“Түнкү лирика” китеби окурмандардын назарында

Бүгүн А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында казак акыны Муратхан Шохандын “Түнкү лирика” аттуу китебинин бет ачарына арналган поэзия кечеси болуп өттү. Аталган китепти филология илимдеринин доктору, акын А.Эгембердиева которгон. Казак акынынын кыргыз жергесинде өткөн алгачкы чыгармачылык кечесине КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов, Кыргыз эл акыны Г.Момунова, Кыргыз эл жазуучусу, акын А.Жакшылыков, Ж.Саалаев, К.Көкүлов ж.б. кыргыз акындары, Э.Бейилхан баштаган казак акындары жана поэзия күйөрмандары катышты. Эки саатка созулган ыр кечеде эки элдин акындарынын чыгармачылыгына күбө болгон күйөрмандар чыгармачылык байланыш мындан ары да улана беришин тилек кылып кайтышты.

КР Улуттук жазуучулар союзунун 85 жылдыгы белгиленди

Бүгүн 12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун 85 жылдыгы А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болуп өттү. Мааракелик салтанатка КР Президентинин кеңешчиси С.Раев, КР ЖК Аппарат жетекчиси С.Ибраев, акын-жазуучулар, коомдук-мамлекеттик ишмерлер, студенттер катышты. Майрамдык салтанатты Бишкек шаарынын Мэриясынын Эл аспаптар оркестри коштоду. Жалпы акын-жазуучуларды төрага Н.Калыбеков адабият күнү менен куттуктады. Төмөндө Н.Калыбековдун куттуктоосу. Урматтуу бүгүнкү мааракенин катышуучулары, кадырлуу меймандар жана калемдештер! Кыргыз Улуттук  жазуучулар союзунун түзүлгөндүгүнүн 85жылдык мааракесине кош келиңиздер. Чыгармачыл интеллегенциянын, деги эле жалпы кыргыз интеллегенциясынын түптөлүшүнө, калыптанышына, өсүп өнүгүшүнө, ошондой эле толугу менен…..

КР Улуттук жазуучулар союзунун 85 жылдык мааракеси белгиленет

12-декабрь –  Улуттук адабият күнү майрамында КР Улуттук жазуучулар Союзунун 85 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш чара өтөт. Майрамдык салтанат А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында саат 11:00дө башталат. Майрамдык салтанатты Бишкек шаарынын мэриясынын Эл аспаптар оркестри коштойт. Ал эми 13-декабрда Кыргыз улуттук академиясында КРУЖСнун XV съезди болот. Эске сала кетсек акыркы съезд 2011-жылы болгон.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү чыгармачыл уюмдардын жетекчилери менен жолукту

Бүгүн, 4-декабрда, Манас күнүнө карата Бишкек шаарындагы «Манас» жана Айтматов академиясынын ачылышына катышкан Мамлекет башчысы Академиянын имаратын көрүп чыгып, «Манас» эпосунан үзүндү укту. Андан соң чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, жазуучулар, акындар, манасчылар менен баарлашты. Баарлашууда чыгармачыл уюмдар жөнөкөй уюмдар эмес экендигине токтолуп, тарыхы бай, улуу залкарлар жетектеп кеткен чыгармачыл уюмдар экендигин айтты. Бүгүнкү күндө чыгармачыл уюмдар өз ишин мындан ары активдештирүү зарыл экендигин белгилеп өттү. Мындан ары чыгармачыл уюмдарга өзгөчө мамиле жасалып, камкордукка алынып, быйыл биринчи жолу эгемендүү кыргыз тарыхында чыгармачыл союздарга гранттык колдоо кыла турганын маалымдады. Муну менен катар чыгармачыл толугу менен…..