Ризван Исмаилова: “Бейтааныш бекеттен” бейтааныштар жолугушат

“Бейтааныш бекеттен” бейтааныштар жолугушат

(китепке пикир)

Китептин темасы купуялуулугу, сырдуулугу менен өзүнө тартып турат. Биринчиден, өз мекенибизде жашап, өзүбүз көрүп-билип жүргөн журтубузда эмес, алыскы Мегаполис-Москвада окуп, иштеп, жашап, азыр модага айланып кеткен термин миграциянын өкүлү, мигрант акын Нуриза Өмүрбаева поэзияга кош колдоп сунуп турган көз майынын тунгучу, көкүрөк  туюмунун адепкиси – биринчи китебин бекеринен “Бейтааныш бекет” деп, атабаса керек. Экинчиден, бөтөн эл, бөтөн жерде жүрүп, Мекендин кадыр-кымбатын күн сайын сездирген метронун, аялдаманын, бекеттин, маркеттердин (коюңузчу сан жетпейт…) жана адамдардын бейтааныш жүздөрү бара-бара тааныш-билишке айланат. Үчүнчүдөн, Нуриза Москвадагы бүткүл дүйнөлүк адабият институтун бүтүрүп, классиктердин шедеврлери менен жакындан таанышып, адабий аренанын маарасынан өз атын тааныткысы келгендер менен аралашып, теңтайлашып билим алды.

Ушул өңүттөн караганда жаш акын кызга поэзия дүйнөсү жылуу-жумшак жерде отуруп алып, акын болом деп, таттуу кыялдарга батып, элестөө менен эңсөөлөргө жык толгон “романтиктерге” караганда, турмуштун оор-жеңилин желкесине көтөрүп, жүрөгүнөн өткөрүп жүрүп да, калемин таштай албады, калеми да аны таштабады.

Мен Нуриза менен 2017-жылдын 8-чиби же 9-январында Москванын эң суук күндөрүнүн биринде жолугушуп, сүйлөшүп калдым. Алгач бул кыз мектеп окуучусундай эле сезилген. Жапжаш, баёо, назик, бою да мендей кыска… Ошондо Москвага барганына үчүнчү жыл болгон экен, М.Горький атындагы адабият институтунун 2-курсунун студенти эле. Маектешкенибизде анын төмөнкүдөй ойлору мени деле кыйла кылган…

Москва  -адамды оңой менен кабыл албайт, оор, мерес шаар. Биринчи келгенимде, Москва өзүнө кабыл албай жүрүп, анан кабыл алды…

Аны турмушунан көрдү, мигранттардын тагдырынан билди. Мекендештерибиздин жаргону менен айтканда “Ана Москва, мына Москва, москвачылык, ж.б.” деген сөздөрдүн түпкү маанисин жон териси менен сезди. Ошон үчүн акындын ырлары окурманга билгизбей кайырмак таштап коёт… Ачык жазбайт, ачык айтпайт, эч нерсени ашыкча сүрөттөбөйт. Мегаполистин кадыресе кишилер маани бере бербеген “образын” сөзгө шыктуу талант, чыгармачыл жан катарында кабылдап, сиңирип, ой сандыгында жеткире ийлеп, жуурулуштургандан кийин поэзия берметине айландырып таштаган.

Күз да келди. Күүгүм термеп жаш Айды,

Да бир жылдын учун кармап турамын.

Учпай калган жүрөк узак жашайбы?

Кайкып учкан  канаттуудан сурадым.

Бир жакшына жерде жогорку билимдүү деген диплому менен иштеп жаткан ишин таштап, “чоң акын болом” деген чоң ой менен келген кыздын максаттары өзүнөн да чоң эле. Жаш кыздын көңүлүн алып учкан ой-тилеги, кыялдары менен турмуштун, болгондо да Москванын жашоосу коошпой, дал келбей, же бир жери окшошпой, эки башка турмуш, эки башка көрүнүш, адамдары, ит-мышыктары, башкалары да бири-бирине таптакыр жалгашпай турду.

Лирикалык мен кайкып учкан канаттуудан сурап жатпайбы “Учпай калган жүрөк узак жашайбы?” деп, жүрөк учпайт, образдуу айтканда жүрөк сүйүнөт, күйүнөт, ыйлайт, сагынат жана башка. Кептин баары ошол “учпай калган жүрөктө” турат. Чоочун эл, чоочун журттагы турмуш, жашоонун реалдуу кыйынчылыгы, түйшүгү сөз менен жеткире алгыс “тескей тарабы” кыялкеч, ишенчээк, үлбүрөк жандын жүрөгүн мурдагыдай чымын-куюн болуп “учкандан” калтырды. Чындыкка тике караганды үйрөттү. Өз жеринде жүргөндө ырлары оңой жазылчу, оңой окулчу, шатыраган кол чабуулар, мактоолор менен коштолуп, “кыйын акын экенмин” дедирчү… Көрсө, акын болуш азап экен. Поэзиянын тилин табыш тозок экен. Аны акын акырын минтип туюндурду;

Куштар мага жооп узатып ыраактан,

Өз тилинде үн салгандай болушту.

