Акын Т.Үмөталиев менен адабиятчы, сынчы К.Асаналиевдин маеги

К.Асаналиев: Мындан бир нече жыл мурда “Вопросы литературы” журналында совет поэзиясынын көрүнүктүү чебери М.Исаковскийдин “Качанга чейин?…” деген өтө курч макаласы жарыяланганы эсиңиздедир. Акын ал макаласында орус совет поэзиясынын өсүштөрүн белгилеп, анда сөзсүз зор таланттардын бар экенин айтып келип, өзүнүн макаласынын пафосун поэзиядагы терс көрүнүштөргө, ырдагы маанисиздикке, графоманияга арнаган эле. Мына эми дагы ошол эле “Вопросы литературы” журналынын өткөн жылкы санында сынчы В.Соловьевдин макаласы менен азыркы учурдагы орус поэзиясынын ал-абалы, өсүш традициясы жөнүндө дискуссия ачылып, азыр да уланып жатат. Мен булар жөнүндө айтып жаткан себебим, Сизди азыркы учурдагы кыргыз поэзиясы жөнүндө талаш-тартышка толугу менен…..

Акын Самидин Стамбеков:

  “Көкүрөгүндө ыры бар адам жер тандабайт, Бишкектен кетсем да, поэзиядан кеткен жокмун”   Самидин Стамбеков 1959-жылы 8-мартта Чаткал районундагы Каныш-Кыя кыштагында туулган. 1980-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн. Орто мектепте мугалим, директордун орун басары, директор болгон, райондук “Чаткал оттору” гезитинен баштап, республикалык, областтык газеталарда иштеген. 2008-жылдан бери карата Жалал-Абад областтык “Дил” гезитинин башкы редактору болуп иштеп келе жатат. “Алыстан жазылган каттар” (2002-ж.), “Самидиндин санаты” (2011-ж.), “Тирүүлүк – өзү көз ирмем” (2015-ж.) ыр жыйнактарынын автору, жыйырмадан ашык китептин редактору, медицина, биология багытындагы ондон ашык окуу китептеринин котормочусу. “Кыргыз толугу менен…..

Жазуучу Айчүрөк Макешова

  “Жазгандардын баары чыныгы жазуучу боло бербейт, Кудай талантты да тандалгандарга берет…”   – Айчүрөк эже, алган билимиңиз, тандаган кесибиңиз музыкант болуп туруп, кандай себептерден улам адабиятка аралашып калдыңыз? – Мектеп партасынан эле республикалык газета жана журналдарга, радиого ар кандай кабарларды жаза баштадым. Почточунун атчан караанын зарыгып карап, чыдамсыздык менен күтүп турар элем. Бир жолу класска врачтар медайым менен келишип, укол сайышып эмдешмек болушту. Классташым Жаныш парта астына жашынып, акырын жылып, сыртка чыгып кетти. Бирибиз да ал жөнүндө айткан жокпуз. Арадан көп өтпөй эмдетпей, уколдон качкан Жаныш ооруп калды. Ошондо толугу менен…..

Жазуучу Самсак Станалиев:

“Чыңгыз Айтматовду өлүмгө бере албадым” – Сизди окурман журтчулугу кыргыз интеллигенциясынын залкарлары жөнүндө көптөгөн адабий макалаларды, “Касым Тыныстанов (Чагылгандын көз жашы)”, Жоомарт Бөкөнбаев тууралуу “Жылдын эң узак күнү” өңдүү тарыхый-биографиялык романдарды жазган калемгер катары жакшы билишет. Жакында эле адамзаттын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов жөнүндөгү “Акжарыктын айыкпаган сыныгы” деген роман трилогияңыз жарык көрдү. Чыңгыз Айтматовго, кыргыз эли үчүн касиеттүү адамдын өмүр жолуна, тагдыр-турмушуна кандайча кайрылып калдыңыз? Ички зарылдыктан уламбы же чыгармачылык тажрыйба себеп болдубу? – Ыракмат, алым жеткен, өз алдынча системалуу түрдө изилдеп жүргөн темаларымдын тегерегинде жазып келатам. Негизги каарманымдын тагдыр-турмушу, толугу менен…..

Калемим азап- кайгымды көбүрөөк козгоп туруп алат

Акын деген алты ооз сөздү курап койбостон турмуш чындыгын чагылдырат эмеспи. Аны сыңары көкүрөгүнө көөнөрбөс ырларды камтыган акын Эрлан Жумагазиев менен болгон маек. — Акын акын болуш үчүн сөзсүз эле бирөөнө ашык болуш керекпи же ыр жазууга башка нерселер да түрткү бере алабы? — Жүрөктө сүйүү болбосо, ырдын жаралуусу да кыйын. Жаралса да ал — жасалма. Бул жердеги айтайын деген маселе сүйүү — ириде чыгармачылык жолун сүйүү. Ансыз акындын атылып чыгышы кыйын. Ошондой эле башка нерселерди да, (айталы, жаратылышты, Мекенди, эне- атаны деген сыяктуу) сүйө билүү кажет. Экинчиден, сезим кылдарын толугу менен…..

Улукбек Омокеев: “Ыр жазып жатканда турмушту унута түшөм”

“…Кызыл жүз, тегерет бет, Жамандык көрө элек көп. Сабактан бир күн калса, Ыйлашкан чебелектеп”. Дал ушул “Биринчи курстун кыздары” аттуу ыры аркылуу Улукбек мырзаны тааныгам. Алгач терең ой жүгүрткөн, жашы 40-50нү чамалаган инсан го деп элестеткем. Себеби жазган макалаларын, ырын окуп калаар элем. Көрсө, адамга жан дили менен мамиле кылган бул акыныбыздын ырлары да жан дүйнөсүндөй таза, өзү болсо араң гана 30га чамалап калган адабият үчүн, эл-жер үчүн күйгөн инсан экен. Чындыгында эле коомго кайдыгер карабай, ар убак эмгектенген, терең ойлуу. Жакында “Ата-сүйүү” аттуу жыйнагы чыгып, ага утурлай Э.Эрматов атындагы толугу менен…..