Ризван Исмаилова: Көкүрөктү бошоткуң келсе, көрүстөнгө бар…

Көкүрөктү бошоткуң келсе, көрүстөнгө бар… 

(Б.Усубалиевдин “Чымчыктар сайрап жатат…” деген аңгемесин окугандан кийинки ойлор)

Экинчи макала

Түркиялык атактуу жазуучу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Орхан Памук: “Быть писателем-это значит заставить сказать читателя:” “Я тоже хотел сказать это, но не мог бы выразит так просто” деп айткандай, ачуу чындыкты айткан жеңил эмес. Аны ыгы менен айтканды билген, жеткире алган да чеберчилик. Айтмакчы, О.Памукту Ата-мекениндегилер жактыра беришпейт, жаман көрүшөт, анткени анын чыгармаларында акыйкатты көзгө сайып көрсөткөн, чыркыраган чындыкка тике караганга аргасыз моюн сундурган даремет күчтүү.

Чебер сүрөткер Бейшенбай Усубалиевдин “Зоока” деген чыгармалар жыйнагында өзгөчө бир таасирдеги, ичти эңшерилтип муңайткан, трагедия десең трагедиянын өзү, оптимизм десең оптимизмден куру эмес, Адам жана анын жан-дүйнөсү деген консепт ойдун борборун ээлейт. Каармандарынын жан-дүйнөсүнө сүңгүп, ички органдарына жасалган операция сыяктуу “Чымчыктар сайрап жатат…” деген аңгемесин кайчылаш сезимдерсиз, үшкүрүксүз окуш кыйын. Окуп баратып, бир нече жолу оор улутунуп, чукул-чукул дем алганга аргасыз болосуң. Сентименталдуу абалдын таасиринен эмес, өмүр менен өлүмдүн ортосунун табышмактуулугу, кайсы күнү сууң түгөнүп, кайсы күнү дем алышың токтоп, ушул жарыкчылыктан кеткениңди ырастаган сезимди мойнуңа алганың үчүн оор сезилет… Аңгеменин мазмунундагы негизги ойдун чартактап өсүп, ойдон ой бөлүнүп, көбөйүп ал эмес, оожалып баратканын байкайсыз. Балким, жазуучунун колуна түшпөсө, ушул окуя турмушта боло турган кадыресе көрүнүштөй кабылданмак.

Автордун баяндоо же болбосо айтып берүү ыкмасында жайбараттык, токтоолук, эч кандай эмоция байкалбаганы менен чакан эпизоддо же майда деталдардын айрым штрихтеринен (Терезенин маңдай жагында жыш өскөн тал –теректер болор эле. Тегиз көгөрүп бүрдөптүр. Чын эле чымчыктар сайрап жатат. Ошол тал–теректерге өнүп алышып, үн алышып жатышкансыйт. Бирок кайсы теректен сайрап жатканын билип болбойт. А түгүл  кайсы куш сайрап жатканын билбеди. Бир да куш көрүнбөйт [19]. купуялуу сезимдин миң түркүн кыры, жиги, учугу акырын ачылып, билинип-билинбей өзүнүн өң-түсүн айкындай баштайт. Контексттеги кайсы терек, кайсы куш деген эпитет өтмө мааниде өмүр, мезгил дегенди туюндурду. Адамдын бу жарыкчылыкка келер-кетери табышмак.

Кадимки турмуш көрүнүшүнөн, же окуядан, же адамдар ортосундагы карым-катнаш, кадыресе мамиледен окурманды ыйлатканга, күлдүргөнгө, муңайтканга, үшкүргөнгө кыскасы, олуттуу ойлонгонго айласыз кылат. Мунун өзү жазуучулуктун өзгөчө бир касиети, башкалардан аны айырмалап турган, “Усубалиевди окуганга аргасыз тарткан ышкыны бөлүп көрсөткөн” кызыл сызыктай менчик стилинин артыкчылыгы. Бир да чыгармасында татаал сюжет жок, тескерисинче жеке экспрессивдүүлүк басымдуулук кылат. Мунун өзү улуттук адабияттын көркөм прозасында тематикалык психологизмдин өркүндөтүлгөн формасын айгинелейт.

