“Ыйман” фонду менен Кыргызстан жазуучулар союзу кызматташат

2015-жылдын 20-мартында “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов менен жолугушту.

Маектешүүнүн жүрүшүндө, элибиздин руханий маданиятын өнүктүрүү үчүн өлкөбүздөгү жазуучуларга колдоо көрсөтүп, чыгармачылыгынын жемиштүү болушуна шарт түзүү маанилүү экендеги айтылды. Ушул максатта гранттык долбоорлорду иштеп чыгып, биргеликте жүзөгө ашыруу маселелери талкууланды.

“Ыйман” фондунун төрагасы адамдардын жан дүйнө жана акыл көрөңгөсүн байытуу, диний маданиятын жогорулатуу, эл биримдигин чыңдоо, мекенди сүйүү жана даңазалоо темасында жазылган көркөм чыгармаларды окурмандарга көбүрөөк сунуштоо замандын талабы экенин белгилеп, бул багытта Фонд жазуучуларга колдон келген жардамын аябай турганын билдирди.

Белгилей кетсек, жарандардын руханий жана интеллектуалдык потенциалын, сабаттуулук деңгээлин көтөрүүгө багытталган демилгелерди колдоо – “Ыйман” фондунун уставында көрсөтүлгөн максаттарынан болуп саналат.

«Ыйман», 21.03.2015-ж.