Зинакан Пасанова: Көшөгөсүз колукту

Көшөгөсүз колукту

(аңгеме)

Коңшу аялдар кезектеги шеринеге адаттагыдай эле өздөрү жашаган көчөдөгү чайканага чогулушту. Он жылдан бери ай сайын ушул жерде аш жешет. Эки кабаттуу, короо-жайы кенен, чыгыш үлгүсүндө курулган сөөлөттүү чайкананын кардары көп. Биринчи кабаттагы жайлуу бөлмө атайын алар үчүн бөлүнгөн. Анын жапыз жыгач сөрүсүнө жер төшөктөр калың салынып, суук күндөрү темир меште от алоолоп күйүп, ал эми тейлөөчү кыздар жүгүрүп кызмат кылат. Бул чайкана ээсинин аларга көрсөткөн коңшулук ызааты эле. Ошону үчүнбү аялдар шеринеге кушбак көңүл менен келип,  шарактап сөз талаша сүйлөшүп, каткырык-күлкүлөрү да короонун дарбазасына чейин беймарал угулат. Коңшуларда бир айдын ичинде көп жаңылык топтолуп калчу. Ар бири өз жаңылыгын бөлүшүүгө ынтызар болсо да жаагын жанып шакылдаган эки-үч өктөм аялдан сөз тийиши кыйын. Айрыкча, сөөк-сактуу эркек мүчөл Калыйпанын чаңкылдаган бийик доошу басылчу эмес.

Бүгүнкү отуруштун маеги жакында кызынан небере көргөн Кайрынисадан башталды. Тун баласын төрөгөн кызына каралашып, бир айдан бери Бишкекте эле. Борбор калаада жүргөндө коңшу аялдардын ватсаптагы тайпасына: “Таене болдум!”, – деп сүйүнчүлөгөн. Баары бир сыйра куттук да айтышкан, бүгүн өзү да келип калыптыр. Жылаажындай уккулуктуу доошу менен кыз-күйөөсү, небереси жөнүндө чечиле сүйлөп, аялдар болсо жабалакташа ага суроо жаадырып, адаттан тыш бака-шака кызыды. Тили дайыма кычышып турчу Калыйпа сөзгө кыпчылгысы келе ойдолой баштады. Ал кимдир-бирөө эки-үч мүнөткө созуп сүйлөсө эле чыдамы түгөнчү, а өзү сааттар бою шакылдаса да жаагы талыбайт.

–Кайрыниса, кызыңдын баласы канчанчы неберең болду? – деп сурап ийди чыдабай.

–Ии, азыр эсептейинчи. Чоң уулумдун эки баласы, андан кийинки уулумдуку экөө, анан кызымдыкы менен беш неберем бар экен.

–Анда мага жетпейт турбайсыңбы. Жакында келиним төрөсө меники алтоо болот, – деди Калыйпа көтөрүлө сүйлөп.

–Аий, эже, сиз болсо менден артта калыпсыз. Кудайым буюрса, менин жакында сегизинчи неберем төрөлгөнү турат, бир чебере да көрүп калдым, – деди Гүлназ коңшу сыймыктана.

Ал жашы элүүдөн ашса да чырайына чыгып, жыл өткөн сайын ажары ачылган аял эле. Коңшу аялдардын ичинен жоолук оронгон да жалгыз ошол. Отуруштарда сөз талашып деле сүйлөбөй, көбүнчө момурайып олтура берет. Бүгүн Гүлназдын айтканы баарынын бүйүрүн кызытып, ким канча небере көргөнүн эсептей башташты. Бул иш бир гана Санамга жаккан жок. Чыйрыккандай бүрүшө түштү да, далысына жамынган шалы жоолугун көкүрөгүнө тарта кумтуланып, кабагын түйдү. Бирок өзүнө жагымсыз бул сөздү башка жакка бурууга дарманы жетпей, жашырып жүргөн айыбы ачылып калчудан бетер кысынды. Жашы жетимиш таяп, баарынан улуусу болсо да алигиче небере көрө электигине ансыз деле кичирейип жүргөн. Баарынан да таң калыштуусу, өзүнөн бир топ жаш кичүү коңшу аялдардын алды жети-сегизден небере көрүп, кадыресе чоң эне болуп калышкан тура. Алар жаш эмес эле, өзү улгайыптыр. Санамдын бул ички уйгу-туйгусун Калыйпа кантип эле көз жаздымынан кетирип калсын. Алагар көздөрүн кыбыңдата, ууртунан кытмыр күлө багып, бир балээнин башын кылтыйтты:

–Келгиле, кимдин канча небереси бар, ошого жараша төргө олтурмай!

