Гүлзада Станалиева: Алишер Навоинин тилге жасаган мамилеси ааламдашкан дүйнөгө чоң сабак

Мамлекеттик тил күнүнө карата

Алишер Навоинин тилге жасаган мамилеси ааламдашкан дүйнөгө чоң сабак

Мен бул макаламды мындан эки жыл мурун Ташкентте Алишер Навои атындагы Өзбек тили жана адабияты мамлекеттик университетиндеги конференцияда баяндама катары окуган элем. Ал илимий жыйын Навоинин туулган күнү, 9-февралда, ар жылы өткөрүлөт экен. Ошол конференцияга даярданып жатып, Навоини кай тарабынан карап сөзгө алсам деп бир топ түйшөлүп отуруп ушул макалам жаралган болчу.

Бүгүн мамлекеттик тилдин улуу майрамы күнү мен мекендештериме ушул макаламды тартуулагым келди. Жалпы түрк элдеринин тили үчүн жан үрөп иштеп, бүтүндөй түрк дүйнөсүнө опол тоодой кызмат аткарып кеткен Навоинин өмүрү кыргыз окумуштууларына өрнөк, ар бир мекендешиме улуу сабак болор деп ишенем.

XXI кылымда жашап жатып, тээ XV кылымда өмүр сүрүп, ошол доордун көзү менен өз чыгармаларын жазган Алишер Навои сыяктуу аалымдар тууралуу ойлонгондо, алар бүгүнкү күн үчүн, келечек үчүн эмнеси менен баалуу деген суроо туулат экен. Себеби, «улуу ойчул», «улуу даанышман», «улуу инсан», «улуу жазуучу», «улуу акын» деген эпитеттер менен аты коштолгон тарыхта из калтырган инсандар элдин руханий дүйнөсүнө, маданиятына, аӊ сезимине түбөлүк рухий азык болор кандай ой, кандай идея калтырды деп талдаганга туура келет тура. Ушул өӊүттөн караганда, бир гана өзбек эли эмес, бүтүндөй түрк тилдүү элдердин көрүнүктүү акыны, ойчулу, даанышманы Алишер Навоинин келечек үчүн тарыхый вазийпасы эмнеде жатат? Анын көркөм мурасынан кандай сабак алууга болот?

Ааламдашуу доорунда жашап жатып мындай суроолордун тегерегинде талдоо жасап, ой жүгүртүүгө түрткү болгон бир катар маселелер бар. Мен ошол маселелерди Алишер Навои аркылуу, анын чыгармачылыгы аркылуу кароону туура көрдүм. Буга XV кылымда фарси, араб тилдери басымдуулук кылып, дээрлик бардык акын-жазуучулар ушул тилдерде гана жазып, атак-даңкка жетүү мүмкүн болгон мезгилде Алишер Навои фарси тилин мыкты билгенине карабай, түрк (чагатай) тилинде жазганы көӊүлдү бурат. Бул чындыгында Алишер Навоинин өзбек жана жалпы түрк элдеринин тили, адабияты, маданияты, тарыхы, улуттук аӊ сезими, өз иденттүүлүгүн сактап калуусу үчүн жасаган опол тоодой эрдиги болгон. Муну азыр, ушул XXI кылымда туруп, таӊ калбай, таазим кылбай айтууга мүмкүн эмес. Навоиге чейин түрк тилинде иштеп жазып кеткен ойчулдар жана акындар – Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари, Желаладдин Руми, Юнус Эмре эле. Жусуп Баласагын айтылуу «Кут билим» дастанын жазып, түрк тилинин адабий негизин түптөп берген болсо, Махмуд Кашгари түрк тилинин сөздөрүн терип-тепчип, бир системага салып сөздүк түзүп бергени менен тарыхта калышкан. Ал эми Руми оозеки сүйлөшүү тили катары гана колдонулуп келген түрк тилинде эмгектерин жазуу менен мекендештеринин патриоттук духун ойготуп, биримдик сезимин бекемдөөнү көздөгөн. Юнус Эмре да өзүнүн поэтикалык зор мурасын түрк тилинин барк-кадырын көтөрүү үчүн ушул тилде жазган. Алишер Навои өзүнө чейинки түрк тилинде жазган ушул аалымдарга шыктанышы да толук ыктымал. Илимий булактарда Алишер Навоини айрым окумуштуулар Жусуп Баласагындын эмгектери менен тааныш болгонун белгилеп жүрүшөт [5].

