Кеңеш Жусупов: Бир тамчы суу

Бир тамчы суу

Балдар, мен силерге таалим болор икая айтып берейин. А дегенде жомоктун башын угалы. Алатоо тоолорунун чокуларынан жайы-кышы ак кар, көк муз кетпейт. Булут оролгон долу көк музга кимдин күчү жете алат? Ойлонуп көргүлөчү.

Таппадыңарбы?

Силер күндүн нурун унутуп койдуңарбы? Атам замандан бери тоңгон музду бир гана күндүн нуру козгой алат. Дүйнөдө андан күчтүү, кубаттуу эч нерсе жок.

Жакында ошол көк муздан сарыгып бир тамчы суу пайда болуптур. Бул күндүн илебинен экенин билдиңерби?! Бир тамчы суу муздун бурчунан салаңдап турса, капылеттен ага тил бүтүптүр. Андай немеге ат койбосок болбойт го, анткени, тиричиликтеги жандуунун да, жансыздын да аты бар эмеспи. Анда эмесе, бир тамчы сууга Мөлтүр деп ат коелу. Эми кулак салгыла, кызыктын кызыгы алдыда, бир тамчы суу жөнүндө жөө жомокту баштайлы.

 

*****

Бар экен, жок экен, азыркы ушул заманда Мөлтүр деген бир тамчы суу болгон экен. Мөлтүр муздун учунда болгону: бир саатча гана жашаптыр.

Мөлтүр көзүн ачса ааламдан муну көрөт: тоолордун башына, зоокаларга, карагай учуна күндүн нуру эчак тийиптир. Күндүн нуру бара-бара жашыл өрөөнгө, эгиндүү талааларга, кара жолдорго, бактарга, сууларга чачырай баштады. А тургай учкан куштардын канатына жармашты, чар тарап не бир сулуулукка кубулду. Ошончодон күндүн нуру болсо Мөлтүргө тийбей кайып өтөт. Мөлтүрдү барсыңбы, жоксуңбу деген эч ким болбоду. Ансайын Мөлтүрдүн ичи ачышат. Күн эмнеликтен Мөлтүргө тийбейт. Көрсө, алабарман Мөлтүр, жалтаң муздун көлөкөсүндө калганын өзү байкабаптыр да.

Аны билбеген Мөлтүр ого бетер ачууланып мындай дейт: “Ушунча жер кыбыраган айбанат, чөп-чарга тийген күндүн ырайымы мага эмне жетпеди? Эгерде күндүн нуру мага тийсе, мен жердеги тиричиликтин эң кубаттуусу, күчтүүсү болор элем. Күндүн күчүн тартып алам? Ошондо мага көңүл бөлбөгөндөрдүн көргүлүгүн көрсөтөм. Бир тамчы суунун күчүн аалам билсин!..”

Акырында дүйнөгө калыс күндүн илеби Мөлтүргө да жетиптир. Ошондо Мөлтүрдүн бүткөн бою жазылып, анын жука боз тону күн нуруна окшоп, чымкый кызыл түскө боёло түшүптүр.

Мөлтүрдүн мактанганын кое кал. Күн тийгенде ал алабармандап жан жака белине мактанып кириптир, тегерегиндеги учкан куштарга тыңсынып жиберди. Мөлтүр куштардын учканын жактырбады. Күн тийген жердин үстүндө андан сулуу, андан күчтүү алп жоктой болуп кетиптир. “Мени тооткон эмессиңер, мен силерге бир тамчы суу экендигимди көрсөтөйүн” деп жан-жаныбарга төшүн кагып ээлигиптир.

Мөлтүрдүн учаарга канаты болбосо да дымагы күчтүү неме, көк муздан жерди көздөй учам деп, боюн таштаптыр. Мөлтүр асмандан тик ылдый түшүп келатып, өзүн учуп бараткан куштарга салыштырыптыр.

Мөлтүр жол капортосуна келгенде аны чабалекей көрө сала, шып илип кетет. Жанын аман алып калганын билбеген Мөлтүр, чабалекейге жулунат. Чабалекей ага болчубу, тумшугуна Мөлтүрдү илип алып, тоолордун, дарыялардын үстүнөн зыпылдап учуп жүрүп отуруп, чөлдөгү эси оогон алсыз жолоочу адамдын оозуна таштап кетиптир. Алсыраган жолоочу бир тамчы суу жеткенде жан кирип, ордунан турат. “Бир тамчы суу жанымды алып калды” дептир жолоочу. Муну уккан Мөлтүр баягыдан бетер эсирди.

–Мен адамдарга жан киргиздим. Менден күчтүү эмне бар! – деп, кызылдай мактаныптыр. Мындай мактанчаак болорбу?!

Жолоочу жол арытып келатып, бир булак сууга жеткенде сүйүнгөндөн көз жашын төгөт. Ошондо Мөлтүр жолоочунун көз жашы менен кошо чыгып, аккан сууга түшүп кетиптир.

Мөлтүр сууга түшсө да, тонун чечпей, агып жүрүп отурат. Ал суунун шары менен баратып да, жолдогу шыбакка, камышка, гүлдөргө, балыктарга жан берген, мен деп, оозунан түшүрбөй көрүнгөнгө мактанып кете берет.

Бир кулак суу өзөндөгү сууга кошулду, өзөндөгү суу дарыяга келип куйду. А Мөлтүр-мактанчаак дарыяда чебелектеп ага берди. Бечара, жолдо не деген кордукту көрбөдү: таштарга, шарларга, бактарга, шаркыратмага урунду. Баарына чыдады. Ал жээгинде ую жайылган тегирмендүү кыштактардан, оттору жылдыздай күйгөн калаадан өттү.

