Маматжан уулу Мелис: Мейман болуп өтөрүмө өкүнбөйм, Менин ырым менден узак жашаса…

Маматжан уулу Мелис – ырларынан адамдык тагдыр, ички сезимдер таасын чагылып турган ырлары менен окурмандарга таанылган жаш калемгер. Ал -Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму уюштурган республикалык “Беш акын” долбоорунун жеңүүчүсү болуп, Жусуп Баласагын атындагы төш белги менен сыйланган. Ошондой эле “Жылдын мыкты акыны” фестивалдарынын (2014-2015-жж.) жана жаш акындардын республикалык “Жаш толкун – 2021” сынагынын жеңүүчүсү. Маматжан уулу Мелистин “Апакемдин алмасы” аттуу алгачкы поэтикалык ыр жыйнагы окурмандар арасында жылуу кабыл алынган. Азыркы учурда Мелис Ош мамлекеттик университетинин ректорунун жардамчысы болуп эмгектенет.   Ыйла, бөбөк Сыртта жамгыр мууну бошоп шолоктойт, Тар бөлмөдө турмуш толугу менен…..