Алп акындар фарсиче жазган “Хамсаны” Навои түркий тилде жараткан

Навои көлөмдүү көркөм мурасы, айрыкча, беш поэманы өзүнө камтыган айтылуу «Хамса» (Бешилтик) (1483-1485) чыгармасы менен өзбек адабиятынын негиздөөчүсү катары жана түрк тилдүү элдердин бараандуу акыны, ойчулу катары дүйнөлүк адабияттан орун алган акын. Навои кайрылган “Хамса” XII кылымда пайда болгон жанр. Аны биринчилерден болуп азербайжан акыны Низами Ганжеви (1141-1209) негиздеген. Ал “Сырлар казынасы”, “Хосров жана Ширин”, “Лейли жана Мажнун”, “Жети планета”, “Искандар-наме” деген беш өз алдынча поэманы бир көркөм чыгарма катары Хамса жанрында жазган. Бул беш башка окуя сүрөттөлгөн беш поэманы Низами бир идеялык бүтүндүккө бириктирген. Эл оозунан түшпөй калган айтылуу «Хамсага» Хосров Дехлеви жана Абдуррахман Жамилер да кайрылган. Жаминин чыгармачылыгын тереӊ сыйлаган, аны өзүнүн устаты катары көргөн Алишер Навои да өзүнө чейин фарси тилинде гана жазылып келген «Хамсаны» түрк тилинде жазууну чечкен. Муну ал «Бешилтикте» мындайча түшүндүрөт.

Ганжуга, Берда, Румга даңкың кеткен,

Низами, сага калктар сыймык эткен.

 

Хосров да тил канжарын алган экен,

Чабуулун Индастанга чалган экен.

 

Жамий да добулбасын каккан экен,

Иранды, арапты да чапкан экен.

 

Ал эми түрк элдери менин жергем,

Багынып башын ийип алар берген.

 

Сан миң кол баштап алып барганым жок,

Коркутуп канды төгүп алганым жок.

 

Ыр жаздым, ыр дайрасын агыздым мен,

Дайра эмес, ырдын балын тамыздым мен.

 

Шираздан чөлгө дейре түркмөн турган,

Бир менин буйругума көңүл бурган.

 

Кытайдын сепилинен бери карай,

Аттанып Хорасанча тапкам паанай.

 

Кай жерде түрк болбосун угар мени,

Сыйлашып кадыр кылып турар мени. (Смар Шимеевдин котормосунда “Фархад менен Ширин” поэмасынан)

Көрүнүп тургандай, Навои өзүнө чейин бул жанрда иштеген үлкөн акындарга өтө чоӊ баа берген. Ал «Хамсасын» Низами Ганжевинин, Хосров Дехлевинин жана Абдуррахман Жаминин улуу талантына, чыгармачылыгына таазим этүү менен баштайт.

