Акын Т.Үмөталиев менен адабиятчы, сынчы К.Асаналиевдин маеги

К.Асаналиев: Мындан бир нече жыл мурда “Вопросы литературы” журналында совет поэзиясынын көрүнүктүү чебери М.Исаковскийдин “Качанга чейин?…” деген өтө курч макаласы жарыяланганы эсиңиздедир. Акын ал макаласында орус совет поэзиясынын өсүштөрүн белгилеп, анда сөзсүз зор таланттардын бар экенин айтып келип, өзүнүн макаласынын пафосун поэзиядагы терс көрүнүштөргө, ырдагы маанисиздикке, графоманияга арнаган эле. Мына эми дагы ошол эле “Вопросы литературы” журналынын өткөн жылкы санында сынчы В.Соловьевдин макаласы менен азыркы учурдагы орус поэзиясынын ал-абалы, өсүш традициясы жөнүндө дискуссия ачылып, азыр да уланып жатат. Мен булар жөнүндө айтып жаткан себебим, Сизди азыркы учурдагы кыргыз поэзиясы жөнүндө талаш-тартышка толугу менен…..