Бул сунуш аялдарды ээликтирип койгондой, бир чети оюн-тамашага айландырып, төргө ким-кимден кийин олтурушу керектиги жөнүндө талкуулап киришти. Санам гана сөзгө кошулбай үн-сөзсүз. Ал коңшу аялдардын аксакалы болуп төр ээлеп, алаканын жайып, алкоосун айтып, бата бере турганы да өзү эле. Дасторконго коюлган даамдар бөлүштүрүлгөндө улуу катары шыбаганын чоңун алчу. Эми төрдү жашы өзүнөн кичүү аялдарга бошотуп, аяк жакка сүрүлүп кетеби?

Кудай жалгап, бул убакта бөлмөнүн эшиги ачылып, тейлөөчү кыз эки колуна палоо толо жайык табактарды көтөрүп кирди. Небере тууралуу сөз тыйылып, баарынын көнүлү оокатка бурулду. Очокто күйгөн оттун табы сиңген, дандуу девзира күрүчтөн бириндетип демделген аштын көрүнүшү да, жыты да табитти ачып ийди. Бул чайканада эң даамдуу аш демделчү. Ошондуктан кардары көп. Атактуу ашпозчунун очокто бышырган палоосун жегени шаардын туш-тарабынан келип турушат. Коңшу аялдар да ашка алаксышып, адегенде куйрук майдын сызгырыла куурулган чызасынан бир сыйра ооз тийгенден кийин кызыл ачуу калемпир чыкталган, сүзмө катыкталган ачуу суудан ууртай, жакшы басылган ысык палоого кашык салышты. Табактагы аш ортолоп калганда Калыйпа Санамга кылчая карап:

–Ой ортак, кызың качан күйөөгө чыкканы жатат? – деп сурады.

Аялдардын кээ бири бул ыксыз суроого “бырс” күлө жаздап токтошту, Санам да какала түштү. Германияга окууга кеткен боюнча кайрылып келе элек жалгыз кызы жөнүндө сурап жатканы түшүнүктүү. Ал жакта окуусун аяктагандан кийин чоң компанияда иштеп жүрөт. Бирок тааныш-билиштерди, айрыкча Калыйпа сыяктууларды, кызынын жетишкен ийгиликтерине караганда жашы отузга чыгайын деп калса да бүлө күтпөй жүргөнү көбүрөөк кызыктырчу.

Калыйпанын бул жолку кычык суроосуна Санам өзү үчүн да күтүүсүз жооп айтты:

–Кудай буюрса, той жакындап калды.

–Сүйлөшкөнү бар бекен? Кыргызбы? Германиядабы? – Калыйпа өңгөчүн үзө тартып, кулагын төшөй.

–Көптөн бери бир жигит менен сүйлөшүп жүрдү эле, жакында колун сураптыр. Өзүбүздүн эле жигиттерден экен. Тойду эми макулдашабыз, – деди да, а ичинен жалган айтууга аргасыз мажбур болгону үчүн Алла-Тааладан кечирим сурап жиберди. Анан ортодогу сөз улангыча озунуп:

–Ден соолугуң жакшыбы? – деди Калыйпага камкорсуган түр менен.

Дартын айтарга киши таппай турган Калыйпа издегени жоктон табылгандай болуп кейип-кепчип даттанып кирди. Эми аны токтотуу кыйын эле: өзүнүн оорусу же турмушундагы ысык-суугу жөнүндө баяндоодон ырахат алчу. Бир топ жылдан бери кант диабети, өнөкөт боор оорусу, артрод дартынан жапа чегип, кээде төшөктө жатып калган учуру көп болот. Азап чеккендей кер сары тарткан өңүнөн, киртийген көздөрүнөн эле билинип турчу оорукчан экени.

Санам анын сөзүн бузуп:

–Бала деле күйбөйт тура. Ушинтип кыйналган чагыңда кыздарың келип караса болмок? – деди боор ачыгандай.

