Мирзохалим Каримов: Бакма бала

Бакма бала

Быйыл он экиге кадам койгон кыялкеч бала түшкө жуук мектептен чыгар замат күндө мына ушул шагыл төшөлгөн түз жол менен түптүз үйгө келет. Кээ бир бейдаба балдарга окшоп оюнкарактык кылып, көчө-көйдө кечке чейин тентип жүргөндү билбейт. Мүнөзү түнт болгону үчүнбү, айтор, башка балдар негедир ага анча жакындашпайт. Класста мугалим жок болуп калган убакта балдар бири-бирин кубалап, мектепти баштарына көтөрчүдөй айкырып-кыйкырышса бу бала кудум мык менен кагып койгондой партасынан жылбай тек турат. Дагы бир таң кала турган жери – чоң адамдан бешбетер терезеге телмирип, негедир ойлоно берет. Ал нени ойлоп, неге мындай түнт болуп калганын эч ким билбейт…

Баланын мурду бир аз бучугураак, көздөрү кыйык, кирпиктери узун. Коюу өскөн каштары калем менен атайылап чийгендей бири-бирине кошулган. Делдейген кулактары эле саал кичирээк болгондо, аны кыздан эч айырмалай албайсың. Жибектей созулганы, назиктиги жана аянычтуу үнү кыздардыкына аябай окшошуп турат.

Бала күрөң сумкесин артына көтөрүп, салмагы менен басып, үйгө келатты. Төбөдөн тийген саратандын ысык аптабы тим эле куйкалап жиберчүдөй тызылдатат.

Ал көгүш дарбазанын сол тарабындагы сары талдын саясында сүйлөшүп отурган эки аялдын жанынан өтө бергенде, жанагылардын бири экинчисинен сурап калды:

–Ай, бу кимдин баласы?

–Те жогорку көчөдө турган Рахима эжени билесиңби?

–Ии.

–Ошонун…

–Аны төрөбөйт дешпеди беле?…

–Бечара ошондойлугунан эки эрге тийип ажырашып кеткен. Анан мына ушул баланы багып алган.

–А, өзүнүкү эмес, бакма бала дечи…

Эч нерседен бейкапар бараткан балага жанагы аялдардын сөздөрү алдакандай угулуп, жүрөгү дүкүлдөп кетти. Кимдир бирөө желкесинен мыжып артка тарткандай жайында токтой калып, аялдарга кылчая карады. Делдегей кулактары, кызгылтым бети отко кактагандай дуулдап, ысып чыкты. Муундары бошошту. Өзүнүн муштумундай кичине жүрөгү кынынан ыргып кетчүдөй туйлады. Баланын оозуна сөз кирбеди. Алсыз кадам шилтеди. “Эмне деди? Ал эмне дегени?…” – улам баскан сайын ушул ой көңүлүн кирдетип, санаага чырмалып баратты…

 

*****

Рахима эне таң заарда туруп жуурган камырын жасылап, тандырга бир чара нан жаап болуп, кесмесин бышырып болгон маалда коргондун эшиги акырын ачылды. “Садагаң кетейин, Абдырахман келди окшойт” – деп ойлоду ал көңүлү панардай жанып. Бечара, Абдырахман мектепке барып кайра келгиче жалгызсырап, үйдүн ичине киргиси да келбейт. Ушу делдегей бала үйдө жок болсо, тамагынан кыл өтпөйт. Качан гана баласы короого кирип келсе, ошо саат, ошо мүнөт ал үчүн өзүнчө майрам.

Бирок, Абдырахмандын бул жолку сумсайып кирип келиши ал үчүн кайгы болорун ал кайдан билсин? Баланын түрү башкача эле. Жүзүндөгү боз, көзүнүн тереңиндеги муң Рахима эненин бооруна бычактын мизиндей тийип, жүрөгүн мыкчып жиберди. “Карачы баланы, ыраңы купкуу, бирөөдөн тил уккандай мостоюңку…” – ойлоду ичинен куурулуп.

–Садагам, сага эмне болду? Же эжекең өчөшүп дагы “эки” койдубу? – Рахима эненин шаштысы кетип, оюна нелер гана келбеди бу арада. Ушу бала аз эле сумсайса, жалынып-жалбарып жүрүп, жүрөкзаада болуп бүттү байкуш. Болор-болбоско корко берет. Анын не мынча коркок экенин баласы билбейт. Баарын ичине жутуп, баарын дилине батырат. Өчөшкөндөй тиги Катыча деген эжекеси үч-төрт жолу балага “эки” коюп, Рахима эненин жүрөгүн түшүргөн. Мугалим деген баланын мүнөзүнө, көңүлүнө карап мамиле кылса…

–Эч нерсе болгон жок, эне, – деп койду Абдырахман башын жерге салаңдатып. Бирок, ал ушундай дегенине жараша жок дегенде бир аз жылмайып койсо, энесинин көңүлү тынчымак. Бала балалыгын кылып, каш-кабагын ачпады. Жанааракта эшиктен кошо алып кирген көздөрүндөгү муң тараган жок. Ал ошенткен сайын эненин жүрөгү сыздай берди.

–Анда не мынча?… Же бирөө?…

Эненин суроосу жоопсуз калды. Абдырахман сумкесин ичкери апкирип коюп, кайра тышка чыкты. Анын ар бир кыймыл-аракети, жерге телмирип тиктеши энесинин өзөгүн өрттөп, аябай кыйнады. “Оозуңа таш тийгир дагы бирөө…” – отурса-турса мына ушул санаа жүрөгүн мыжыгат.