Навои ошол доордун көркөм эстетикалык бийиктиктин чегин көрсөткөн, философиялык ойломдун өзөгүн түзгөн, саясий-тарыхый энциклопедиясы болгон «Хамсага» тегин жерден кайрылбайт. Ырас, бир тарабынан ошол доорлордо эл оозунан түшпөгөн сюжеттик окуяларга бир канча автор удаалаш кайрылып, өз вариантын жазган учурлар көп болгон. Навои да ошол салтты улагысы келгендир. Бирок бул маселенин бир тарабы гана. Калеми такшалган, өзүнүн жазуучулук дараметине көзү жетип калган, мамлекеттин чоң саясатына аралашып, кылдат стратег даанышманга айланган Навои (Хусейн Байкаранын баш вазири болгон), илимдин, адабияттын, тилдин эл тагдыры үчүн кандай мааниге ээ экенин жакшы түшүнгөн Навои өзүнө чейинки улуу акындар менен бир эсептен чыгармачыл таймашка да чыкса керек, экинчиден, анын негизги максаты – өзүнө чейин жалаӊ фарси тилинде жазылып келген айтылуу «Хамсени» түрк тилинде жаратып, түрк тилине поэтикалык статус ыйгаргысы да келгенин моюнга алышыбыз керек. Анткени Навои жашаган доордо түрк тилдүү элдер толугу менен фарси жана араб маданиятына көз карандылыкта калган. Иш кагаздары, мектептерде билим берүү бүтүндөй фарси тилинде, ал эми диний культтар араб тилинде жүргүзүлгөн. Түрк тили күнүмдүк турмуш-тирчиликтин шартында гана колдонулуп, оозеки сүйлөшүү стилинде гана жашаган. Ушундан улам түрк тилдүү элдерден чыккан акын-жазуучулардын дээрлик баары фарси тилинде жазууга артыкчылык беришкен.

Навои жашаган доордо жана аймакта да түрк тилинин мамлекеттик жана расмий статусу жок болгонуна карабай, ал өзү да бир канча тилдерди мыкты деӊгээлде билип, ал тургай ал тилдерде чыгармаларын жаза алганына карабай, өзүнүн негизги чыгармаларын түрк тилинде жазган. Улуу даанышмандын мындай кадамынын тарыхый да, маданий да мааниси чоӊ болгон. Ал түрк тилинде жазуу менен, түрк тилинин адабий деӊгээлин көтөрүү үчүн жанын үрөп иштеген. Буга анын «Хамсесинде» өзүнө чейинкилерден айырмаланып, теманы өз алдынча идеялык маӊыздан ачып бергени, окуяларга жана образдарга жаӊыча трактовкасын жасап, оригиналдуу чыгарма жаратканы эле чоӊ далил. Ошондуктан, айрым батыш ориенталистикасындагы Навои тек гана даяр сюжетти кайталоо менен чектелген деген калпыс пикирлерин бүгүнкү күндүн окумуштуулары кескин четке кагышат [2].

Навоинин эне тили болгон түрк тилинин поэтикалык макамы үчүн кам көргөнү, аны өнүктүрүүгө өзүнүн өмүр бою топтогон бай тажрыйбасын жумшаганы – бул жалпы түрк элдеринин адабияты, тарыхы, маданияты, философиясы, азыркы түркология илими үчүн жана түрк цивилизациясы үчүн чоӊ мурас, улуу дөөлөт. Бул мурас, бул дөөлөт учурдагы глобализациянын мезгилинде чоӊ сабак боло турган өрнөк. Себеби, жашаган доордо доминант тилдерге басылып калган улуттук тил маселесин тереӊ түшүнө билген Навоинин зор эмгегинин актуалдуулугу бүгүн да күн тартибинде күйүп турат.