Бул сөзү бутага тийгенин байкады. Калыйпанын жүзү сумсайып, ыйламсырагандай аянычтуу боло түштү. Төрөттөн эрте калган аялдын караган-туткан эки кызы Россиянын Сургут шаарында иштешип, бир топ жылдан бери үйлөрүнө келише элек. Ошол жактан эрге тийишти, бала-чакалуу болушту. Тапкандары деле жакшы окшойт, борбор шаарда эки-үчтөн жаңы батир сатып алышыптыр. Калыйпа кыздарынын табышкерлигин мактанып да, сыймыктанып да айтып бүтө алчу эмес. Ал жомогун ар бир жолу уккан сайын Санам ага суктанмак турсун, ичинен бечаралыгына боор ооручу. Анткени, Калыйпанын өп-чап тиричилигине бай кыздарынын шарапаты тийген жок. Дагы деле ошол эски тамы, шыбагы сыйрылган дубалдары, боёгу өчкөн терезе-эшиктери, карыздан башы чыкпаган берекесиз жашоосу. Ошол алына карабай жасалма чиренүүчүлүк менен ооз көптүрүп сүйлөгөнгө усталыгын кантесиң. Өнөкөт оорусу катуу кармаганда кээде Санамдан жардам сурап телефон чалчу. Ал эмканада дарыгер болуп иштегендиктен, коңшу-колоңдору сыркоолоп калышса дары-дармектен каралашып, же ийне сайып турат. Калыйпаны да көргөнү киргенде иретсиз жана суук бөлмөдө башын жөлөп, ысык чай берер жакын адамы жок мусаапыр болуп жаткан коңшусун аяп кетер эле. “Энелери катуу ооруп жатканын билип да кабар алганы же сагынычын жазганы келишпеген кандай кыздар?” – деп таң калып да, зээни кейип да калчу. Ичкич күйөөсү болсо көп учурда үйдө жок болот.

–Ой, алар жаш балдары менен келе албай жатышат. Жол алыс, жол кире кымбат. Мейли, келишпесе да тынч-аман жүрүшсө эле болду, – деп Калыйпа адатынча безилдей кыздарын актап кирди.

–Баары бир эне баласын сагынат да. Канча жыл болду кыздарыңды көрбөгөнгө? Кезектешип келишип, сенин сагынычыңды жазып, жууп-тарап кетишпейби? Кийин арман болот, – деди Санам.

А ичинен болсо өзүнө-өзү таң кала берди. Жөнсүз катылгандын катыгын бергиси келсе да, атайылап бирөөнүн таалуу жерине тийип, жан ачыштырар сөз айтууга дити барганына таң калды. Калыйпанын актана сүйлөгөнү да кулагына кирбей, тезирээк эле шерине таркашын күттү. Экөөнүн тымызын акыйлашканына кулак түрүп калышкан аялдардын арасынан кимдир-бирөө сөздү башка жакка буруп, анан жай кобурашууга өтүштү.

Санам үйүнө көңүлү кирдеп кайтты. Аялдар аны “неберең жок” деп төрдөн куушпаса да, куулгандан бетер ичи эңшерилип, жашоосу жайдактала түшкөндөй. Ал аз келгенсип өзү да коңшусунун көнүлүн оорутканына өкүнүп турат. Эми ачуу үстүндө айтылган сөзүн артка кайтарууга кеч эле.

*****

Үйгө келгенден кийин да ушундай жагымсыз ой-сезимдин туңгуюгуна чөгүп, көпкө кыймылсыз олтурду. Бөлмөнүн шыбак дубалдарынан, шыптагы асма шамдын жарыгынан, үй ичиндеги азын-оолак буюмдардан жалгыздыктын суук илеби уруп турчу. Акыркы күндөрү үйүн гана эмес жан-дүйнөсүн да аңгыратып боштук ээлеп, жашоосунун тузу кемигендей супсак тартып кеткени жалгыздыктан экенин билет. Ушундай кусалуу кечтерде кызы Мээримдин жакындыгын өзгөчө эңсөөчү. Иштен чарчап келгенде пахтадай жумшак манжалары менен чеке-башын укалап, чарчаганын жазып: “Апа, кофе кайнатып берейинби? Шоколад жейсизби?”, – дечү камкор сөздөрүн жокточу. Кичинекейинен жароокер, эркетай жана зирек кызы Германияга окууга кеткенде көпкө чейин кусалыктан чыга албай жүргөн. Алыска кетирбей деле койсо болмок, бирок энелик жүрөгү жакшы жашоого умтулган баласынын жолун тосууга түткөн эмес, ал үчүн өзүнүн жыргалчылыгынан кечкен. Мына эми улгайган чагында ээн үйдө коколой башы калды. Бул жөнүндө эч кимге, ал түгүл кызы менен күнүгө ватсаптан видеочалуу аркылуу сүйлөшкөндө да даттанчу эмес, алыста жүргөн баласын аячу.

