Ризван Исмаилова: “Бейтааныш бекеттен” бейтааныштар жолугушат

“Бейтааныш бекеттен” бейтааныштар жолугушат (китепке пикир) Китептин темасы купуялуулугу, сырдуулугу менен өзүнө тартып турат. Биринчиден, өз мекенибизде жашап, өзүбүз көрүп-билип жүргөн журтубузда эмес, алыскы Мегаполис-Москвада окуп, иштеп, жашап, азыр модага айланып кеткен термин миграциянын өкүлү, мигрант акын Нуриза Өмүрбаева поэзияга кош колдоп сунуп турган көз майынын тунгучу, көкүрөк  туюмунун адепкиси – биринчи китебин бекеринен “Бейтааныш бекет” деп, атабаса керек. Экинчиден, бөтөн эл, бөтөн жерде жүрүп, Мекендин кадыр-кымбатын күн сайын сездирген метронун, аялдаманын, бекеттин, маркеттердин (коюңузчу сан жетпейт…) жана адамдардын бейтааныш жүздөрү бара-бара тааныш-билишке айланат. Үчүнчүдөн, Нуриза Москвадагы бүткүл дүйнөлүк адабият институтун бүтүрүп, толугу менен…..

Үмүт Култаева: Жүрөк менен сырдашуу…

Жүрөк менен сырдашуу… (Н.Өмүрбаеванын «Бейтааныш бекет» ырлар жыйнагын барактаганда) Азыркы кыргыз поэзиясы тууралуу кеп козголсо, эгемен жылдарында «үйүрү» менен келип, келечегинен үмүттөндүргөн таланттуу жаш калемгерлердин тобун атоого болот. Алардын арасында Нуриза Өмүрбаева да бар. «Бир тоголок кар» ыры менен балалыктын жаңы ойгонгон наристе сезимин поэтикалуу чагылдырып, адабий коомчулукка поэзиядагы жылдыздуу жүзүн көрсөтө алган акын ырды жеңил-желпи жамактата коюудан алыс. Поэзияга болгон жоопкерчиликти сезгениненби, же М.Горький атындагы жогорку окуу жайынан адабий даярдыктан өткөндүгүнөнбү Нуриза аз жазат, бирок жүрөгүнөн өткөрүп жазат. Акындын бул сапаты айрыкча жакында жарык көргөн «Бейтааныш бекет» (Б.:Улуу Тоолор, толугу менен…..

Нуриза Өмүрбаева: Белек

Белек (Чет жерде жашаган этникалык кыргыздарга арналат) Жол боюнда кичинекей кыздар ойноп жүрүптүр. Арасынан бирөөсү бизди көрө сала: «Күмүш эже келатат!» деп сүйүнүчтүү кыйкырып, утурлай чуркады. Заматта Күмүш эжелеген кыздар курбум экөөбүздү айланчыктап, тегеректеп калды. Курбумдун өз атынан айтпай, баары «Күмүш эже» дешет экен. Курбум соодагер. Мен деле аны менен соодада жүрүп таанышып калдым. Бул жакка эки үч айда бир келип, Кыргызстанга товар ташып оокат кылып жүрөм. Курбум менден кыргыз зергерлеринин колунан чыккан, сөйкө, шакек, билерик, чачпак өңдүү зер буюмдарын алдырат. Силерде күмүш жокпу? Мынча күмүштү кимге сатасың? – деп, толугу менен…..

Нуриза Өмүрбаева: Оо, ошондо кандай керек болчусуң! Мени мендей сактоо үчүн өзгөртпөй

***** Чарчатат ушул турмуш башаламан, Жашаймын күндү узатып, таңды тосуп. Арманым, арызымдан тажабаган, А деңиз жанымдагы жалгыз досум.   Жашоонун жасалмалуу шаңы менен, Көөнөргөн көңүлүмдү алдап келдим. Жандарды жүрөгүмдү тааный элек, Жарыгым тийбей мен да жандап көрдүм.   Боштукка боюн таштап, жылдар өлөт, Үлбүрөп чырак өчөт түнөгүмдө. Күнүмдүк жанган отко жылынам деп, От жакпай койгон экем жүрөгүмө.   Жарыкка батпаган жан кайда батат? Жалган деп жашаганым чыным экен. Сурабайм бакыт. Бактым алда качан, Кудайдын колдорунан чыгып кеткен.   Ыйласам болмок бүгүн себебим көп, Баягы оттуу нур жок карегимде. Жашоонун өзү толугу менен…..