Келиңиз, биз эмес, аңгеменин өзү айтып берсин. “Бир гана чымчык дегени эсимде калган окшойт (Автор биринчи жак менен айтты). Негедир жүрөгү зырп этип алды (үчүнчү жак менен берди)… Анан өзү эмес, ичиндеги кимдир бирөө шыбырагандай болду:

-Чымчыктар сайрап жатат… Эми биз аны көрбөйбүз. Ал чымчык болуп учуп кетти. Ал эми чымчык болуп келет!… [19]

Бул Саматтын бала кезинде укканы, эсинде калган, эсинен таптакыр кетпей калган кейиштүү окуядан улам өмүр менен өлүмдүн эмне экенине баамы жетпесе да, түшүнө албаса да, ошол жаман окуяга карата ички сезим-туюмунун, үлбүрөк интуициясынын күрөшү баяндалат. Ошондо атасы айткан:

-Канатбегиң чымчык болуп учуп кетти. Биз эми аны көрбөйбүз. Эми Канатбегиң чымчык болуп учуп келет… [19]. Бала бала бойдон калбайт, анын тырнактай кичинекей жүрөгү анын убайым чеккен ымыркай көкүрөгүнө таптакыр тынчтык бербей коёт. Көрсө, ошол өзүнүн тыпыйган муштумундай көкүрөгү көрүп- сезген, билип-туйган көрүнүштөргө каршы күрөшө алат экен. Биз, чоңдор аны таназар албайбыз, билгибиз да келбейт. Билип-сезип турсак да, “бала да…” деп кол шилтеп коёбуз.

Окурманга түшүнүктүү болсун үчүн сюжетине кыскача токтолоюн. Саматтын (Самат анда кичинекей, өтө эле кичинекей эле. Канчада экенин өзү да билчү эмес. Атасы мынчадасың деп манжаларын көрсөтүп кутулчу) кичине кезинде бир тууган Канатбек деген бөбөгү (кайсы манжасын көрсөтөрүн билбей, мулуң этип күлүп коёр эле. Анткени, Канатбеги “манжага” жете элек болчу) чарчап калат. Бөбөгүн жакшы көрчү, ыйлаганы гана элес-булас эсинде болот. Анын жыты, ошол жыт балалыгынын элеси катары көкүрөгүнөн көчпөй калат. “Баса, анан мурдуна кандайдыр бир жыт келет, башка жыттарга таптакыр окшобогон, өзгөгө гана эмес, өзүнө да түшүндүрүп бере албаган, же жагымдуу экени, же жагымсыз экени билинбеген кандайдыр бир жыт келет”. Ошол жыт образ-предмет катары чыгармада өзүнчө жүк көтөрүп турат. Ойду кыска, так, үнөмдүү, элестүү жана образдуу бергенге кызмат кылат.

Баланын дүйнөсү таза, кир жуга элек кези. Турмушка, айлана-чөйрөсүнө балалык тунук көз менен карайт, ишенет, ошол ишеничтен, таасирден, көргөн-билгендеринен дүйнө-таанымы өсүп-кеңейип отурат. Баланын эсинде төр жакта ак чүпүрөккө оролгон бир нерсе жаткан, аялдардын камыр жайып жатып: “Суук тийгизип алышкан тура, бечарага!…” деп сүйлөшкөнү, заматта үйүнө эл чогулуп, батпай кеткени калган. Ушул микроэпизоду ушунчалык кылдаттык, өтө этияттык, камырдан кылды сууруп чыккандай чеберчилик менен жазган, көкүрөк көөдөнүң “зырп” эте, ийне менен сайып алгандай тызылдай түшөсүң, үшүй түшөсүң…

“Эмне экенин билбейт, бир кезде Самат ошол ак чүпүрөккө оролуп жаткан нерсенин жанына баргысы келип кетти да, ордунан тура  жөнөдү. Бир аксакал колунан кармап калды:

-Кой, балам, аякка барууга болбойт;

-Мейли, бара берсин,- деди дагы бирөөсү, – жүрөгү сезип жатпайбы. Наристе да.. Бир искеп алсын…

-Бала да… Жүрөгү түшүп калбайбы.