Ааламдашуу дүйнөнү бириктирди, бирок улуттук тилдерди жарга такады

Ааламдашуу чындыгында бүтүн дүйнөнү бир түйүнгө бириктирип, бирдей өнүгүүгө өбөлгө жараткан процесс болду. Анын натыйжасында дүйнөдө бирдиктүү саясат жүргүзүлүп, бүтүн жер жүзүндөгү өлкөлөр, элдер бирдиктүү экономикага байланып, бирдиктүү маданиятты аӊ сезимдерине сиӊирип, бирдей жашоо образын күтүп, айтор, саясий-экономикалык жана маданий интеграция күч алды. Бирок, мындай ар тараптуу интеграциянын негизинде дүйнөдөгү элдер бир жагынан бири-бири менен байланышы жеӊилдеп жакшырса, экинчи тараптан, экономикалык, саясий күч-кубатка ээ бир-эки тилдин башка улуттук тилдерге жана маданияттарга караганда доминанттуулук кылып, ал тургай, жашоодо аларга болгон суроо-талапты жоюп, жок болуп кетишин да шарттап жатат. Өткөн доорлордо мындай коркунучка экономикасы артта калган өлкөлөрдүн, элдердин тилдери гана туш болгон болсо, ал эми учурда бул маселе өнүккөн европалык өлкөлөрдү да кыйла кооптондуруп калды. Бул көйгөйгө англис (америкалык) тилдин барган сайын кулачын жайып, саясаттын, экономиканын, технологиянын, илим-билимдин, маданияттын, бизнестин ж.б. дээрлик бардык тармактын универсалдуу байланыш куралына айланып калганы себеп болду. Күнүмдүк тиричиликке күн сайын өнүккөн технологиялык жаӊылыктар менен кошо кирген англис сөздөрү дүйнөнүн бардык тилдерин жапырт каптап келатканы табигый көрүнүш болуп калды. Мунун натыйжасында айкалышкан гибрид тилдер да жаралууда, алсак, «франгле» же «френглиш» сыяктуу француз менен англис тилинин «бирикмесинен» турган тилдер пайда болууда [1]. Дүйнөнүн күчтүү тилдеринин бири болгон орус тилине да бүгүн англис тилинин үстөмдүгү күч алганы жашыруун эмес.

Тил бул жөн гана байланыш куралы эмес, тил бул бүтүндөй бир элдин дили, маданияты, иденттүүлүгү. Ошондуктан, бүгүнкү күндө тилге өтө маани берип, тилди изилдөө, анын маани-маӊызын талдоо жалаӊ гана лингвистиканын, тил илиминин объектиси болуудан тышкары, философияда, тарыхта, социологияда, саясат илиминде, психологияда ж.б. илимдердин изилдөө предметине айланды. Себеби ар бир локалдык маданият кандайдыр бир тарыхый жана табийгый шарттарда өзүнүн дүйнө картинасын тил аркылуу жаратат. Ар бир маданият өзүнүн тилдик системасына ээ. Тилсиз кайсы бир маданиятты элестетүү мүмкүн да эмес. Тил маданияттын өзөгүн, анын ички өзөгүн түзүп турат. Тил аркылуу адамдар символдорду, үрп-адаттарды, каада-салттарды, ишенимдерди, баалуулуктарды, идеяларды сактап, муундан-муунга өткөрүп келет [3]. Демек, тил маданияттын өзөгүн түзүү менен ар бир элдин алмаштыргыс улуу мурасы. Ушундан улам белгилүү немец философу Мартин Хайдеггер «Тил – бул болмуштун үйү» деп мүнөздөгөнү да бекеринен эмес. Ал эми 21 кылымдын философу атка конгон француз философу Мишель Фуко «тил – бул дүйнөнүн образын түзүүчүсү» деген. https://cyberleninka.ru/article/v/mirovozzrenie-kartina-mira-yazyk-lingvisticheskiy-aspekt-sootnosheniya-1. Демек, тилдин жок болушу бүтүндөй болмуштун өзүнүн кыйроосу менен барабар кыямат.

Эгерде кайсы бир элдин улуттук тили жоголсо, анда ал элдин өзү да эл катары жок болот. ЮНЕСКОнун маалыматына таянсак, бүгүнкү күндө дүйнөдө 6 миӊ тил бар [4]. Бирок, учурда окумуштуулар ааламдашуу шартында жер жүзүндө ар эки жумада бирден тил жоголуп баратканын каӊкуулашууда https://rus.azattyq.org/a/kazakh_language_crisis_/1964451.html.

Эгер улуттук тилдердин өлүшү ушундай темп менен кетсе, ушул 21-кылымдын соӊуна чейин эле адамзат чоӊ тарыхый, руханий, маданий жоготууларга дуушар болот. Себеби ар бир улуттук тил – бул жалпы адамзатынын чоӊ байлыгы. Эгер бир тил жоголсо, анда аны менен бирге бүтүндөй бир эл, анын маданияты, тарыхы, руху кошо өлөт. Анын ордун дүйнөдө башка бир да бир нерсе толтура албайт. Ар бир улуттук тилдин өлүшүн мындайча элестетсек болот. Мисалы, бүгүнкү күндө Мисирдеги пирамидаларды бузуп талкалап, алардын ордуна заманбап имараттарды курсак кандай болот эле. Ар бир улуттук тилди өлтүрүү да ушуга тете окуя. Ар бир улуттук тил – жалпы адамзаттын асыл мурасы.

