“Жылдын мыкты эмгеги” аттуу конкурс жарыяланат

ЖАРЫЯ!    ЖАРЫЯ!   ЖАРЫЯ!

«Рух-Бейне» Эл аралык чыгармачыл академиясынын «Жылдын мыкты эмгеги» аттуу республикалык конкурсу тууралуу

ЖОБО

I. Жалпы жоболор

«Жылдын мыкты эмгеги» аттуу Республикалык конкурс (мындан ары – Конкурс) Кыргыз Республикасында адабият, искусство жана педагогика тармагындагы соӊку эки жыл ичинде жаралган мыкты эмгектерди аныктоо жана элге тааныштыруу үчүн уюштурулат.

II. Конкурсту уюштуруунун максаты

1.Жогоруда аталгандай:

-кыргыз адабиятындагы, искусствосундагы жана педагогикасындагы жаңы жана мыкты эмгектерди жыл сайын аныктоо,

-аны жалпы эл алдына алып чыгуу жана анын жаратмандарын (авторлорун) моралдык жактан колдоо болуп саналат.

2.Конкурс бир жылда бир жолу, коомчулукка кеңири таанылган, ата мекендик адабияттын, искусствонун жана педагогика илиминин өнүгүшүнө орчундуу салым кошкон бирден эмгекке (проза, поэзия, кинофильм, өнөр эмгеги, драмалык чыгарма, педагогикалык изилдөө), атап айтканда:

а) адабият тармагынан;

-проза, поэзия жана балдар адабиятынан бир мыкты жыйнакка;

б) искусство тармагынан:

-ата-мекендик кинофильмден, драмалык чыгармадан, музыкалык чыгармадан бир эмгекке;

в) педагогика тармагынан:

-бир мыкты педагогикалык изилдөөгө ыйгарылат.

III. Эмгектерди конкурска сунуштоодо коюлуучу талаптар

1.Конкурска сунуштала турган эмгек соӊку эки жылдын ичинде жарыяланып, эл ичинде таанылып калган болуу керек, атап айтканда:

-адабий чыгарма полиграфиялык ыкма менен, китеп палатасынан эсебин алган, 500 нускадан кем эмес нускада, кагаз вариантында басмадан чыккан болууга тийиш;

-кинофильм кино-театрлардан көрсөтүлгөн болуусу керек;

-драмалык чыгарма театрларда коюлуусу керек;

-музыкалык чыгарма оркестрге ойнолуп, аранжировкаланып, сахнага алынып чыккан болуусу тийиш.

IV. Эмгектерди тандап алуу тартиби

1.Эмгектер атайын түзүлгөн комиссия тарабынан тандалып алынат.

2.Комиссия ар бир тармактын компетенттүү адистеринен түзүлөт.

3.Эмгектерди тандап алууда алардын улуттук адабиятыбызды, искусствобузду жана педагогика илимибизди жаңы мазмун, жаңы тематика менен байытуудагы орду, идеялык-тематикалык баалуулугу, жаш муундарга рухий жактан тарбия берүүдөгү маани-маңызы эске алынат.

5.Эмгектер конкурска чыгармачыл жамааттар тарабынан көрсөтүлөт жана булар эске алынат:

-эмгектерди көрсөтүүдө эмгек жамаатынын жыйынынын токтому, чыгармага аннотация, автору тууралуу маалымат талап кылынат;

-китеп түрүндө конкурска катышууда китептен 5 (беш) даана тапшырылат;

-кинофильм, драмалык жана музыкалык чыгармалар аудиодиск менен тапшырылат;

6.Эгер автордун бир нече эмгеги сунушталса, алардын ичинен бири тандалып алынат.

7.Эмгекти кароодо конкурстун шартында көрсөтүлөн мөөнөттөн мурдагы жылдары жарыялангандары каралбайт;

8.Конкурска комиссия мүчөсүнүн эмгеги сунушталса, анда автор ишти кароого жана добуш берүүгө катышпайт.

9.Комиссиянын жыйынтыктоочу отуруму жабык өтөт, акыркы чечим жашыруун добуш берүү жолу менен кабыл алынат жана протоколдонот.

V. Конкурстун жыйынтыгын чыгаруу

1.Конкурстун жыйынтыгы декабрь айында «Рух-Бейне» Эл аралык чыгармачыл академиясынын жылдык ишинин жыйынтыгын чыгаруу аземинде салтанаттуу жарыяланат.

2.Конкурстун жыйынтыгында жеӊүүчүгө Академиянын «Рух-Бейне» медалы Ардак диплому жана акчалай каражаты менен ыйгарылат.

3.Конкурстун жеӊүүчүлөрү жөнүндө маалымат республиканын маалымдоо каражаттарында күн мурун жарыяланат.

4.Эмгектер конкурс тууралуу жарыя кылган күндөн тартып 30-ноябрга чейин кабыл алынат.

VI. Материалдарды кабыл алуу

Бишкек шаары, С.Ибраимов көчөсү, 24. 1-кабат, «Рух-Бейне» Эл аралык чыгармачыл академиясы.

Байланыш телефондор: Стал: +996 705 006 583, Улукман: +996 707 096 980

Эл почта http://totuarzykulova888gmail.com

Конкурсту уюштуруу комитети