Кеңеш Жусупов: Бир тамчы суу

Бир тамчы суу Балдар, мен силерге таалим болор икая айтып берейин. А дегенде жомоктун башын угалы. Алатоо тоолорунун чокуларынан жайы-кышы ак кар, көк муз кетпейт. Булут оролгон долу көк музга кимдин күчү жете алат? Ойлонуп көргүлөчү. Таппадыңарбы? Силер күндүн нурун унутуп койдуңарбы? Атам замандан бери тоңгон музду бир гана күндүн нуру козгой алат. Дүйнөдө андан күчтүү, кубаттуу эч нерсе жок. Жакында ошол көк муздан сарыгып бир тамчы суу пайда болуптур. Бул күндүн илебинен экенин билдиңерби?! Бир тамчы суу муздун бурчунан салаңдап турса, капылеттен ага тил бүтүптүр. Андай немеге ат койбосок толугу менен…..