Ортого дасторкон жайылгыча эне-бала жер карап отурушту. Абдырахмандын бара-бара көбүрөөк суз тартканы көзүнөн көрүнүп турду. Сындырылган жумшак нандан кичине тиштеп, чайдан болор-болбос ууртап койду. Ичинен зарлап отурган энесине бир нерсе деп айтууга оозун жомдоду, бирок, негедир ошо замат тили байланды. Ошо сөздү айтууга көңүлү болбойт. “Жок, жалган болсо керек…” деп, өзүн-өзү жубатат. Анан саамдан кийин кайра эле ошо санаанын торуна түшкөнүн өзү да сезбей калат. Сагызгандын шакылдаган суук үнүндөй угулган баягы аялдардын сөздөрүн эстеген сайын жүрөгү туйлап кетет.

Эненин жүрөгү бая эле бир нерсени сезген. “Бу бала бүгүн ошонун дарегин билген сыягы…” деп ичинен кыжалат тартты. Бир күн эмес бир күн ушундай болорун мурдатан ойлоп жүргөн. Мына, бүгүн ошо күнгө туш келди окшойт. Кыйын күнгө кабылды. Бирок, анын оюнча ал күн өтө эле тез, өтө эле “шашылып” келгендей сезилди. Мейли, бешенеге жазылганын, башка түшкөнүн көрбөөгө аргасы жок. Эми бүгүн ал он бир жылдан бери көкүрөгүндө катылып келген жашыруун сырдын капкагын ачпаса болбойт. “Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат”. Ушунчасында төкпөй-чачпай айтып бергени оң. Кечиктирсе, жара ырбап кетери шексиз…

Төшөктөрү адаттагыдан эрте салынды. Пенсия пулуна сатып алынган телевизор да, туулган күнгө атап берилген магнитафон да бүгүн “эс алышты”. Түн жарымга дейре паркырап жанып турчу чырактар да эрте өчтү. Үйдүн ичин көзгө сайса көрүнгүс караңгылык каптады. Бөлмөлөр тирүү жан жоктой тыптынч. Төшөктөрү жанаша салынган ак чач энеден да, капысынан кабак түйгөн баладан да үн чыкпайт. Экөө тең бүгүн санаалуу, экөө тең кайгылуу.

Канткен менен эненин жүрөгү түтпөдү. Көөдөнүндө коргошундай уюган сырды ичинде сактап туралбады. “Кудай мени шор бешене кылып жаратса кантейин?” деп тагдырга таң берди. Көз жашын агызып, дилиндеги кайгысын ошо көз жаш менен жууп таштагысы келет. Эми ал качан да болбосун ашкере боло турган сырды ачып, карызынан кутулууга чындап бел байлады:

–Абдырахман, уктаган жоксуңбу? – деди ал.

–Жок, эне, – акырын жооп берди бала.

–Балам, – эненин доошу буулуп барып, кайра жөндөлдү, ‑ сага айта турган карыз сөзүм бар…

Бала башын жаздыктан өйдө көтөрүп, энеси тарапка селейе тиктеди.

–Тагдырга не деп болот, мен тубаса тукумсуз төрөлгөн экенмин. Ошонун айынан бир эмес, эки жолу турмуш куруп, экөөндө тең перзент көрбөдүм. Күнөө өзүмдө болгон соң, баш кошкон жолдошторумдун багын байлагым келбеди… Мына ушу үйдө өзүм жалгыз жашап жүргөм. Кыш эле. Чилденин орто ченинде кар калың жаап, кара суук болуп жаткан. Бир күнү таңга жуук кимдир бирөө каалгадагы коңгуроонун түймөсүн үстөк-босток басып жиберди. Шашылып тышка чыктым. Эшиктин илгичин өйдө көтөрүп ачсам, эч ким көрүнбөйт. Бирөөнүн босогого чейин басып келген изи карда көрүнүп турат, бирок өзү жер жуткандай. Таң калдым. Ичкери кирейин деген ойдо артыма бурулсам, дарбазанын сол тарабындагы кар тийбеген далдаа жерде түйүнчөккө окшогон бир нерсе жатыптыр. Эңиле калып карасам, ичинде жандуу нерсе бардай сыяктанды. Жүрөгүм шуу этип, аста тыңшадым. Ымыркай баланын ыңаалаган үнү угулду. Кол-бутумдан жан кетип, оромону аста сыйпалап ачып көрсөм, киндик канга боелгон кызыл эт бала! Чыкыроон суукта эриндери көгөрүп, титирей баштаптыр. Мына ошондо мен биринчи жолу жаңы төрөлгөн баланын балапандыкындай назик денесин алаканыма алып, көкүрөгүмө бастым да, чуркаган бойдон үйгө апкирдим. Көгөрө баштаган ымыркайды ысык төшөгүмө ороп жатып, оң билегинде байланган кичинекей кагазга көзүм түштү. Кагазды жазып карасам, кат экен. “Студент болгонум үчүн баламды багууга шартым жок…” Муну окугандан кийин үйүмдүн ичи буудайга толгондой сүйүндүм! Кудум азыр эле мен өзүм толгоом тутуп, көз жарган сыяктуу ыйлап жибердим. Өмүр бою көктөн тилегенимди Кудай Таала жерден таап бергендей ааламга батпадым.

Эненин деми ичине түшүп, өпкөсү көөп, терең улутунду. Башка сөз сүйлөөгө дарманы жетпей, тек туруп калды. Бөлмөнүн ичин жымжырттык бийледи. Саалдан кийин баланын назик эриндери эненин бетине аста тийип, колдору мойнуна оролду:

–Жок, ишенбейм. Мен бакма бала эмесмин! Мени сиз өзүңүз төрөгөнсүз…

Баланын ушул бир-эки ооз сөзү эненин алсырап бараткан армандуу дүйнөсүн жарытып, беденине жан эриткен жылуулук тарата баштады.