“КАЙРЫКТАР ҮНСҮЗ БОЛОБУ?” – ДЕШТИ

СЫР Периштелер бетин бербей асмандын, Бозоруңку жаңы көзүн ачкан Күн. Боолголоп келээр маалын күткөнмүн, Боор толгоп жүрөгүмдү ачканмын. Түшүп шоола уйкудагы мага анан, Шоокуму аста дене-бойго тараган. Тунуп турду тунук бойдон келген сыр, Жерден, суудан, жылдыз, чөптөн, абадан. Көк асмандан нур төгүлүп жер көздөй, Күүсү анын улап жолун жер кезгей! Кара күүдөй – “Кара өзгөй”, “Кер өзөндөй”, Бирде жеңил – “Ибарат”, “Кыз кербездей”. …Былыктары калкып чыгып көрүнөө, Кылыктары сүйрөчүдөй көрүнө. Ушул биздин эл башылар угуп үн, Ушул укмуш көрүнсө эмне көзүнө. Байлык, бийлик, мансап көзүн байлаган, Эмнелерге кетти толуп айланам… толугу менен…..

САПТАР КАЛДЫ… ЖАЗЫЛЫП ДА, ЖАЗЫЛБАЙ…

САПТАР КАЛДЫ… ЖАЗЫЛЫП ДА, ЖАЗЫЛБАЙ… Оо, суук ойлор! Чаң-тополоң, дүрбөлөң Салбагыла силкип мээмди, жара жаздап чекемди! Мен силерди чыркыратып куду напалм мисалы Салам өрттөп! Калсын билбей Мекен бу! Оо, суук ойлор! Мээнин терең түпкүрүндө – зынданда чиригиле! Көрбөгүлө жарыкты! Мен баарыңды өзүм менен көрүмө ала кетем… Калсын билбей тарых бу!                                                                 29.12.1982.                                                  Табылды МУКАНОВ         Оо, Табийгат!       Алаарымды алдым, берээримди бере алдым бекен?       Бардыгы башкача башталбады беле? Анан, неге турмушта өкчөгөн чүкөм айкүр түшпөй, аласалып кетти? Канакей, кечээки келечектен көптү үмүттөнткөн көкүрөк толо дымак? Бардыгы… Бардыгы толугу менен…..

Китеп кумары

Орус жазуучусу Л.Н.Андреевдин “эгер адам баласына тагдыр буйруп, Кудай болуп калса, анда анын “ордо тагы китеп болмок” деген сөзү бар экен. Жаратылышта, дүйнөдө ушундай сөз бар экенин, ал турмак ушул ойду жараткан Л.Н.Андреев аттуу орус жазуучусу бар экенин, кийинчерээк, өтө эле кийинчерээк, билдим. Кокусунан эле Москвалык “Книга” басмасынан 1981-жылы жарыкка чыккан “Турмуш жана китеп” деген афоризмдердин, учкул сөздөрдүн чакан жыйнагын барактап отуруп, ушул фразага чукулунан кездешип калдым. Адегенде мени күтүлбөгөндөй таң калтырганы бул афоризмдин адам менен кудайды бир катарга коюп, салыштырганы болду. Адам менен Кудайды бир катарга коюу, чынында эле толугу менен…..

Сүйүнчү

Урматтуу окурмандар, адабият сүйүүчүлөр! КР Улуттук жазуучулар союзунун сайты мындан ары adabiyat.kg болуп жаңыланып, жаңы ой, жаңы дем менен толук ишке кирди. Мындан ары сиз адабиятка тиешелүү жаңылыктарды, издеген чыгармаларыңызды, сүйүктүү акын-жазуучуңузду adabiyat.kg сайтынан таба аласыз. Кайсы автордун кандай чыгармасын окугуңуз келсе пикириңизди калтырыңыз. Биз, сиздин кыялыңызды орундатканга аракет кылабыз.