Эсенгул Ибраевди эскерүү кечеси өттү

Эсенгул Ибраевди эскерүү кечеси өттү

Бүгүн Эл аралык Кувейт университетинде КР Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, сатирик Эсенгул Ибраевди эскерүү, чыгармачылык мурасын окуп үйрөнүү кечеси болуп өттү. Бул эскерүү кечеге Кыргызстандын жана Кувейттин көрүнүктүү окумуштуулары, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, орун басары К.Кадыракунов, КР Эл акыны А.Өмүрканов, адабиятчы Б.Усубалиев баштаган акын-жазуучулар, чыгармачыл ишмерлер, студенттер жана акындын өмүрлүк жубайы С.Абдрахманова катышты.

Э.Ибраев өмүрүнүн соңку жылдарында Эл аралык Кувейт университетинде эмгектенип, окуу жайдын журналистика кафедрасын түзүүгө жана калыптандырууга жигердүү катышкан. Акындын бул эмгеги эске алынып анын ысымы журналистика кафедрасына ыйгарылган. Бүгүнкү эскерүү иш-чарасын мына ушул кафедра менен Э.Ибраев атындагы фонд биргеликте уюштурган.

Э.Ибраевдин чыгармачылыгы боюнча кеңири баяндама жасаган адабиятчы Бейшебай Усубалиев акындын ар тармактуу талант экенин баса белгилеп, журналистикадагы ишмердүүлүгү боюнча “Чалкан” журналынын катардагы кабарчысынан тартып башкы редакторлук кызматына чейин бел чечпей эмгектенгендигин, анын көркөм-публицистикалык жанрдын бир салаасы болгон сатиралык көркөм-публицистикалык жанрынын түптөлүшүнө, өнүгүшүнө кошкон салымын айтып, “Чалканды” Эсенгул Ибраевсиз элестетүү мүмкүн эмес эле деди.

Көркөм адабияттагы эмгегине токтолуп: сатирик аталып жүргөнү менен дилинде лирик эле деген баасын берди.

Адабиятчы: “Э.Ибраевдин сатирасы болобу, лирикасы болобу, алардын ар биринен кандайдыр кусалыктын, канбай калгандыктын илеби уруп тургансыйт. Ушул илеп ура баштаганда эле, мен Айтматовдун шордуу Алиманын эстей берем. Алимандын шору Касымынан ажырагандыгында деле эмес, башка бирөөнөн боюна бүтүп, төрөттөн каза болгондугунда деле эмес, анын шору согуштун келини болгондугунда. Ал Толгонайдын келини болушу керек эле, бирок согуштун келини болуп калды. Э.Ибраевде эмненин балалыгы, эмненин жаштыгы?.. Анын балалыгы – согуштук балалык, жаштыгы согуштук жаштык эмеспи. Мына ушул өксүк, бүтүндөй бир муундун трагедиясы катары Э.Ибраевдин чыгармасынан баш багып турат. Бул эми өзүнчө изилдөөнү талап кылар…” – деп, алдыда чоң изилдөөлөр болорун жалпы окурмандарга кулак кагыш кыла, катышуучулардын кызыгын арттыра берип сөзүн жыйынтыктады.

Эскерүү кечеге келген меймандардын бардыгы адабиятчынын сөзүн кубаттап, жаңы изилдөөлөрдөн үмүт артып, Э.Ибраевдин чыгармачылык бейнеси ар тараптан ачылууга тийиш экендигин баса белгилешти.

Эл аралык Кувейт университетинин журналистика кафедрасынын студенттери автордун ырларын, сатираларын көркөм окуп беришти.

Соңунда КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков уюштуруучуларга Жазуучулар союзунун ыраазычылык барагын тапшырып, ал эми окуу жайдын алдыңкы студенттери Э.Ибраев атындагы фонд тарабынан стипендия менен сыйланышты.