Куштун тилин, куштун жолун бирок да,

Жылдар мага унуткарып коюшту.

Куш ал кандай канаттуу болгонуна карабастан, куштун кайсы түрүнө, өң-түсүнө, жашына дегеле келгин же жергиликтүү экени мааниге ээ эмес, Нуриза Өмүрбаеванын жан дүйнөсүндө аздектелген ак кушу ал-поэзия! Муну мен эмес, ырлары өздөрү айтып турат.

Мен да алысты көксөп учуп ызгаарда,

Узак  жолдо канаттарым кайрылды.

-Чыгармачыл адам өчүп туруш керек экен, агып туруш керек экен, жоготкону болот, тапканы да болот. Тапканың жоготконуңдан кем болот…

Туура, чыгармачыл адамдын стихиясы ушундай. Күндө ыр жазып анысын социалдык тармактарга илген жамакчылар, кошокчулар муну түшүнбөйт.

-Адабият институтун бардыгы эле бийик, кол жеткис көрүшөт. Ошол нерсени мен да өзүмө аябай сиңирип алган экенмин. Биринчи босогосун аттаганымда, мен да окусам болорумду түшүндүм. Бир агайымдын сөзү эсиме түштү: “Горький сенин оозуңа ыр салып бермек беле?..”

Чоң максаттын артынан сая түшкөн акындын жан дүйнө сырынын символикасы канаттуулар. Айрыкча алардын жапайылары эркиндикти сүйүшөт, эркиндикти баалаган үчүн  күн-түн дебей, деңиз-океан дебей, улуу суулардан өмүрүн тобокелге салып, сүзүп өтүшөт. Ошону туя алган, көңүл кушунун окшоштугун сезе алган сөз баккан кыз минтип ырдайт.

Узадыңар көккө сиңип  күүгүмдөп.

Бир күүгүмдө мен да алыска кетти элем.

Кайра кайтып келериңди ким билет?..

Канаттуунун Мекени жок дешти эле.

[“Бейтаныш бекет” 13-бет. 2022-ж.]

Көп кайталаган сөздүн, ойдун мааниси жоголот дешчү. Мурдагы макалаларымда да айтып келем. Ошондо акындык атакпы же наамбы, же ар кимге эле буйура бербеген өмүр энчисиби деген суроонун жандырмагына такалабыз. Тээ Чыгыштын Чолпон жылдыздары Насими, Низами, Саади ж.б. узун тизмедегилерден тартып, Батышты багындырган Гетё, Гейне, Байрондун ырларынын мекени жок, чегарасыз, жарнамасыз эле бүткүл дүйнөнү багындырып алышты.

Ушуну Нуриза жакшы түшүнгөн, чакан китеби менен ушуга так жооп берген. Чыныгы поэзияны жараткандын кыйынчылыгы, түйшүгү жана азабы балмуздак жеп отуруп ыр жазгандын түшүнө да кирбейт. Акыркы сап кайталанып жатат. Эмне үчүн? Мекен деген түшүнүк мурдагыдай кадырынан, баркынан тайып баратат, чөгүп баратат… Чындыкты моюнга алышыбыз керек. Айрыкча жаштар эмнеге эле Америкага, Батыш Европага, Жапонияга, Кореяга жана башка өнүккөн өлкөлөргө кеткиси келет, ал жакты эңсеп, эки көзү төрт. Акын өз башынын көйгөйү аркылуу бүтүндөй бир доордун, бир муундун көйгөйүн, тарткылыгын, ташпишин жана социалдык-моралдык маселелерин чагылдырып таштады.

-Москвага келип, сатуучу, пол жуугуч, жумушчу болуп иштедим. Ошол эле убакта окуп, ырларым орусчага которулуп, курсташтарым талкуулашты. Согуш мезгилинде А.Ахматова, М.Цветаевалар да жумушчу болуп иштеген.

 Келгенде чүнчүп, чөгүп жүрсөм, азыр канат бүткөндөймүн…

Нуриза Өмүрбаевада мекенчилдик дух күчтүү. Табиятына шайкеш келген назиктик менен майиндикке карама-каршы турган ошол духу, албарстай духунун айбатынан мындай саптар атырылып чыкты. Ал ыры “Мекенге” деп аталат.

Өздөн чыккан душман болду хандарың,

өрт ичинен нан издеткен калкына.

Өмүр өңүн тааный элек балдардын,

 көзүн көрөм Мекенинен жалкыган.

 

Мекен ыйы ай-ааламда үңүлдөп,

Кулагына жетпей койду Теңирдин.

“Адам уулу – Мекенинин кулу” дейт.

А биз сени кулга айланттык, кечиргин!

[20-21-беттер]

-Москвага сырттан, дүйнөнүн ар тарабынан келгендер канча… Эгер Кыргызстанга ушундай миграция барса, биз таркап кетишибиз мүмкүн. Анткени, бир орус турса, он кыргыз орусча сүйлөйбүз.

