Зинакан Пасанова: Көшөгөсүз колукту

Көшөгөсүз колукту (аңгеме) Коңшу аялдар кезектеги шеринеге адаттагыдай эле өздөрү жашаган көчөдөгү чайканага чогулушту. Он жылдан бери ай сайын ушул жерде аш жешет. Эки кабаттуу, короо-жайы кенен, чыгыш үлгүсүндө курулган сөөлөттүү чайкананын кардары көп. Биринчи кабаттагы жайлуу бөлмө атайын алар үчүн бөлүнгөн. Анын жапыз жыгач сөрүсүнө жер төшөктөр калың салынып, суук күндөрү темир меште от алоолоп күйүп, ал эми тейлөөчү кыздар жүгүрүп кызмат кылат. Бул чайкана ээсинин аларга көрсөткөн коңшулук ызааты эле. Ошону үчүнбү аялдар шеринеге кушбак көңүл менен келип,  шарактап сөз талаша сүйлөшүп, каткырык-күлкүлөрү да короонун дарбазасына чейин беймарал толугу менен…..

Тамара Добул кызы: Бакыт, бир келип кет бар болсоң, Мен сени күтүп чоң жолдомун!

Чыгарма, китеп көлөмү менен бааланбайт Соңку жылдарда китептер өтө көп чыгып жатат. Айрыкча ыр китептер. Ыр китеп деген менен алардын дээрлик көпчүлүгү али поэтикалык деңгээлге жетпеген, нукура поэзиянын жыты да жок, эптеп эле чүргөлгөн бирдемелер. Андай китептер колуңа тийип калса аргасыздан эсил кайран СССРди эске аласың. Ал убакта басмадан чыкчу ар бир китеп оболу Жазуучулар союзунун тиешелүү секцияларында каралып, талкууга коюлуп, чоң акындар тарабынан чыгарышка ылайык саналса гана басмаларга сунушталып, ал жердеги кызматкерлер да сын электерине салып, ага кошумча мамлекеттик сырды сактоо кызматы тарабынан каралып /цензура/, анан гана жарык көрчү. толугу менен…..