-Түшпөйт… Баланын да жүрөгү түшмөк беле!…[20]. 

Эсимде, мен өзүм кичинемде, экинчиде же үчүнчүдө белем: “Ата, адам өлгөндөн кийин эмне болот?…” деп, такып сурап, бир нече күн бою ошол суроонун сүрүнөн өлө коркуп, өпкө-өпкөмө батпай ыйлаганым, эсимде… Бала кезде өлүм коркунучтуу, сүрдүү, ыйбалуу эле. Өлүм жөнүндө баланын табышмагы жандырмаксыз калчу. Бара-бара адамдын жүрөгү катып, өлүмдөн коркпой, ал эмес, өлүм жөнүдө ойлонбой, санааркабай, кадимки табыйгый көрүнүш катары кабылдап калары эмнеликтен?

Так ушул суроонун жообу Б.Усубалиевдин “Чымчыктар сайрап жатат…”, “Союп салышыптыр…” деген эки аңгемесинде кененирээк, так, таамай, дагы башка чыгармаларында үстүрт айтылат.

Оор кайгыга каңырыгы түтөп, көзүнө жаш тегеренбеген ким бар? Чоңдор, эркектер адеп сактагансып, салабаттуу тымпыйышат, аялдар, айрыкча эне байкуш оозунан көк түтүн бүркүйт. А балдар болсо, бала өпкө-өпкөсүнө батпай чын жүрөгүнөн ыйлайт. Чыгарманын каарманы Саматтын балалык көкүрөгүнө из калтырган окуя апогейинде бөбөгүнүн чарчап калышына себепкер болгон, чымчык болуп учуп кетишине түрткү берген “күнөөкөрдү” таап, “балалык жүрөгүнүн өкүмү” менен соттоду. Мындан өткөн трагедия барбы?

Азыр, азыркы учурда адам адам менен эмес, смартфон мене дос болгон, телефон менен сырдашкан, жан –дүйнө сырын, муңун төгүп аларга тирүү киши таппай же тапкысы келбеген, таба албаган “санариптин заманында” өлүмдүн баркы-кадыры кеткени ыраспы? Тажыяга көз көрсөтүш үчүн келип, жер тиктемиш болуп телефон чукулап отургандары, мыйыгынан жылмайып сүйлөшкөндөрдү, өзү өлбөй тургандай болуп ишине шашкандарды, бир ууч топуракка салганга убакыт таппагандарды көргөндө, өлүмдүн деле наркы кеткенин моюнга аласың…

Бир жолу айылдан бирөө көз жумуп, Самат атасы менен көрүстөнгө барганда, ак чүпүрөккө оролгон нерсе көз алдына келет. Ошол томпойгон үч-төрт топонун кайсынысы Канатбектики экен деп ойлонот, оор ойлордон түйшөлөт. Эч унута албайт. Балалыкка кара так салган нерсени эс тутумдан өчүрүп таштаганга таптакыр мүмкүн эмес экен! Мына ушул ойду, мына ушул ачуу чындыкты, нукура реалдуулукту автор мындайча тереңдеткен: “Башы маң болуп, каңырыгы бир түтөп алат: ал балалыктан алыстап баратат, балалык үлбүлдөп артта калууда… Тык токтойт. Жок! Теңирден тескери экен. Жаш өйдөлөгөн сайын, адам балалыгына жакындай берет тура, балалыкка келүү үчүн алыстоо, ажыроо керек тура! [21]

Өмүр менен өлүмдүн жашоосу токтобойт, өмүр көчүндө экөөнүн күрөшү да бүтпөйт. Өлүм-жашоонун башталышы деп коюшат. Мен ага кошулбайм… “Өлдүң-өчтүң” дегени чындык. Бир өмүргө кантип келгенин эмес, кантип кеткениң маанилүүрөөктөй. Аны ар ким алына жараша чечмелейт, түшүнүгүнө жараша жашап өтөт. Өмүрдүн маңызы адам пендесинин жан дүйнө купуялуулугу.

