган заманды Ай караган текедей эңсегендер ичинен эзилип күтүп жүргөнүнө таң калам. Арамкорлор үстөмдүк кылган жерде заман бузулуп, кут качып, ар кандай кесепеттер болуп кетерин эстен чыгарбасак дейм.

“Сыр сандык китебинен”