Акын, журналист Гүлжамила Шакирова акка моюн сунду

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады.

Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, журналист Гүлжамила Шакирова мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Акын Гүлжамила Шакирова Ак-Талаа районундагы Жаңы-Тилек айылында 1955-жылы 28-декабрда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Токтогул атындагы адабият музейинде улук илимий кызматкер, республикалык Кыргыз тили коомунун “Эне тил” гезитинде кабарчы, 1993-жылдан бери Кыргыз мамлекеттик телерадио корпорациясынын Кыргыз радиосундагы “Казына” чыгармачылык бирикмесинде “Нуска” аттуу автордук программасын, “Дил жаңырыгы”, “Нуска”, “Бейпил түн”, “Кыраакы кыргыз дүйнөсү”, “Илгеркиден икая”, “Мен кыргызмын”, “Бейне” программаларын даярдап, эфирге алып чыккан. 1987-жылы “Сапардагы каркыра” деген алгачкы ыр китепчеси жарык көргөн.

Кыргызстан Жазуучулар союзунун жана Кыргызстан кол өнөрчүлөр союзунун мүчөсү.

Гүлжамила Шакирова уктурууларды даярдоодогу артыкчылыгы үчүн КТРдин «Мыкты журналисти» диплому, 1996-жылы «КТРдин отличниги» төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Комитетинин 70 жылдык салтанатында «Ата-Журтка ак кызмат» аттуу ыры гимн катары кабыл алынып, Президенттин Коопсуздук Комитетинин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. “КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардактуу наамы ыйгарылган.

Гүлжамила Шакированын 30дан ашык ырларына обон чыгарылып, кыргыз теле-радиосунун алтын фондусуна алынган.

Акын, журналист, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Гүлжамила Шакированын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу үй-бүлөсүнө, балдарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

КРУЖС Башкармалыгы

P/S. Акын, журналист Гүлжамила Шакированын сөөгү 27-июнь күнү саат 11де өзү туулуп өскөн айылында жерге берилет.