Капар Токтошов: Дарактын өлүмү

Дарактын өлүмү Жайдын толук кези. Асман көп-көк, томуктай булуту жок. Аптап. Too да, түз да, талаа да, жадесе жалпак тамдарынын апакай чатырларын аптапка тосуп айыл да ысып-күйүп чыккан. Каякка көз чаптырба аптап ойнойт: акактай тунук күн нуруна шоокумдана, миң түркүн түскө кубулуп оболоп жатты. Жөн оболобой, толкун болуп оболойт. Толкуп Ара-Талааны, Ак-Кудук айылын, аркы Баба-Атаны, бүт айлананы ээлеп турат дым чыгарбай. Теребел тынч. Жок, тынч деле эмес: Орто-Алыштын көк-кашка суусу санжыра кеп баштап, сөзүнүн аягына чыга албай чулдурайт. Чегирткелердин безелене чырылдаганын айтпа! Бирде муңдуу, бирде шаңдуу ыргакка өтүп, бастап койбойт. толугу менен…..

Эсенгул Ибраевди эскерүү кечеси өттү

Эсенгул Ибраевди эскерүү кечеси өттү Бүгүн Эл аралык Кувейт университетинде КР Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, сатирик Эсенгул Ибраевди эскерүү, чыгармачылык мурасын окуп үйрөнүү кечеси болуп өттү. Бул эскерүү кечеге Кыргызстандын жана Кувейттин көрүнүктүү окумуштуулары, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, орун басары К.Кадыракунов, КР Эл акыны А.Өмүрканов, адабиятчы Б.Усубалиев баштаган акын-жазуучулар, чыгармачыл ишмерлер, студенттер жана акындын өмүрлүк жубайы С.Абдрахманова катышты. Э.Ибраев өмүрүнүн соңку жылдарында Эл аралык Кувейт университетинде эмгектенип, окуу жайдын журналистика кафедрасын түзүүгө жана калыптандырууга жигердүү катышкан. Акындын бул эмгеги эске алынып анын ысымы журналистика кафедрасына толугу менен…..