Санамдын ички уйгу-туйгусуна ортоктош болгонсуп, кеч күздүн күтүүсүз соккон ызгаар жели короону жортуп өттү. Долу шамал үйдүн тунике чатырын калдыратып, зымда илинип турган жуулган кийимдерди жулуп кетчүдөй далбактатып, жерде бош жаткан чака, тепшилерди тоголото учуруп, дарактардын тонолуп бүтө жаздаган акыркы жалбырактарын күүп түштү. Санам ойлорунан алаксып, кара бороондун эпкини чатырдын туникелерин жулуп кетишинен, электр жарыгынын өчүп калышынан, бактагы чоң бутактардын сынып түшүшүнөн чочулап жатты. Кудай жалгап, катуу шамал кандай тез башталса, ошондой тез токтоп, түнкү короо кайра кулак-мурун кескендей жымжырт боло түштү. Саатты караса кечки 9га беш мүнөт калыптыр. Кызы Мээримдин телефон чалар маалы. Күнүгө ушул убакта чыгат байланышка. Көп узабай ватсаптан кызынын жылмайган да, бир аз кооптонгон да жароокер жүзү көрүндү. Апасына күнүгө чалып, аман-эсендигин сурап турса да, көнүлү тынчыбайт окшойт. Өңүн көрүп, жашоосу жайында экенин билгенде гана жеңилдегендей жадырай түшөт да, ашыга сүйлөшө баштайт.

Бул жолу Санам капалыгын жашырган жок. Үнү басмырт чыгып, араң эле ал-жай сурашты.

–Эмне болду, апа, жакшы элесизби? – деди Мээрим кабатыр болуп.

–Оорусам го эч нерсе эмес эле, баарынан да кемсинген оор турбайбы…

–Сизди ким кемсинтти? Эмнеге?!

Санам эми болгон окуяны жашыргысы келген жок, кызына айтып берсе, мүмкүн таасир этер, күйөөгө чыгуу керектигин ойлоно баштар. Ушундай үмүт менен бүгүн чайканада кантип басынып-ызаланганын, Калыйпанын жоругун, табасы канганын, кыргызда ата-энелер улгайган чагында небере жыттабаса бул – осол иш, жалгыз жашаса бул – карыптык деп эсептешерин айтып жатканда үнү каргылданып, муун-жүүнү бошой түштү. Азыр анын бир гана тилеги бар: кызы үй-бүлө күтүп, балалуу болсо дегенде ак эткенден так этет. Мээрим эненин сөзүн бөлбөй укту. Анын жүзү олуттуу тартып укканын ичинен талдап жатканы байкалат. Бир аз ойлонуп туруп:

–Апа, сиз да жакында неберелүү болосуз, – деди

–Аа! – Санам уккан кулагына ишенбеди.

–Апа-а? – Кызы чочулагандай үн салып.

Эне тили күрмөөгө келгенде сураганы бул болду:

–Эмне дейсиң, кызым?! Күйөөгө тийдиңби?!

–Жок, апа… Никелеше элекпиз.

–Эмне?!. Күйөөсү жок төрөйсүңбү? – Башына катуу сокку тийгендей эси оой түштү. Анан бир мүнөткө чейин ооз да ача алган жок.

–…

–Атасы ким болот?

–Атасы бар, апа! Ал балалуу болууга каршы эмес.

–Ким ал?!

–Сиз тааныйсыз го. Альберт!

–Альберт? Альберт… И баягы… – деп сөзгө какады Санам.

*****

Өткөн жылы кызы Мюнхен университетин аяктаганда апасын Германияга чакырган. Аэропорттон тосуп алган Мээрим бир сары чачтуу, узун бойлуу жигит экөө туруптур. Сагынышкан эне-бала ысык кучакташып, өөп-жытташып алышкандан кийин кызы жанындагы жигитти көрсөтүп: “Апа, таанышып коюңуз, бул – Альберт”, – деген. Анысы токтоо гана бир ооз салам айтып, башка сөзгө келбей, Санамдын чемоданын түртмө арабага салып алып сыртты көздөй жөнөдү. Эненин шексинип:

–Бул ким? – деген суроосуна кызы:

–Досум, – деди кыска гана.

