Акын, журналист Гүлжамила Шакирова акка моюн сунду

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, журналист Гүлжамила Шакирова мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Акын Гүлжамила Шакирова Ак-Талаа районундагы Жаңы-Тилек айылында 1955-жылы 28-декабрда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Токтогул атындагы адабият музейинде улук илимий кызматкер, республикалык Кыргыз тили коомунун “Эне тил” гезитинде кабарчы, 1993-жылдан бери Кыргыз мамлекеттик телерадио корпорациясынын Кыргыз радиосундагы “Казына” чыгармачылык бирикмесинде “Нуска” аттуу автордук программасын, “Дил жаңырыгы”, “Нуска”, “Бейпил түн”, “Кыраакы кыргыз дүйнөсү”, “Илгеркиден икая”, “Мен кыргызмын”, “Бейне” программаларын даярдап, эфирге алып чыккан. 1987-жылы “Сапардагы каркыра” деген алгачкы ыр китепчеси жарык көргөн. Кыргызстан Жазуучулар союзунун жана Кыргызстан кол өнөрчүлөр союзунун мүчөсү. толугу менен…..