Абдыкерим Муратов: Кыя жол

Абдыкерим Муратов Кыя жол (аңгеме) Экөө кыштактын он чакты жепирейген жер тамдарынын акыркысын – талдар менен сынчталып гувалак урулуп салынган, үстүнө кышка төшөлүп ак топурак менен самандалып шыбалган, кишинин башы гана бата турган көзөнөктөн жарык кире турган уядай тамды айлана өтүп, өрлөп кетчү кыя жолго салды. Жалгыз аяк кыя жол, кара жер – жер болуп каймактагандан берки ары-бери өткөн туяктардан запкы жеп, ортосу оюлуп, четтери жарланып, баскан буттардан заарканып биротоло таштай катып бүткөн. Анан калса өйдөдөн түшкөн сел болор суу да топосун жеп түгөткөн. Бүгүн ошол кыя жолго дагы экөө толугу менен…..