–Немиспи?

–Ооба.

Жаштайынан европа чөйрөсүнө аралашып, Германияда бир топ жыл жашап калган кызынын жүрүм-турумундагы көп өзгөрүүлөр Санамга бир аз өөн көрүнсө да, жаман ойго кыйчу эмес. Эми да “досум” деген сөзүн кандай жорушун билбей күдүк ойдо калды. Альберт чемоданды кара аудинин арт жагына жүктөп, экөөнө эшик ачып олтургузду да, ошол бойдон шаарга жеткиче үн катпай айдап келди. Мээримдин кез-кез ага немис тилинде сүйлөп, сөзгө тартууга аракети текке кетти. Кыска жооп кайрыйт да, жолдон көзүн албай тымпыят. Санам да жигитти сүйүңкүрөбөй, жаман көзү менен карап коёт. Көзүнүн карегиндей бөпөлөп чоңойтуп, бүт бактысын, өмүрүн арзыган кызын бул ичим тап сары чач немис жигитке кантип ыраа көрсүн. Кыялындагы күйөө бала кыргыздын намыскөй, бир сырдуу, нарктуу мырза жигити эле. Ошондой татыктуу жигитке төп келе турган акыл-эстүү, жароокер, өңдүү-түстүү кызы бар.

Санам кетеринде шаар сыртындагы аэропортко дагы Альберттин аудисине түшүп барышты. Бул жолу Мээрим жигиттин жанына алдыңкы орунга олтурду. Апасына кайрылып кыргызча сүйлөп, Альбертке кылчая карап немисче сүйлөп, экөөнүң тең көңүлүн алгысы келген кызын аяп баратты.

–Бул досуң аябай эле түнт го? – деди кызына карап. Мээрим бул сөзгө кайдыгер ийнин куушуруп койду.

Самолетко олтурар алдында Санам кызы менен коштошуп бекем кучактады. Ал он күн бою “кызынын көңүлүн оорутуп аламбы” деп аярлап айта албай буулуккан сөздү күч жыйнап туруп кетеринде айтты: “Эми турмуш кур, кызым? “Дос-пос” дегениңди жыйыштыр. Германияда деле кыргыз жигиттер көп экен. Бири менен кол кармаш. Же Кыргызстандан табалыбы?”. Бул сөзгө Мээрим маани деле бербегендей кулак сыртынан кетирип, апасы узак жолдо кыйналбай кетишине кам көрүп, ар нерсени дайындап жатты. Учуучу аянтчага тосмоктон өткөндөн кийин артын караса кызы менен Альберт кучакташкан бойдон кетип баратышыптыр. Немис жигит эңкейип Мээримди өпкөндөй болду. Санам аларды караган бойдон селейип катып калды.

*****

Санам кызы менен сүйлөшүүнү аягына чыкпай туруп ватсапты өчүрүп койду. Уккан кабары жан-дүйнөсүнө чагылган түшкөндөй кыйратып жиберди. Күйөөсү жок төрөйт деген эмне шумдук! Ал аз келгенсип немистен! Бул шермендечилик эмеспи! Эл караган бетин жер каратабы?! Эми кантип баш көтөрүп жүрөт? Калыйпага окшогондор эми чындап табалашпайбы! Баарынан да кызы никеге да турбаптыр. Жүрөгүнө бычактай сайылды уккан кабары. Көңүлүндө көптөн бери куруп жүргөн таттуу кыялдарынын мунарасы кыйрады.

Телефонду уучтаган бойдон колунан түшүрбөй олтурган жеринен диванга кыйшая жата кетти. Мышыктай болуп түйүлө бүрүшкөн бойдон кыймылдабай көпкө жатты. “Эмне үчүн ушундай болуп калды?”, – деген суроого жооп издей өткөн күндөрдү түрө тизмектеп эс-тутумунан өткөрдү. Баары чет өлкөдөгү жашоого эрте кызыккан кызынын өспүрүм кезинен эле башталыптыр. Чыныгы жыргал жашоо менен эркиндик ошол жакта деп делбеленчү. Экөөнүн бул темада талаш-тартышы бүтчү эмес.

