Сүйүнбай Эралиев: Баладай ыйлап жатып булут улуп, Басылды улутунуп – улутунуп

Бийикте

Өткөн жерби кайберендин буту аттап,

Өр таянып, тоолор тоого бутактап,

Колтук керсе чокулардан чокулар,

Көзгө илээшпей көктөн чыгат учу аппак.

Чептей сүрдүү зыңгыраган аскалар,

Желдей жеңил булуттарды кучактап,

Өөп-жыттап, ашыгындай түнөтүп,

Атар таңда кайра узатат ызааттап…

 

Мөңгү жибип, ашуулардан ала жай,

Булак чуркайт шагылдарды аралай,

Асманында бүркөө түндөй булуттар

Алыс кетпей алда неге каралай,

Жай каалгып көчүп жүрүп, заматта

Жаз жамгырын самсаалатып салаалай,

Төгүп жатып токтой калат томсоруп,

Ыйлап-ыйлап тып басылган баладай.

 

Бирде элөөрүп, бирде кайра шалдырап,

Тоо шамалы жүрүшүн дем алдырат,

Жашыл беттин кыл кыягы өңдөнөт,

Бирде шырт деп бирде кайра калдырап,

Чөп түбүндө этегинен желпилип,

Улам күчөп күүгө келген жалбырак.

Гүл кучактап көпөлөктөр чарк урат,

Ал да өзүнө жан жыргатар шаң курат…

 

Тоодогу кеч

Арчалар жибек чачын желге тарап,

Кеч жаңы тоо арасын аңтарганда,

Жылкылар өзөн менен өрдөп барат,

Чыйрыккан ат тыбырап каңтарганда.

 

Боз үйлөр көк түтүнүн бүркүп көккө,

Жарк этти – жылдыз кирип эми эсине.

Тоо жаттап улар куштун үнүн көпкө,

Шыңкылдап кыз асылат жеңесине…

 

Күндүн желеси

Баладай ыйлап жатып булут улуп,

Басылды улутунуп – улутунуп,

Соңунан жашыл-кызыл желе түштү,

Бир калган буюм сындуу унутулуп.

 

Карасам күндүн ошол желесине,

Кылт этип келе калдың сен эсиме.

Анткени, дал ошондой жоолук салып,

Турду элең таанышканда мен өзүңө.

 

Токой вальсы

Келатсам алдымда

Табият концерти:

Көл бийлеп жатыры

Кайыңдын, талдын да,

Теректин,

Чынардын,

Арчанын алдында.

 

Эшилип миң ирет,

Бир жипке ийрилет.

Толкундар толкунду

Сүйрөп кийрилеп.

Жарданган жыгачтар

«Бий жакшы, бий» дешип

Жарыша чайпалып,

Жарыша ийилет.

Куштардын үндөрү,

Оркестр барбы анда?

Арфа да,

Орган да,

Кыл кыяк,

Сурнай да,

Комуз да,

Гармонь да,

Бардык күү куюлуп,

Бир вальска барганда:

Желпилдеп жел урат,

Толкунду көл бурап,

Тыпылдап бий тамат,

Тыйылбайт ал бирак,

Дарактар бир азга

Турат да жалдырап,

Шатырап кол чабат,

Алакан-жалбырак.

Вальс бийлеп кетти эми

Бактардын баары да:

Түртүшүп бир-бирин

Ийинге, карыга.

Күркүрөп акты улам,

Бериге, арыга…

Бул да бир ташыган

Деңиз шары да!

 

Адам

Балким адам музыкадан түзүлгөн –

Ал бар жердин бардыгында күү ойноп,

Ал жок жерлер окшойт кылы үзүлгөн.

 

Же ким билет, жаралганбы ал ырдан –

Ал бар жерлер обон болуп жаңырып,

Ал жок жерлер окшойт үнсүз аңырган.

 

Бүттү бекен, же жарыктан, же оттон –

Ал бар жерлер дайым жарык жадырап,

Ал жок жерлер окшойт күнүн жоготкон

 

Биздин аскалар

Такай келип, тиктейм бийик асканы,

Үн чыгарсам турат мени басканы.

Жок, жөн карайм, Бети толо чийимдер,

Анын баары – мезгилдердин жазганы.

 

Бирок билбейм, Анда эмнелер жазылган?

Жоо көп болгон, биздин жерге асылган.

Ошондогу бир кыргындын элеси,

Ташка, мүмкүн, тамга болуп басылган?

 

Кээ бир жазуу окшойт аттуу адамга,

Кармап жүргөн курал-жарак бар анда.

Өлгөндөр бар, Жараланып жаткан бар,

Кээ бир чийим – окшойт качкан караанга.

