Жазуучу, журналист Кочкорбаева Жамийла 86 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, жазуучу, журналист Кочкорбаева Жамийла 86 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Кочкорбаева Жамийла 1937-жылы 27-августта Чүй облусунун Кемин районундагы Бейшеке колхозунда туулган. 7 жылдык мектептен кийин Фрунзе шаарындагы №5 кыргыз орто мектебинен билим алып, Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин (1955-1960) 1960-жылы бүтүргөн. Ошол эле жылы республикалык “Ленинчил жаш” жаштар гезитине адабий кызматкер болуп орношкон. 1962-жылдан 1965-жылга чейин “Советтик Кыргызстан” гезитинде адабий кызматкер болуп иштеп, кайрадан “Ленинчил жаш” гезитине бөлүм башчы болуп которулган. 1970-жылы Кыргыз Республикасынын радиоуктуруу жана телекөрсөтүү комитетине которулуп, радиодо 2 жыл эмгектенген. Телекөрсөтүүдө “Эл чыгармачылыгы” аттуу редакция ачылып, анда улук редактор, редакциянын башчысынын орун басары болуп иштеген. 1975-жылы “Советтик Кыргызстан” гезитинде “Ички жана тышкы маалыматтар” бөлүмүнүн башчысы, 1981-жылы “Кыргызстан аялдары” журналында жооптуу катчы 1995-жылы Кыргызстан аялдар комитетинин “Аялзат” аттуу гезитинин жооптуу катчысы болуп иштеген.

Ээлеген кызмат орундарына жана кесиптик иш алып баруусуна карабай, чыгармачылык ишин азга да токтоткон жок. “Гудок” (1994), “Тоолордо калган сүйүү” (1995), “Гүлкайыр” (1997), “Тамырлаш тагдыр” (1998), “Стальная магистраль Кыргызстана” (1998), “Тунугу өчпөйт жылдыздын” (2006), “Жизнь отданная железной дороге” (2007), “Дарика сен ырдасаң” (2008), Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн 50 жылдыгына арналган “Кадамдаш жубайлар” (2009), “Кайталангыс Кайыргүл” (2010), “Каректе калган ак булут” (2013), “Айлуу түн күбө аларга” (2013) жана “Чолпонбек Базарбаев дүйнөлүк классикалык балеттин Генийи” (2019) аттуу китептери жарык көргөн. Журналист-жазуучу Жамийла Кочкорбаева 1967-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Журналисттер Союзунун, 1996-жылдан бери Кыргыз Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү болгон.

КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Жамийла Кочкорбаеванын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз!

КРУЖС Башкармалыгы