–Мына сиз мыкты дарыгерсиз. Эч кимден акча албайсыз, ак ниетиңиз менен дарылайсыз. Бирок сиздин эмгегиңиз акталдыбы? Болор-болбос айлык аласыз. Бүт өмүрүңүз ушул эки бөлмөлүү тар үйдө өттү. Эч болбосо бир да жолу чет өлкөгө саякаттай элексиз. Ушул жашообу? – деп көзүн ачкысы келчү апасынын.

Шаардык эмканада жөнөкөй дарыгер болуп иштеген апасынын өп-чап айлыгына кылдырап өткөрүшкөн жашоого Мээрим макул эмес. Күйөөдөн эрте ажырагандан кийин жупуну тириликке көнүп калган Санам кызынын бул каршылыгынан чочулоочу.

–Кой, кызым, бактылуу жашоо бир гана байлык, жыргал турмушта эмес. Мен өзүмдү бактылуу деп эсептейм. Өз мекенимде жашап жатам. Сендей кызым бар. Сүйгөн кесибимде иштейм. Эл урматтайт, мага башка дагы эмне кереги бар?

Санамдын ою чындап эле ушундай эле. Кызы болсо эненин бул сөзүн дүйнөлүк өнүгүүдөн кабары жок улуу муундун чектелген пикири деп түшүнөт. Ошентип, ал цивилдүү өлкөдө жашоого бала кезинен демөөрлөндү. Орто мектепти аяктаганда тилеги орундалып, Германиянын Мюнхен университетине окууга өттү.

*****

…Ою ушул жерден үзүлүп, өтө зарыл нерсени эстегендей кыймылсыз жаткан жеринен тура калып, жатак бөлмөгө кирди. Тар бөлмөнүн төрүндө Санам тээ илгертен бери аздектеген аялуу буюм – арча жыгач сандык турчу. Анын ичинде андан бетер кымбат буюмдар: кызынын себине деп арнаган көшөгө, пахта салына элек курак төшөктөр, жаздык каптар, саймалуу жаңы дасторкон сакталып турчу. Булардын баарын Мээрим күйөөгө чыкканда той күнү кошуп берем деп кездемелердин тазасын тандап сатып алып, мыкты чеберлерге тиктирип, илгери үмүт менен даярдаган. Сандыкты ачып, эң түбүндөгү чоң түйүнчөктү сууруп чыкты. Ал таза кочкул кызгылт түстөгү жибек кездемеге илме сайма менен жашыл, пуштуу, ток сары түстөгү көчөттөр кештеленип түшүрүлгөн көшөгө эле. Үстүңкү кыюусуна илмектер кадалып, ага ичке бүчүлүктөр өткөрүлүп, илмектин эки учу дубалга кере тартылып байланууга даярдалып коюлган. Бул көшөгө өзүнүн себине келген. Арзышкан түгөйү Жоомартка баш кошуп, кайын ата-кайнененин куттуу үйүнө бүлө болуп келгенде ушул көшөгөнүн ичинде олтурган. Никелешкен түнү салт боюнча эки жаш көшөгөнүн ичине жатышкан. Ошондуктан, бул көшөгө – жаш келиндин шаан-шөкөттүү, сүйүүгө эс-мас болгон күндөрүнүн кымбат эстелиги. Ата-энесинин ак батасы менен узап, күйөөнүн колуна нарктуу жөрөлгө, ызааты менен келген бактылуу күнүн эч унутпайт. Өмүрүнүн ошол таалайга чалкыган бир үзүмүн эстегенде бакытка балкыйт. Жалгыз кызы да ошол керемет сезимдерди башынан өткөрүп, ак жибектен көөлгүгөн үйлөнүү той көйнөгүн кийип, ак калпакчан мырза жигиттин колун кармап, туулган үйүнөн сый-ызаат менен салтанаттуу узаарын элестетип, кыялында байып жүргөн. Кызы куттуу үйгө, нарктуу кайын ата, кайнененин колуна барат деген таттуу тилеги бар эле. Ошондой тилек менен өзүнүн көшөгөсүн жана келин болгондо кайненеси салган ак жоолугун сактап койгон. Аларды Мээримдин себине кошуп бермек. Эми кызына ошондой бактылуу тагдыр буюрбаганына ичи өрттөндү. Эч кимиси жок жетимден бетер никесиз эле бирөөдөн боозуп, өзү үчүн эле төрөгөнү жатканына түк да ынангысы келбейт. Балага ата болуучу эркек да кыргызга кайнаса каны кошулбай турган немис экен. Энелик жүрөгү көтөрө алгыс кайгыга кантип түтөт эми! Санамдын ачуу көз жашы кызыл жибек кештелүү көшөгөгө тыпылдап таамп жатты.