Мөлтүр акырында чоң көлгө кирди. Аны эч ким этибарга албады. Далай күн Мөлтүр ордунда айланып, алдыга акпады. Акыры чыдабай чуу көтөрдү.

“Эмне үчүн акпайбыз. Ушундай да жашоо болобу!” деп, суу ичине ажаан кыйкырды.

“Шашсаң кете бер” дешти суудагылар.

“Жол бергиле!” – деп, далбас урду Мөлтүр, анткени менен алы эч кимге жетпеди.

Бир күнү Мөлтүрдүн абалы жаман болду. Ал суунун түбүнө түшкөн. Аны туш-тараптан кысышты. Жаны оозуна келе түштү. Мөлтүр тону жарыларына аз калды эле, бир маалда, темир түтүктөгү катуу сыгылышта сыртка атып чыкты. Ал асмандап барып сууга кайрадан түштү.

Ошондо гана Мөлтүр эс алды. Эмне балээ эле деп артын кылчайып карады. Бул чоң ГЭС болчу.

Мөлтүр үнүнүн жетишинче бакырды:

–ГЭСти күйгүзгөн мен. Жалгыз менин күчүм… Бүткүл ааламга жарыкты мен берип турамын!..

Мактанганы бүткөнчө аккан дарыя бара-бара өрөөнгө бөлүнүп, азая баштады. Мөлтүр кайрадан бир кулак сууга туш болду. Суу талааны көздөй агат экен. Жолдо катар арыктагы суу жайылып отуруп, акыры араң жан кылдырап секин акты. Мөлтүр сербеңдеп жүрүп отурду.

Акыры суу соолуду. Мөлтүр кургак сайда тоголонуп тырмаңдап жатты, анын айласы кетип, ийилген чөпкө жармашты.

Күн ачык эле. Күндүн илеби Мөлтүргө октой тийди. Мөлтүрдүн жаны чыгып кете жаздады. Ал Көк Чөптү айлана качты.

Мөлтүр Көк Чөпкө жалынып, жансоогалап жиберди.

–Мен ааламга, бүткүл дүйнөгө жан киргиздим, кубат коштум. Жарык бердим. Мен адамдарга канчалык жакшылык жасадым. Эми алым кетти. Чөп жансоога, өмүрүмдү узарт, – деди Мөлтүр.

–Ырас, аның – деди шашпаган Көк Чөп, – Суу деген бизге жан, кубат берет.

–Ошол менмин. Мөлтүрмүн. Мен берем, – деди Мөлтүр жебиреп.

–Жок, анча ашык кетпе. Көптүн эмгегине чамынба, – деди Көк Чөп.

–Туура эмес… Колумдан баары келет.

–Ишенбесең, карап турчу! – деп Көк Чөп Мөлтүрдүн боорун күнгө тосо берди. Мөлтүр ого бетер жаны оозуна келди. Өпкөсүн чаап чырылдап жалынды.

–Жанымды алып калагөр, Көк Чөп! Өмүрүмдү узарт!

–Көзүңдү ачып карачы! – деди Көк Чөп, Мөлтүрдү күндөн тосуп, жалгыз жүрсөң, андан өмүрүң деле узарбайт. Суунун пайдасын өз көзүңө көрсөтөйүн, жамгырды күтүп тур.

Бир маалда асмандан кара жамгыр төктү. Миңдеген нөшөрлөгөн тамчылар жерге шатырап түшүп жатты. Алар жерден чөп бою так секиришип, добулбас урушуп, талааны шаңга бөлөштү. Талааны каптаган чөптөр, гүлдөр бир паска кулак төшөшүп, жерден көтөрүлгөн нөшөрдүн шапатасына тунжурап калышты. Бир пастан кийин гүлдөр, чөптөр суйкайган сулуу кейпинде чыга келишип, талаага бийлеп, шапар тепкенин көрө кал! Көк Чөп жыттанган жыпар жыт алааматка буруксуп таркай баштады.

–Көрдүңбү, – деди Көк Чөп, Мөлтүргө. –Сен эми, коколой башың көптөн бөлүнүп табият менен адамга эрдик жасай албастыгыңды билдиңби! Бул ааламга мобу миңдеген тамчылар биринчи келип, пайда келтиришти. Ошолордун баарысынын күчү: Көпчүлүктүн кубаты… Тиричилик – көпчүлүктүн ишараты менен болот. А сен бекер мактанасың, бир тамчы суу.

–Билдим, – деди жалгыз башынын жансерегин билген Мөлтүр.

Эми талаа менен суу көл-шал түшүп, агып кирди. Көк Чөптөрдөн сарыгып суулар куюлуп, арыктан шылдырап ага баштады.

–Жашагым келет дейсиң, Мөлтүр. Өмүрүңдү узартар кезегиң келди, – деп, Көк Чөп үн салды.

–Кантип? – деди эч нерсени билбеген Мөлтүр.

–Сууга секир. Сууга кошулсаң өмүрүң узак болот. Бактылуу болосуң.

Мөлтүр арыктагы сууга тып этип боюн таштады. Эми Мөлтүр баягыдай жалгызсырабады.

Ал тонун жарып ийди да, өзүн сууга кошуп жиберди.

Балдар, өзү мактанган, көптөн бөлүнгөн өзүмчүлдүн акыры ушундай эсине келерин билип койгула!