Жазуучунун аңгемесиндеги атасы Ашым эски коргонду телмире тиктеп турганда, жанына келген карыянын мындай кеби безге сайгандай “дирт” эттирет:

-Бу адамды мезгил карытпайт экен да. Адамдын башын эскерүү жутат көрүнөт…

Ошол окуядан кийин эки жыл өтпөй Сагындык төрөлөт. Ал торолгон сайын Канатбеги да унутулуп бараткансыды. Кайсы бир күнү атасы экөө көң жүктөп жатышканда, кайсы бир куш сайрап кирди. Дагы кайталанды. Кайсы бир күнү, кайсы бир куш. Бала унута албады, атасынын унутканы ырас. Атасы менен ачык, бирме-бир, көзмө-көз сүйлөшкөнгө чейин, чындыкты билгенге чейин бөбөгүнүн чымчык болуп учуп кеткенине ишенген да. Самат көң ташыганын тык токтотту да, элее тыңшап калды. Самат атасына бурулду да, көзүн жашылданта:

-Чымчык кылып жибербей койсоңор болмок…-деди.

Бир аз үндөбөй турду да, күнөөлүүдөй башын шылкыйта акырын . -Мен аны сагындым.

Атасы титиреп кеткен:

-Эмне деп  жатасың, айланайын!? Кимди сагындың?

-Баягычы…-деген акыры,-силер алып кетпедиңер беле.. Анан кайра алып келген жоксуңар да. Айтпадың беле. Чымчык болуп учуп кетти дегенсиң…

Атасы менен баланын диалогу, өмүр менен өлүмдүн кайым айтышындай сезилгенсийт… Билбейм, балким мен туура эмес аңдагандырмын…

Атасы ого бетер титиреди:

-Ал чын эле чымчыкка айланып кеткен…

Атасы менен баласынын суроо–жообу эс тутум менен абийирдин арбашканындай сезилгенсийт… Билбейм, балким мен туура эмес түшүнгөндүрмүн.

Мун укканда Самат  чыдай албай, бышактай кеткен:

-Анда суук тийгизбей эле койбойсуңбу… Өздөрү суук тийгизип, чымчыкка айланып кетти дешип…

-Ал кудайдын иши, балам,- деди атасы үшкүрүнө. -Угуп жатасыңбы, кудайдын иши. Эч бир пенденин колунан келбейт. Кудайдын өзү ошентип чымчыкка…

-Ооба, сага, ал чымчык болуп учуп кетпей эле, өлүп калган турбайбы!… А өлгөндөр чымчыкка таптакыр айланып кетпейт деп жатышпайбы!…

Ата менен баланын диалогу акыйкатка жетиш үчүн, акыйкатты моюнга алыш үчүн, акыйкат менен жүздөшүү үчүн сот процессиндеги окуяга тиешеси бар күбөлөрдүн эмес, актоочу менен каралоочунун диалогундай туюлду. Балким мен жаңылышкандырмын…

Кичинекей бала менен чоң адамдын, тагыраак айтканда, ата менен баланын ортосундагы сырдана диалогдун кульминациялык чекитке жеткенге чейинки чыңалуусун мурда-соң болуп көрбөгөндөй этияттык менен эшип, түйүп, чыңап-чыйралтып отурат. Анткени, чындыкты бетке айтуу оор, чындыкты моюнга алуу андан бетер кыйын, чындыкка тике караганга темирдей эрк керек. Биз, пенделердин башындагы иш ушундай.

-Ата, ата… деди коомайсыздана.

 -Ии…

-Сен ошондо урушпай эле койсоң болмок,ээ?…

-Ыя!? Кимди? Качан?

-Апамдычы. Баягындачы?

 -Качан?!

-Кой жоголуп кеткендечи.

Атасы эстей албай жаткандай, дел болуп туруп калды.

-Сен апамды иттей урушкансың. Койлор кайда дегенсиң. Бар, жерден чукусаң да таап кел дегенсиң

Атасы дале үндөй албай турду.

-Апам эшикте жаан жаап жатпайбы. Күн суук. Баланы кантем деген.

