Зинакан Пасанова: Ажалдын көзү

Ажалдын көзү Аңгеме Ажалдын ырайымсыз суук көзүн биринчи жолу көргөнүмдө жыйырма беш жаштагы келин элем. Бул куракта өлүмдү каяктан оюңа аласың. Өмүрдүн күндөрү түгөнгүстөй сезилет. Алдыда кызыктуу жана түбөлүктүү жашоо тургансыйт. Бирок ажалга көкүрөк тосуп чуркашка мажбур кылган кыйын кезеңге да туш болдум. Дал ошондой болду. Бир жерде жашаган эки улуттун кандуу кагылышы башталган алаамат күндөр эле. Шаардын көп көчөлөрүн өрттүн жалыны менен түтүнү каптап, адам каны төгүлүп, жүрөктүн үшүн алган коркунучтуу “имиш-имиштер” телефондон, вотсапптан, интернеттен селдей күргүштөп агып келип жаткан. Биздин көчөнүн эли да дүрбөлөңгө түштү. Көчө башында он толугу менен…..