ТООЛОР ДА СҮЙЛӨЙТ

Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин 60 жашта Алыскы Алайкуунун биз али көрө элек турпатын көз алдыга тартып, сезбеген илебин сездирип акын Кожогелди Култегиндин ырлары алгач окуп баштаган күндөн бери жүрөккө жакын. “Жолчырак” (1985), “Шамалдагы үн” (1989) китептери жөнүндө кийин уктум, кийин колго кармап окудук. Биз алгач жүзүнөн сүйүп окуган китеп “Дарбаза жолго ачылат” (1993) болчу. Китептин жарык көргөн мезгили биздин алып учкан студенттик жылдарга туура келип, Союз жаңы урап, элдин көндүм жашоо эрежеси толук кыйрап турганын кайдан билет элек, өзүбүздүн өрөпкүгөн дүйнөбүз менен азыркы улуттук университеттин филфагында бир акын менен толугу менен…..

М.Абакиров: Таш Коргон. Ак Байбиче. Кара Кемпир

(Икая) Ибрагим Жунусовго арналат. Бул мартабалуу делген чакан бейтапкана калаанын чок ортосунда. Болгондо да сыртынан саябандуу сейил бакты элестеткен чар тарабы темир кашаа менен тосулган, төрт тарабын тең чоң жол кесип өткөн, ошо туш-тарабынын ортолорунда унаалар үчүн чоң дарбазалары, алардын капталдарында жөө-жалаңдар кирип чыккан өткөөлдөрү бар капкалуу өзүнчө бир кичинекей махала. Күндүз кумурсканын уюгундай кирип-чыккандардын аягы үзүлбөйт. Биерде илимий иштерди да жүргүзгөн, доктур болчу студенттерге да дарс окуган, оорулууларды да дарылаган, даңазалуу академиктердин ысымдары ыйгарылган бир нече клиника жайгашкан. Алар бири-биринен оолак турган көп кабат имараттардын өзүнчө бир комплекси. Урбанизацияга толугу менен…..

Кеңешбек Асаналиев “Китеп кумары”

Китептин түгөнгүс асыл-наркы жөнүндөгү ушул жөпжөнөкөй, бирок эң бир таза айтылган чындыкка башкалар эрте жетсе жеткендир, мен өзүм кечигип, өтө эле кечигип жеттим. Бала кезимен бир тууган Гриммдердин, Ханс Кристиан Андерсендин жомокторун окуп, Пушкин менен Лермонтовду жаттап чоңоюп, жетилген үй-бүлөдө төрөлгөн жокмун. Бул жарык дүйнөдө Гомер менен Данте, Сервантес менен Шекспир, Лев Толстой менен Федор Достоевский бар экенин кадыресе эрезеге жетип, Кыргыз пединституттун тил жана адабият бөлүмүндө окуп жүргөнүмдө зорго билдим. Маселен, Аргентинанын улуу жазуучусу Хорхе Луис Борхес “бейишти мен китепканага окшоштурам” деп жазганы бар. Бул салыштыруу түк бекеринен чыкпаптыр. толугу менен…..

Айдарбек Сарманбетов: Намыс

– Тур, өйдө. Кармашка камынгын.- деген үндөн Аскар көзүн ачса, кечээ кечинде Василий, Вася дей берсең болот деген чекирейген көк көз, кирпик кашына чейин сары орус сержант экен. Ак, калың бинт ала келиптир, аны менен тактадан баш көтөрүп, олтура кеткен Аскардын манжаларын бирден, анан баарын бириктирип эреже менен кылдат ороп жатып тиги: – Мурда ушинтип ороп, мушташтың беле? – деп сурады. – Ооба…- Аскар ага калп айтып койду. Анан кантмек, кечээ эле биринчи разрядмын деп жатса. Анысы да калп болчу. Болгону, айылдагы балдар менен машыкканда, анан Бишкектеги “Эмгек резерви” спорт толугу менен…..