SIL International изилдөө уюмунун маалыматына ишенсек, дүйнөнүн 65%ы сүйлөгөн 10 гана тил толук кандуу жашоосун улантышы мүмкүн экен: кытай, хинди, англис, испан, бенгали, португал, орус, япон, немис, корей тилдери https://korrespondent.net/world/44049-na-zemle-ischezayut-yazyki. Турмуштук зарылдыктан улам үйрөнгөндөр да ушул 65%тин ичинде. Тилекке каршы, булардын катарына түрк тилдеринин бири да кирбейт. Дүйнөнүн дээрлик бардык булуӊ-бурчунда түрк тилдүү калктар жашаганы менен түрк тилинин бүгүн дүйнөдө өзүнүн тиешелүү орду ойлонто турган маселе.

Илимде колдонулган тил – дүйнөнүн тилине айланууда

Бүгүн дүйнөлүк масс-медианын тили, абройлуу, рейтинги жогору эл аралык илимий журналдардын басымдуу бөлүгү, алдыӊкы университеттер жогоруда белгиленген доминант тилдерде иш алып барганы маалым. Ошондуктан, түрк тилдүү элдер үчүн да тилди сактоо, өнүктүрүү маселеси учурда кабыргасынан коюла турган көйгөй экенин моюнга алуу кажет. Учурда түрк интеллигенциясы, илимпоздору, жазуучу-акындары үчүн да дүйнөлүк илим менен маданий чөйрөгө аралашыш үчүн, таанылыш үчүн дүйнөдөгү доминант тилде өз эмгектерин жазып жарыялашы керек. Илим чөйрөсүн бир платформага бириктире турган илимий журналдардын дүйнөлүк системасына кирүү муктаждыгы жана аргасыздыгы жаралды. Мунун өзү жакынкы эле келечекте түрк тилдүү окумуштууларды да өз эне тилинде эмгек жазуудан оолактатып коюу коркунучун жаратары бышык. Айрыкча, балдардын келечекте дүйнөгө интеграция болушун ойлоп, аларды доминант тилде билим берген мектептерде, жогорку жана орто окуу жайларда окутуу, маалымат булактарынын масштабдуу бөлүгү доминант тилде болгону бүтүндөй интеллектуалдык чөйрөдө улуттук тилдердин маселесин курчутары бышык.

Мындай көрүнүшкө туруштук берүү үчүн, түрк тилдүү элдердин улуттук тилин сактап калуу үчүн бул тилдерди илим, билимдин, маданияттын тили катары өнүктүрүү стратегиясын аныктоо менен гана чечүүгө мүмкүн болот. Себеби маданияттын, илим, билимдин тили катары болуудан калса, ал тилдин келечеги болбосу айдан ачык.

Алишер Навоинин улуу сабагы

Эми кайрадан Алишер Навоиге келсек. Алишер Навои доминанттуулук кылган тилдерге карабай, атак-даңкка жеткире турган тилде мыкты жаза билгенине карабай, өзүнүн улуттук тилинде негизги чыгармаларын жазган. Анын бул кадамын азыркы мезгилдеги адамзатына тарыхый сабак боло турган эрдиги катары баалоого арзыйт. Учурда Алишер Навоидей доордун бийик интеллектуалдары өздөрүнүн улуттук тилдеринде эмгек жазбаса, анда ал элдин келечеги жок болот. Башкача айтканда, ар тараптуу тереӊ билим алган Навоинин түрк тилинин келечеги үчүн жасаган стратегиялык кадамын бүгүнкү күндө улантуу парз. Улуттук тилдерде эмгектерди жазуу, сактоо, санариптештирүү ишин активдештирүүбүз шарт.

