Сүйөркул Тургунбаев: Кудай кээде өзүн кулга теңесе, кул да кээде өзүн ойлойт кудайдай

Дүйнө-күн Бир кезде узак иштен башым чарчап айнекти ача салсам: дүйнө чаңдап, шуулдап өндүрлөрү, белестери жатыптыр бирдин изин миңге улап… “Дүйнө-күн” Алыкулдун ырын ырдап – албан ой, албан добуш, албан ыргак, удургуп, учсуз дүйнө кыйырын кайрып, бир келип, бирде кетип, жапа тырмак. Демитип, Ысык-Көлдөй толкун айдап, карч уруп кара жанын жээкти жалмап, жатыптыр буусу чыгып, чуусу чыгып, шакардай өзү менен өзү кайнап… Дүйнө-күн Кара Молдо күүсүн чертип, каркайган кара тоодон кайып өтүп, каптаган миң-сан колдун сүрүн кийип, келаткан жөө тумандай жерди чийип…   Бир туруп күңгүрөнгөн ойго батып, күжүлдөп күдүр-будур толугу менен…..