![](https://adabiyat.kg/wp-content/uploads/2023/04/Akbar-Ryskulov-150x150.jpg)
Кыргызстан картасы Карап көрчү Кыргызстан картасын!.. Калкыбызга канча сыймык артасың: өрөөн, жайлоо, төрдү көр, көлдөр, суулар, мөңгүлөр көрккө бөлөйт Ала-Тоонун аркасын! Карап көрчү Кыргызстан картасын!.. Капаны да, жапаны да тартасың: чек араны чечейтип, кең араны кекейтип, кескендерди кайсы Кудай алкасын?! Кайра кара Кыргызстан картасын!.. колго кармап кайчы, кылыч, балтасын, Этек-жеңди өөнөгөн, Эшик-төрдү жөөлөгөн кас душмандан казыр дагы жалкасың! Карап көрсөң Кыргызстан картасын, Көз алдыңа Кумай кушту тартасың: бир канаты кетилип, бир канаты жетилип, бийик зоого сүйөп турат аркасын! Кумай кушту – “феникс” дейт гректер, Кудай жазса, толугу менен…..