Мусакун Сатыбалдиев: Дүмүр

Дүмүр Кышкы тоо. Бардык тарап акка тунуп, кандайдыр бир жымжырттыктын оор салмагына басырылгандай тунжурайт. Бийиктеп отуруп, асманга туташып кеткен сымал көрүнгөн тоо боорундагы жыш карагайлар ак тон кийген жоокерлердей былк этпей, сөөлөт күтүшөт. Алар ушул турушу менен эле адамдын жан-дүйнөсүнө бир тазалыкты, улуулукту, ыйыктыкты билгизбей, акырын тамчылатып тургандай. Анан ошол тамчылар тирилик, турмуш, тагдыр деп аталган көйгөйлөргө толгон нерселердин көкүрөккө катмарлана жыйылган кара тактарын агартып, кез-кези менен жан сыздата ооруткан дартты айыктырып жаткансыйт. Ушу саам бардыгы унутулуп, али жашоо, дүйнө жүгүнө биротоло тепселе элек жүрөгүнө бычактай тийген ачуу сөздөр, денесин толугу менен…..

Матисаковдун чыгармалары Пушкиндин тилинде

Матисаковдун чыгармалары Пушкиндин тилинде Жакында Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Абдиламит Матисаковдун «Уроки доброты» деп аталган орус тилиндеги көлөмдүү китеби жарыкка чыкты. Бул китептен орус тилдүү окурмандар жазуучунун кыргыз окурман журтчулугуна кеңири белгилүү аңгемелери, повести жана эсселери, Кыргызстандын көрүнүктүү инсандары жөнүндөгү көркөм-публицистикалык чыгармалары менен тааныша алышат. Буга чейин А.Матисаковдун кыргыз элин дүйнөгө тааныткан атактуу кино актер жана живописчи Сүймөнкул Чокморовдун кайталангыс образын жараткан «Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй» аттуу даректүү көркөм чыгармасы жана бир топ аңгемелери орус тилине которулуп келген болсо, бул жолу анын дээрлик бардык чыгармалары орус тилине которулуп отурат. Муну толугу менен…..

Акбар Рыскуловдун “Эл акыны жана элчи” аттуу адабий-поэтикалык кечеси өттү

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Акбар Рыскуловдун 70 жашка толушуна арналган “Эл акыны жана элчи’’ деп аталган адабий-поэтикалык кече болуп өттү. КУУнун мамлекеттик тил жана коомдук иштер боюнча проректору, адабиятчы Садык Алахан модераторлук кылган кечеге КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов, КР Эл жазуучусу М.Абакиров, КР Эл акындары Т.Самудинов, М.Мамазаирова, К.Култегин, академиктер А.Эркебаев, О.Ибраимов баштаган акын-жазуучулар, коомдук-маданий ишмерлер, окуу жайдын эмгек жамааты, студенттер катышты. Катышуучулар авторду 70 жаш мааракеси толугу менен…..

Абдымомун Калбаевдин “Төкмө акын Ысак Барпиев” аттуу китеби жарык көрдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, жазуучу, белгилүү тележурналист Абдымомун Калбаевдин “Төкмө акын Ысак Барпиев” аттуу китеби жарык көрдү. Китепке Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Ысак Барпиев тууралуу ой-толгоолору, эл оозунда айтылып келаткан ырлары, эскерүүлөрү, устатынын курч, терең маанилүү сөздөрүн жыйнап киргизген. Демөөрчүлөрдүн каржылоосу менен “Улуу тоолор” басмасынан басылып чыккан китеп жалпы окурмандарга, өзгөчө айтыш өнөрүн аздектеген ак таңдайларга сунушталат.

Кыргыз жазуучуларынын “Айдын сырдуу тарабы” китеби түрк тилинде жарык көрдү

Евразия жазуучулар бирлигинин  каржылоосу менен  жазуучулар Жумабек Токтогазиев, Афина Абдылдаева жана Асан Ахматовдун биргелешип жазган “Айдын сырдуу тарабы” (Апат жана акын балладасы) аттуу китеби түрк тилинде жарык көрдү. 5 көшөгөлүү драманы түрк тилине которгон Екрем Арик оглу, Уланбек Алимов. Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата чыккан китепке демөөрчүлүк кылгандыгы үчүн Евразия жазуучулар бирлигинин төрагасы Якуб Өмероглуна Улуттук жазуучулар союзунун атынан ыраазычылык билдиребиз.