Н.Өмүрбаеванын чакан китебинин бир артыкчылыгы “лирикалык мендин” ой чабытынын, дүйнө таанымынын кыпчылып-кысынбай болгонун болгондой айта алган шырдыгы, таамайлыгы жана пессимизмге караганда, позитивге байлыгы менен жан дүйнөңдөн орун табат.

Айталбадым ушул жолдун азабын,

Тагдырынан жеңип чыккан ырларда.

Мындай ойду көгөрүп –көшөрүп жүрүп көздөгөнүнө жеткен адам гана айта алат.

        Өткөн күндөр торобосун жолумду,

        Качандыр бир жаныш үчүн өчтүм мен…

Тандаган жолунун оңой эместигине бөркүндөй ишенген адам гана тагдырынын кейишин, ыйын унутуп, чыйралып, бышып, өрүлгөн аркандай так түйүлө алат.

“Кат” абалды туюндурунуну илгертен келаткан салттуу формасы. Чыгармачыл адамдар катты жөн эле жаза беришпейт. Ошол ырындагы төмөнкүдөй саптар “мендин” тирилип, күрөшкө даярдыгын, турмуштан ала турганы көп экенин, күрөштүн узагыраагы, кыйыныраагына моюн сунбаган эрктүү, күчтүү адамдын монологундай туюлат.

Жарык жашоо сурасам тирүүлүктөн,

Жаштыгымды алды окшойт акысына

 

Бир жыгылып, бир туруп жашап жатам,

ыр артына ызгаарын каткан шаарда.

 

Азыр ушул өзүмдү издеп жүрөм,

А калганын кийинки катка жазам.

Эсиңиздерде болсо керек, эгемендүүлүктөн кийинки акыркы жылдары акындардын дээрлик көпчүлүгү ички абалдарын, жан дүйнө үшкүрүгүн “үшүдүм, үшүп турам, үшүйм, үшүттү, үшүтөт..” ж.б. ушул сыяктуу сыпаттама менен жазганды модага айландырып жиберишти. Ал гана эмес, ушул сөзгө акын журтунун симпатиясынын күчөгөнүн кантесиз?… “Сыныктан башкасы жугуштуу” деген ырас экен. Эгер мисал келтир десеңиз, барак түтпөйт… Анын сыңарындай Нуризанын “чоочун” деген сөздү ыксыз көп колдонору, ушул сөзгө байланганы, аны кайра-кайра кайталоодон канааттанары байкалбай койбойт. Акындын китебинин 16-бетинде “Чоочун күндөр” деген ыры орун алган.

Лирага үн коштогон каарман тагыраак айтканда, акындын өзү сүйүүнүн багы-кайың бакка курчалып турганына карабай, “чок баскандай жүрөгүмдү куйкалап, чоочун сезим көөдөнүмдү байырлайт” дейт, сүйүүдөн көңүлү калган, турмуштун ачуусун көп көргөн жанды “чоочун көздөр чоочунсунтуп” тиктегендей кабылдайт. Башка эл, башка журтта шайыр, куунак жашаган жердештеринин, эмгек мигранттарынын аз эмес экенин туюп, өзү да “чоочун турмуш, мен да өзүңө бат көндүм”деп, моюнга алат. “Чоочун жердин шамалындай шуулдап, чоочун күндөр өтөт жашты уурдаган” ырдын акыркы бүтүмү эң сонун.  Дагы бир ырында “жүрөгүңдө ошол чоочун жаз калар…”[25], “чоочун жолду ээрчип кеттим иңирде”[27] деген саптар бар. Ошого карабастан, ар бир сапта эки жолудан кайталанган “чоочундар” ырдын маанисин, боёгун, ойдун маңызын тереңдете алган эмес, даамын, ширесин өзгөртпөгөн, кадыресе эле көнүмүш татымында калган. Адатта көп кайталанган сөздөрдөн, бир эле сөздүн ырдын баш-аягына байырлай беришинен этияттоо керек. Чыгармачылык колунан көөр төгүлгөн уздан, чебер устадан айырмасы жок.

Албетте, Нуризанын жыйнагы чакан болгону менен окуй келгенде ойго бай, ойдун туманы менен ойдун жарыгы аралашып, аны дароо түшүнүүгө кыйын. Уйкаштыгы бап келип, сыдыргыга салгандай тегиз, жаркырак ырлардын алдында уяң тартып, сырын ичине каткан, көрүнгөнгө ишене бербеген, элеттик кыялы назик кыздай… Кайра баштан окуганыңда көптү көргөн, көптү билген кексе адамдай омоктуу ойлорду ортого таштаган курч саптары менен акыл-ойдун таймашына тартып кетет.

Нукура поэзияны жаратуунун түйшүгүн тартып, Поэзия деген ааламдан өз ордун табууга умтулган акын кыздын жолу ачык, шыдыр, ырлары аманатка келген асыл буюмдай же аздектеген көз мончоктой кымбат, асыл баа болсун.

Ризван Исмаилова, филология илиминин кандидаты, ОшМУнун доценти,

2023-жылдын 3-августу