 

Айтор ага жел тийдиби, жетишет,

Ал жазуулар үнгө айланып кетишет –

Ат азанап, Сыр найзалар карсылдап,

Чуу калыңдап, Ок атылып тарсылдап…

 

Окшоп сени «лап», деп басып каларга,

Бийигин айт аскалардын биздеги!

Ага ылайык көптүгүн айт аларда,

Мезгилдердин туягынын издери!

 

Кыргыздын изин караймын

Боз үйдө жатам. Үстүмдө –

Ачылуу түндүк, кең асман.

Астымда – эски күчүндө

Айланып жатат жер аздан.

 

А жерди алып кучакка,

Куушуп куштай, илгери,

бараткан чыгар бу чакта

Космостун кораблдери.

 

Чогу өчүп, жалаң калды күл

чартылдап күйгөн арчадан.

Алсырап араң батты күн –

иштеп чарчаган.

 

Тоолорду иңир сугунат,

Суулар күчөйт күүгүмдө.

Кулаганы угулат,

Таш күлдүрөп түбүндө.

 

Кай жерден таштар кулады,

Кай жерге жетип жай табат?

Эч ким билбейт, бир аны

Дайра гана айталат.

 

Ошол өңдүү биздин эл,

Жаткан тарых түбүндө.

Айдап, кууп мезгил-жел,

Алып келген бу күнгө.

 

Келген катуу сүрүлүп,

Бийик туруп, пас болуп.

Өлүп, кайра тирилип,

Арбын туруп, аз болуп…

 

Түндүгүнөн боз үйдүн,

Арасынан жылдыздын,

Күчүм берип көзүмдүн,

Изин карайм Кыргыздын.

 

Бүлбүл этет оболу

элестери кыргындын.

Доорлордун бороону,

Белестери кылымдын.

 

Тарых жазбай кагазга,

Кийин келген башкалар,

Тапсын үчүн адашса,

Тамга салган ташка алар.

 

Бирок айран каласың,

Коргогондой баласын,

Коргоп алып келгенге –

Комуз, боз үй, «Манасын!»

 

Турмуш өзү

Турмушта баары болот да,

Турмуштун өзү өйдө-ылдый.

Анда бар кыр да, колот да,

Анда жок түздөр бир ылгый.

 

Төрөлдүң, бүттү, келе бер,

Күтүшөт кыр да, кокту да.

Турмушта болбойт эмнелер,

Таарынуу-коюу жок буга.

 

Бир гана жери – адамда,

Бийикке чыкса чыргыйттап,

Жапыска түшсө жер жыттап,

Өзгөрүү болгон жаман да.

 

Түн жатат

Түн жатат жерге шыбырлап,

Жел менен сууда бир ыргак.

«Сырыңар кайсы?» дегендей,

Себелейт күзгү шыбыргак.

 

Сен да элестеп бир өтсөң,

От денемде дүр эткен.

Кардуу жамгыр болбосо,

Калбас элем бул өрттөн.

 

«Кой, ойлоюн башканы»,

Камчыланам Кашканы.

Ийним тийип жылдызга

Тоо түгөнө баштады.

 

Колтугумда ай калды,

Көралбайм, бирок, мал-жанды.

Койчулардын айлы эмне,

Космоско конуп алганбы?!

 

Жай түнүндө

Мына, мына кеч кабагы бүркөлүп,

Барган сайын күңүрт тартты айлана.

Жарк деп көктө учкан жылдыз мүрт өлүп,

Ай асманда каңгып барат жай гана.

 

Короо-короо койлор жуушап мындагы,

Ай талаада туз жаткансыйт чачылып.

Күлдүрт-күлдүрт сайлардын таш-кумдары,

Коктудагы суунун жаагы ачылып.

 

Билбейм, билбейм асман кайда сугунат,

Агып жаткан жылдыздарды түндөгү.

Алыс-алыс апай беттен угулат,

Кулун-тайдын кишенеген үндөрү.

 

Дөбөт үрсө, колот жакты акмалап,

Кыз селейип, кулак түрөт дабышка.

Ит-куш менен жигиттерден шек санап,

«Чо-ойт!» деп коёт, аз уйкулуу абышка.

 

Сенин күлкүң

Мен жаныңда турганда,

Сен каткырып жиберсең,

Окшоп толкун урганга,

Көмөлөнүп кеткенсийм.

Көп жол басып кыйналып,

Кайра сага жеткенсийм,

Жеткен менен эмине?

Күлкүң кайра жаңырып

Сүрүп салат жээгиңе,

Жетпей койдум деле мен…

Сен жокто да шылдырап

Күлкүң агат денемден.