-Бала-салаңды билбейм,-деп кайра иттей уруштуң.-Таап кел дегенде таап кел дедиң. Таппасаң!. Анан мен корком. Ыйлагам… Апам болсо кимди… Тиги кимди…

Атасы билинер-билинбес күңк этти:

-Канатбекти.

-Апам Канатбекти көтөрүп алып, тоону көздөй жүгүрүп жөнөдү. Мен да ыйлап, ыйлап артынан баратам, артынан баратам. Анан апам чоң арыктан өтүп, тоого чыгып кетти. Мен болсо өтө албай, ыйлап тура бердим, тура бердим. Анан… Анан… Эртеси… [24]

Бул тирүүлүктө пенденин башында эмнелер гана жок. Чоңдор, айрыкча ата-энелер, алардын жакындары баланын сезими менен эсептешиш керек, баланын жан-дүйнөсүнө үңүлүш керек, керек болсо баланын тили менен баладай сүйлөшкөнгө үйрөнүш керек деген кыйытылган ой чыгармадан чыгармага өткөн. Бала баарын байкап, көрүп-сезип, аны тырнактай жүрөгүнөн өткөрүп турат, алына жараша анализдеп турат. Бала өз сезим-туйгусу, жан дүйнө кыйкырыгы, ачуу көз жашы үчүн эч качан, эч кимдин алдында күнөөлүү эмес. Жазуучунун чыгармасындагы эң башкы мотив –Бала жана анын жан дүйнө ааламы.

Эсиңизде бардыр, жазуучунун “Жүрөк сууга агып баратат” деген аңгемесинин каарманы Саламат бир кызды биринчи жолу өөп алганын балдарга мактанып айтканда, өспүрүмдөрдүн реакциясын айтсаңыз… “Сөздү эмнеден баштарыбызды билбей, башты жерге салып, шылкыйып келатабыз. Мен ошондо бир нерсени-баарыбыздын ичибиз күйүп келатканын – туйдум. [94] Же болбосо окуучунун “сүйүктүүсү” Жүзүмканга башка айылдан бирөө кат жазганынан Саламаттын абалын, баланын жан дүйнөсүндөгү будуң-чаңды түшүнөбүзбү? “Көпүрөгө жеткенде Саламат баягы бизге көрсөткөн барагын чөнтөгүнөн шарт сууруп чыкты. Баарыбыз жабыла тиктедик. Ар кимибиз өзүбүзчө шыбырай кеттик: “Жаза элек экен…” Саламат баягы жүрөктү узакка-узакка карап турду да, бырыштыра кармады. Ар бирибиздин жүрөгүбүз зыркырай түштү” [108]. Жазуучунун жак мүчөлөрүн кылдаттык менен айкалыштыра, ичкериден бирин-экинчисине чырмап, башкы ойду алмак-салмак чыйралтып отурганы орундуу.

Аңгеменин соңунда автордун бир ою, жүйөөсү, бүтүмү окурмандын эс тутумуна, көкүрөгүнө капылет ийнедей сайылган мындай: “Жүрөгү эле тыз-тыз дей берет-аялынын сөзүнө чейин анын ичиндеги чымчык неге сайрабады экен, деги качандыр бир мезгилде өзүнөн өзү сайрай алат беле!… деген  сырдуу, табышмактуу ой  менен бүтүрөт. Ойдун жандырмагын жандырып көрөт белеңиз…

Жыйынтыктап айтканда, таланттуу сүрөткөр Бейшенбай Усубалиевдин ар бир чыгармасында мүнөз-образдагы билинип–билинбеген, сезилип-сезилбеген майда кан тамырлар сыяктуу психологизмге бай, толук каныккан, майда деталынан тартып, эпизоддук сюжеттерде кулач керген, психологиялык маанай, психологиялык кырдаал, психологиялык анализ, психологиялык образ, штрихтер аңгемелерин ажайып көркөм ой-маңызга каныктырып турат.

Ризван Исмаилова

филология илимдеринин кандидаты, ОшМУнун доңенти

16-апрель, 2023-жыл.