Кубат Оторбаев: Аманат

Аманат (Аӊгеме) Ошол жылы Эркинбекке эс кирди… Мындан бир аз күн мурда эле таӊ заардан каш карайганча айылдын үй бетин көрбөгөн чыт курсактары менен бозала чаӊда оюндан колу бошобой, жашоо деген ушул экен дегенсип дооран сүрүп жүргөн. Эми күнүмдүгү таптакыр башка нукка түшкөнсүдү, турмушу таанылгыстай өзгөрдү. Ошол жайда Эркинбектин жан-дүйнөсү эле аӊтар-теӊтер болбостон өзүнүн да сырткы түспөлү кадересе башка адамга айлангансыды: бою теректей термелип, үстүӊкү эрдинин өйдө жагына балапан түктөрдүн ордуна кайраттуу кара кылдар темгилдеп, үнү корулдап, колдору аттиштей арбайып, далысы кеӊейди. Эӊ эле өзгөргөнү – анын жан-дүйнөсү болду. Ага толугу менен…..

Жыргалбек Касаболотовдун адабий кечеси өттү

“Сармерден” ресторанында Жыргалбек Касаболоттун адабий кечеси өттү. Акыркы бир нече жылдан бери Түркияда жашап аткан акын менен жүз көрүшүүгө баарыбыз куштар болчубуз. Кечени КР Улуттук жазуучулар союзу “Сармерден” ресторанынын жетекчиси, коомдук ишмер Дүйшөмамбет Орозалиев менен биргеликте уюштурган. Акындын өзүнөн тышкары анын устаты жазуучу, публицист Чоюн Өмүралиев агай, акындар Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, Бурулкан Сарыгулова, Кубат Оторбаев, адабиятчы, журналист Жолдош Турдубаев, журналист Назира Саалиева, Нурбек Маамытбаев, “Жаңы толкун” адабий клубунун жаш акындары катышты. Кече кечедей өттү, анткени ыр окулду. Жыргалбектин өзүнүн да, балапан акындардын дагы окуусунда. Ыр жөнүндө сөз толугу менен…..

Айдай Бекбоева: Момпосуй

Момпосуй Калима таттууларды абдан жакшы көрөт. Айрыкча ага жаңгак кошулган таттуу жагат. Эртең менен бакчага баратканда колунан таттуу түшпөйт. Бакчага жеткенде балдар аны тегеректеп, таттуудан көздөрүн албайт. Ал ансайын аларга мактана, жалгыз өзү жейт. Ата-энеси ага курбулары менен бөлүшүү керектигин түшүндүргөн. Бакчада тарбиячы эжеси да көп жолу айткан. Бирок… Жанында Адыл аттуу бала бар. Экөө кошуна. Ага ооз учунан: “Момпосуй жейсиңби?” демиш болот. Адыл момпосуйду оозуна эми сала берерде, кайра тартып алат. Таттуунун көп бөлүгүн жеп алат деп ойлойт ал ичинен. Чөнтөгү толтура момпосуй, бирок Калима эч ким менен бөлүшкүсү толугу менен…..

Мамат Сабыров: Жанат

Жанат (аңгеме) — Теперь здесь будет порядок, — деди Жанат. Пилоткасын куруна кыстарган кара-тору жигит ийнени шашпай сайып, погонуна старшинанын белгисин тагып атты. — Утром полковник Сидорчук присвоил мне звание и попросил обеспечить здесь порядок. Теперь будет железная дисциплина. А то совсем распустились… Бул учурда биз жаңы эле түшкү тамактануудан келгенбиз. Ачык капталдары шамалга желбиреген чатырлардын ичинде бутту сунуп коюп жатышкан студенттердин эч кимиси Жанаттын сөзүнүн чындык экендигине шек санашкан жок. Анткени, Жанат бир кезде Түркмөнстанда, биздин университеттин аскер кафедрасынын башчысы, полковник (ал кезде майор экен) Сидорчук командачылык кылган аскер толугу менен…..

Улуттук жазуучулар союзунун сыйлык тапшыруу аземи өттү

Бүгүн К.Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасында Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. КР Улуттук жазуучулар союзунун салттуу түрдө эки жылда бир ирет ыйгарылып келген А.Осмонов атындагы республикалык адабий сыйлыгы, балдар адабияты боюнча Тоголок Молдо атындагы республикалык адабий сыйлыгы жана быйыл алгач ирет уюштурулган проза багытындагы М.Элебаев атындагы республикалык адабий сыйлыгы конкурстук негизде тандалып алынган авторлорго ыйгарылды. Акын Махабат Молдалиева “Айгерим” аттуу китеби үчүн, акын Бурулкан Карагулова “Ойдун эшиги” аттуу китеби үчүн, акын, котормочу А.Исмаилов “Агыш түн” аттуу китеби үчүн А.Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болушту. толугу менен…..