Баткенде өткөн Э.Эрматов атындагы республикалык адабият фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Жаш акын-жазуучулардын Эгемберди Эрматов атындагы республикалык адабият фестивалы Баткен облусунун Кадамжай районунда өткөрүлүп жеңүүчүлөр аныкталды. Жалпысынан область боюнча фестивалга 29 жаш акын-жазуучулар катышып 1-орун Улукбек Омокеевменен Мирлан Алтымыш уулу, 2-орун Сезим Толукбаева менен Умар Нусубалиев, 3-орун Улан Дөөлөтов менен Адилет Зарылбек уулуна берилип, Эгемберди Эрматов атындагы адабият фестивалынын лауреаты деген төш белги жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Фестивалды Кыргыз улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте Эгемберди Эрматов атындагы коомдук фонду уюштурду. Эске сала кетсек, бул фестиваль ар бир эки жылда 24-26-майда Баткен облусунун Кадамжай районунда өткөрүлүп турмакчы.

Баткенде Эгемберди Эрматов атындагы республикалык адабият фестивалы өтөт

Жаш акын-жазуучулардын Эгемберди Эрматов атындагы республикалык адабият фестивалы ар бир эки жылда 24-26-майда Баткен облусунун Кадамжай районунда өткөрүлөт. Фестивалга 35 жашка чейинки акын-жазуучулар катышып, алардын чыгармалары окулуп, талкуулар болот. Жаш акын-жазуучуларды колдоо максатында фестивалдын алкагында үч багыт боюнча байгелер уюштурулган. Байгелер эң мыкты чыгармалар боюнча: эң мыкты поэзия эң мыкты проза эң мыкты адабий изилдөө деген номинацияда берилет. Ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталат жана аларга жаш акын-жазуучулардын Эгемберди Эрматов атындагы адабият фестивалынын лауреаты деген төш белги жана акчалай сыйлыктар берилет.