Жашы кургабастан сандыктын бурчунда жаткан дагы бир чоң түйүндү чечти. Анда кызынын наристе кезинде кийген кийимдери, ороочу жалаяктары, бешиктин жасалгалары түйүлүп турчу. Аларды неберелүү болгондо кызыма өткөрүп берем деп ырым кылып сактап жүргөн. Мээрим ымыркайында кийген көйнөк, шым, жемперлерин бириндетип кармалай баштады. Баланын наристе жыты сиңген, куш жүнүндөй жеңил, көзгө сүйкүмдүү кымындай кийимдерди жыттап, көкүрөгүнө баса кучактап, ансайын өксөдү. Энелик тилегинен кол жуунун армандуу көз жашы жүзүн гана эмес, жүрөгүн кошо күйгүздү. Аларды кучактаган бойдон керебетине жатып алып буркурап-боздоп ыйлады…

*****

Санам көзүн ачканда таң агарып келаткан экен. Кучагында баласынын кийимдери. Түндөгү оор кайгысы көз жаш менен жуулуп кеткендей, көкүрөгү бошой түшүптүр. Кызынын көйнөктөрүн жүзүнө сүртүп, жыпар жытын искеп, дагы бир топко жатты. Мындан көп жыл мурда дал ушул керебетте ымыркай кызын кучактап уктаган күндөрдү эстеди. Балтыр эти толо элек баланын жылуу демин, сүт жыты менен периштедей күнөөсүз тазалыгын эстегенде кызына эт-жүрөгү элжиреген сезими козголду. Шашыла телефонун ачса ватсапта Мээримден билдирүү келбептир. Санам кабар жоктугуна тынчсыздана түштү. Дайыма таң эрте менен турганда: “Кутман таң, апа!” – деген саламын алчу эле. Бул жазууну ал апасы эрте менен турганда окусун дейби, түн жарымында жазып жөнөтөт. Бүгүн биринчи жолу таңкы салам айтпаптыр. Санам күнүгө маанайын көтөрүүчү сөздү жоктоп, кызына камтама боло түштү. Экөөнүн түнкү сүйлөшүүсү Мээримге да оор тийгени белгилүү. Кош бойлуу кезинде ар бир стресс эне-бала үчүн кандай зыян алып келерин дарыгер катары жакшы түшүнөт. Эми кызынын чечимин кабыл алышы жана ага энелик бакыт буюрушун тилегенден башка аргасы да жок. Кош бойлуу Мээримге гана эмес жарык дүйнөгө келе турган небересине да кам көрүүсү керек.

Санам ушинтип өзүнө акыл айтты, кайраттандырды, эне катары күчтүү болууга милдеттүү экенин ойлоду. Дагы эле кучактап турган кызынын бөбөк кезиндеги кийимдерин узакка жыттады. Бул жыт Санамдын жаш балага болгон эңсөөсүн ойготту. Энелик бакытты кайра сезип, бал жыттуу наристени колуна алгысы, анын мөмө жүзүнө көзү тойбой тиктегиси, күндөй балкыган жылмаюусун көргүсү келди. Бул каалоонун күчү анын кечээтен бери какпай калгандай сенейген жүрөгүнө жан киргизди. Кандайдыр бир жылуулук денесин аралап, дем берип, тирүүлүктүн дагы таңын үмүттүү тосуп алууга шыкак болду.

Ватсапты ачты да жүрөгү элжиреген ысык сүйүү менен кызына дубай салам жөнөттү: “Алтыным, кутман таң! Неберемди жакшы бак! Буюрса төрөгөнүңдө өзүм барып карайм. Кичинеңде сен кийген кийимдер менен бешигиңди ала барам. Ошолордун баарын сен Эне боло турган бактылуу күнгө сактап жүрөм. Менин сүйгүнчүгүм, байлыгым, кымбатым, амандыгыңды, бактыңды тилейм”, – деп жазып, сансыз кызыл жүрөкчөлөр менен кооздоп жөнөттү.

Анан саатты тиктеп, бул таңкы саламын кызы дагы 5 сааттан кийин окуп жатып, кубанычтуу жылмаярын элестетип, өзү да бактылуу боло түштү.