Жогоруда айтылгандардын негизинде улуттук тилдерди өнүктүрүү үчүн колго ала турган эӊ негизги иш-аракеттер булар деп эсептейбиз:

Эӊ негизгиси, балдарды эне тилинде татыктуу билим алуусу үчүн алдыӊкы шарттарды түзүү: эне тилде окуткан мугалимдердин профессоналдуулугун өстүрүү, технологиялык жабдыктар менен мектептерди камсыздоо, окуу китептеринин эне тилде сапаттуу жана сабаттуу жазылышы үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу сыяктуу мамлекеттик саясатты жүргүзүү керек.

Ошондой эле мектептерде балдарга кош тилдүүлүккө жол ачкан чет тилдерди үйрөтүүнү жолго коюу. Улуттук тилдерге ошол өлкөдө жашаган башка элдердин сый-урматын өстүрүү. Эне тилди билүү – артыкчылык катары каралган шарттарды түзүү.

Түрк тилдүү элдердин илимий бирдиктүү платформасын түзүү: илимий түрк тилдүү элдердин абройлуу илимий басылмаларын чыгаруу; түрк тилдүү элдердин ортосундагы илимий карым-катышты чыӊдоо үчүн ар бир тармактын ассоциацияларын түзүү (Түрк элдеринин философторунун ассоциациясы, Түркологдордун ассоциациясы ж.б.), түрк тилдүү элдердин бардык илимдер боюнча бирдей терминдерди кабыл алышына багыт алуу, бирдиктүү алфавитке өтүү ж.б.у.с. биригүү да түрк тилдүү элдердин тилин өнүктүрүүгө, анын ичинде кыргыз тилин өнүктүрүүгө жакшы өбөлгө-шарттарды түзүп бермек.

Себеби бүгүнкү глобалдашкан дүйнөдө локалдашуу, территориалдык, саясий, маданий, этникалык ж.б. белгилердин негизинде биригип иш алып баруу алдыӊкы планга чыкты. Мындай локалдашуу менен түрк тилдүү элдер улуттук тилдерин сактап калууга, өнүктүрүүгө бир катар мүмкүнчүлүктөрдү алышмак деген ойдобуз.

Колдонулган адабияттар:

  1. Абдулхаков Р. Р. Проблема исчезновения языков [Текст] / Р. Р. Абдулхаков // Филологические науки в России и за рубежом: материалы II междунар. науч. конф. (г. Санкт-Петербург, ноябрь 2013 г.). — СПб.: Реноме, 2013. — С. 33-37.
  2. Е.Э. Бертельс НАВОИ. ОПЫТ ТВОРЧЕСКОЙ БИОГРАФИИ. (Отрывки из книги)http://greylib.align.ru/436/e-e-bertels-navoi-opyt-tvorcheskoj-biografii-otryvki-iz-knigi.html
  3. Буряк Н.Ю. Лингвопедагогическая культура. Учебное пособие для студентов подготовки направления бакалавриата.- Краснодар: Издательский дом «ХОРС», 2013. – 404с.
  4. Н.Ю. Буряк, Ю.С.Жданкина Проблемы исчезновения национальных языков и культур. – Международный научный журнал «Инновационная наука». №11/2015. – ISSN 2410-6070.
  5. Муминова Дилафруз Воспитание учащихся на основе нравственных взглядов Алишера Навои. – №58-5, 24.01.2017. Педагогические науки. https://novainfo.ru/article/10831
  6. Алишер Навои Поэмы. Перевод со староузбекского. – Москва: Издательство «Художественная литература», 1972. – с. 39.
  7. https://korrespondent.net/world/44049-na-zemle-ischezayut-yazyki.
  8. https://rus.azattyq.org/a/kazakh_language_crisis_/1964451.html.
  9. https://cyberleninka.ru/article/v/mirovozzrenie-kartina-mira-yazyk-lingvisticheskiy-aspekt-sootnosheniya-1
  10. https://www.turantoday.com/2013/05/karaman.html

Гүлзада Станалиева

Филология илимдеринин кандидаты