Айдай Бекбоева: Акболуш

Акболуш

Акболуш быйыл жети жашта. Анын күчүгү бар. Күчүгүнүн аты – Борсулдак. Экөө ынак достордон. Акболуш Борсулдагын ушундай жакшы көрөт дейсиң. Бакчадан келгенде күчүгү борсулдап үрүп, алдынан тосуп чыгат. Өзү тамак жегенде, сөзсүз Борсулдагы менен бөлүшкөндү унутпайт. Атасы жумуштан келе жатканда Акболушка кээде балмуздак ала келет. Борсулдагы балмуздагыңан мага да бөлүш дегендей, борс-борс үрүп калат, ал учурларда экөө эч кимге көрүнбөй кадимкидей бөлүшүп жешет. Акболуш өзүнүн бала кыялы менен атасынан күчүгүнө да балмуздак алып келүүнү суранган. Атасы да бул экөөбүздүн ортобуздагы “сыр” болсун деп убадалашышкан. Ошондуктан атасы кээде балмуздакты күчүгүнө да ала келет. Ошол учурларда күчүгү экөө кадимкидей сүйлөшүп, божурашып отуруп жей турушкан. Ал учурларда апасы:

-“Койсоңорчу, жок жоругуңарды баштабай, атасы сен да бала болуп кетесиң” – деп, калат.

Бүгүн Акболуш биринчи жолу күчүгү менен сейилдөөгө чыкты, буга чейин атасы жана апасы болуп сейилдешчү эле. Апасы терезеден байкоо жүргүздү. Ал аңгыча Акболуш бакчадагы алма бактын ортосунан кеткен жолдон кумурскалардын ары-бери тызылдап жүргөндөрүн көрдү да, таң кала туруп калды. Борсулдагынын мойнундагы жибин алма бактын бутагына байлоону чечти. Кызыгы, жипти кантип бутакка байлайм деп ойлонуп туруп калды. Буга чейин батинкесинин да боосун байлап көргөн эмес эле. Бир убакта колундагы жипти алаканына тегеретип, тегеретип бактын бутагына жабыштыра салды. Терезеден байкап турган апасы “бырс” күлүп жиберди. Акболуш күчүгүн жибинен бакка байладым деп ойлоду окшойт, тызылдаган кумурскаларга кызыгып карап туруп калды. Борсулдагы да кумурскаларды карап турду, бирок оюнкарап ары-бери чуркады, кулпунай өскөн жерге барып аларды жыттагылады, гүлдөргө барып жыттайын десе гүлгө конуп турган көпөлөк назарын алды. Мени кууп жет дегенсип көкөлөп учту, көпөлөктү кууп жетчүдөй артынан кубалады, кайра Акболушту көздөй чуркап келип кумурскаларды карады. Апасы мунун баарын карап турду да, бир маалда эшикке чыкты:

-Акболуш, келчи бери уулум! – деп, чакырды.

-Азыр барам, карасаңыз бул кумурскалар кызык экен деп, бирок

апасын күттүргүсү келбей, серендеп чуркап келди.

-Эмне болду?

-Борсулдагың кана? – деди, апасы. Караса күчүгү ары-бери жүгүрүп

жүрөт. Таң кала:

-Мен күчүгүмдү бир паска бактын көлөкөсүнө жибинен байлап

койгон элем, ал бошонуп кеткен турбайбы, – деди. Апасы күлүп:

-Ооба, сен жакшы байлашың керек эле, – деди. Ал аңгыча Борсулдагы да аларга жетип келди. Мен сага жипти кантип байлайт үйрөтөйүн ээ, сен жакшылап карап тур, деди да жипти бакка кантип байлаганды үйрөттү. Борсулдагын ордуна байлап коюп, үйгө бет алышты.

-Жүрү үйгө, батинкеңдин боосун да байлаганды үйрөн, сен эми чоң

жигит болосуң, мектепке барасың, баарын өзүң үйрөнүшүң керек – деди да, үйгө кирип босогодо турган батинкесинин боосун чечип, анан шашпай кантип байлаганды көрсөттү. Акболуш бир эсе таңыркап, бир эсе сүйүнүп, апасынын мойнунан кучактады. Анткени ал буга чейин батинкени чаптамасы менен гана кийип келген да. Ал өтө эле оңой, ботинкени бутуна кийет да, чаптамасын жабыштырып коёт.

Кечке маал атасы жумуштан келди, тамак даярдап жатып апасы бүгүнкү болгон окуяны айтып берди эле, атасы күлүп:

-Мен да батинкемдин боосун байлаганды билчү эмесмин, кийин апам

үйрөткөн. Ал эми күрмөп байлаганды атамдан үйрөнгөм деди. Ар кимиси бала чагын эстеп, үй шаңга бөлөндү.