КР Эл акыны Ясыр Шивазанын 115 жылдыгы белгиленди

КР Эл акыны Ясыр Шивазанын 115 жылдыгы белгиленди

Москва районунун Александровка айылындагы Ясыр Шиваза атындагы №1 мектепте КР Эл акыны Ясыр Шивазанын 115 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү.

Кыргыз, орус, дунган тилдеринде жазган акын, жазуучу, дунган жазуусунун, орфографиясынын, алиппесинин түзүүчүсү Ясыр Шиваза Александровка айылында 1906-жылы жарык дүйнөгө келген.

Акындын 115 жылдыгына арналган кеңири масштабдагы иш-чара былтыр пландалып, өлкөдөгү болуп жаткан кырдаалдардан улам үзгүлтүккө учурап, өтпөй калган. Ага карабай ысымын алып жүргөн мектептин эмгек жамааты жыл сайын май айында эскерүү кечесин уюштуруп келишет. Бул ирет май айындагы эскерүүгө чейин 115 жылдыгына арналып даярдалган салтанаттуу иш-чараны өткөрүүнү максат кылып, КР Улуттук жазуучулар союзунун жетекчилигинин, Кыргызстандагы жана Казакстандагы дунган ассоциацияларынын жетекчилеринин катышуусунда мааракелик салтанат уюштурулду. Бул иш-чарага төраганын орун басары К.Кадыракунов, жооптуу катчы Ж.Акаева, КР Эл акыны М.Мамазаирова, КР Эл жазуучусу А.Жакшылыков, ф.и.д. акын А.Эгембердиева, котормочу К.Басылбеков, акын, жазуучу Б.Бектенова катышты. Алгач мектеп окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, акындын ырлары кыргыз, орус, англис, дунган тилдеринде жаңырды. Андан соң мектепте ачылган Ясыр Шивазанын музейи менен таанышып, куран окутулуп, эстелигине гүл коюлду.

КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов акындын чыгармачылыгы боюнча сөз кылып, дунган элинин агартуучусу Ясыр Шивазаны, анын чыгармачылыгын унутта калтырбай эскерип, кийинки муунга даңаза кылып, китептерин чыгарып жүргөндөргө ыраазычылыгын билдирди. Иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык барагын ыйгарып, дунган калемгерлерине сыйлык тапшырды.

Ясыр Шиваза Жазуучулар союзунда консультант, жооптуу катчы, “Литературная газетада” Кыргызстан боюнча кабарчы болуп эмгектенген. “Чолпон”, “Тянь-Шань баатырлары”, “Чыныдагы жазуу”, “Муса”, “Менин досторум”, “Жазгы жел”, “Шаттык себем” ж.б. ондогон китептери кыргыз, орус, дунган тилдеринде жарык көргөн. 1958-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосу менен адабиятынын декадасында Ясыр Шивазанын чыгармалары жогору бааланган.

1974-жылы Кыргыз Республикасынын Эл акыны наамы ыйгарылган.