Зинакан Пасаңова: Залкар акындын музасы, акын жана романист Меңди Мамазаирова 80 жашта

Залкар акындын музасы, акын жана романист Меңди Мамазаирова 80 жашта

Белгилүү акын-жазуучу, драматург, Кыргыз Эл акыны Менди Мамазаирова эженин кыргыз адабиятында өзгөчө орду бар. Залкар талант Жолон Мамытовдун музасы, татыктуу жары жана акындын адабий казынасынын мураскору болуу милдети эженин жеке чыгармачылыгын арткы планга сүрүп коюшу мүмкүн эле. Бирок, оргуштаган талант менен чыгармачылык эргүү Меңди эжеге тынчтык бермек эмес. Көөдөндү ургулаган жаратмандык ышкы, турмуштун миң тамырынын сокконун туйган сезимталдык, сергек эс-акыл жана профессионал инсандардын ордосуна жаштайынан аралашып калуу тагдыры кыргыз адабиятына таланттуу калемгерди берди.

Меңди Мамазаирова кыргыз окурмандарына 70-жылдары тааныла баштаса, ошол убакыттан бери көркөм сөз өнөрдүн жүгүн моюбай көтөрүп, калемгерлердин сап башында келе жатат. Анын адабий ишмердүүлүгү көп пландуу: поэзия, проза, драматургия, публицистика. Албетте, бир эле мезгилде акын, прозаик, драматург жана журналист болуу оңой эмес. Бирок, ушундай көп кырдуу чыгармачылыгынын ар бир тармагында ийгиликтерге жетише алды. Акыркы чейрек кылымда Меңди эженин роман жанрына кайрылып, 1998-жылы “Турумтай” аталыштагы алгачкы романын жаратканы анын чыгармачылык дарамети дагы күчтөнүп, бай тажрыйба топтоп, жаңы баскычка көтөрүлгөндүгүнүн далили дээр элем.

Жазуучунун экинчи романы “Аймаран” 2019-жылы жарык көрүп, адабий чөйрөдө жана окурмандар арасында жакшы пикирлерди жаратууда. Мен дагы жакында автордун өз колунан алган бул китепти окуп чыкканымдан кийин окурмандык пикиримди билдирүүнү туура таптым. Анткени, көтөргөн темасы да, көркөмдүк-идеялык деңгээли да жана чагылдырган тарыхый доору боюнча да бул роман кыргыз адабиятынын өсүп-өнүгүү процессине салым кошо алат деп ойлойм. Айрыкча, аял жазуучу үчүн романдай татаал жанрга бел байлоо үчүн, чындыгында, өзүнүн чыгармачылык дараметине жана күчүнө ишенүү керек.

Аял прозасы. Адабиятыбызда кыздар поэзиясынын өкүлдөрү арбын, атактуулары да аз эмес. Бирок, адабиятыбыздын тарыхында калган прозаик аял жазуучулар саналуу гана. Акыркы XXI кылымдын 60-70-жылдары гана профессионал адабиятта Айым Айтбаева менен Зуура Сооронбаева сыяктуу калемгер аял жазуучулар повесть-романдары менен окурман журтка таанылышкан. Айрыкча, З.Сооронбаеванын “Астра гүлү”, “Жетимдер”, “Чоочун киши”, “Арман” аталыштагы повесть, романдары ушул кезге чейин окурмандардын суроо-талабына ээ болуп жатат.

Адабиятта “аял поэзиясы”, “аял прозасы” деп өзүнчө бөлүп кароону сындаган ой-пикирлер да айтылып калат. Бирок, бул адабий термин дүйнөлүк адабиятта 50-60-жылдары пайда болсо да, аял жазуучунун чыгармаларына таандык өзгөчөлүктү эч ким тана албас. Жашоо-дүйнөгө аялдын көзү менен карап, аялдын жашоого өзгөчө туюмун, энелик инстинктин, тукум улоо касиетин, сүйүүгө муктаж жана назик жүрөгүн өзү аркылуу өткөргөн аял жазуучунун аял каармандары окурманга өзгөчө таасир этпей койбойт. Меңди эженин прозаларына да ушундай өзгөчөлүк таандык.

Меңди Мамазаирова да улуу муундагы аял жазуучулардын изин улап, прозалык чыгармаларын эрте жаза баштаптыр. Адегенде эле ыр жана аңгеме жарларында бирдей иштептир.

Эсимде, 1975-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетинин 3-курсунда окучу элем. Эженин жаңы чыккан “Нөшөр” аталыштагы алгачкы аңгемелер жыйнагын китеп дүкөндөн сатып алдым. Негедир, ал учурда поэзияга караганда прозаны бетим менен түшө калып окучумун. Жыйнак мага өзгөчө таасир калтырган болсо керек, китеп боюнча ой-пикиримди жазып, анча-мынча сындамыш болуп, ошол кездеги дараметимдин жетишинче талдоо жүргүзүүгө аракеттенипмин. Бул чакан макалам республикалык белгилүү “Ленинчил жаш” жаштар гезитине жарыялангандан кийин көпкө чейин эженин көзүнө көрүнүүдөн коркуп жүргөнүм эсимде.

Ал пикиримди Меңди эже да окуган экен. Мен күткөндөй мага ачууланмак же жемелемек турсун, ооруканада жатканымды уккандан кийин белгилүү акын жана окумуштуу Калбүбү Сариева эже экөө ал-абалымды сураганы келишиптир. Атактуу Жолон Мамытовдун сүйгөн жары болбостон, өзү да белгилүү акын-жазуучу, журналист эженин ооруканага келгени адабияттын жаш талапкери мага сюрприз болгон. Ага чейин Жолон Мамытов экөөнүн махабаты жөнүндө кызыктуу баянды окуп, ошондой бийик сүйүүгө арзыган аялзатын бир көрүүгө ынтызарланып жүргөмүн. Ошол баяндын каарманы, акынды ашык кылган олоң чачтуу (“жер чийген чачтарыңа байладың да, Кайдадыр алып кеттиң жаштыгымды…” деген ырын кимдер билбейт эле) ажардуу жана уккулуктуу шар сүйлөгөн Меңди эжеге өтө сонуркап тиктегеним эсимде. Ошондо Калбүбү эже экөөнүн тең мага эжемдей камкор мамилелери өзгөчө эрээркеткен.

Меңди эже ал кезде республикалык “Мугалимдер гезитинде” иштөөчү экен. “Редакцияга келип тур! Чыгармаларыңды гезитке бер”, – деп дайындап кеткендиктен, кийин көтөрүп барган аңгемемди, атам жөнүндө макаламды жарыялап, дагы бир сүйүнүчкө бөлөгөн. Адабияттын босогосун аттоого жүрөксүп жүргөн мендей жаш калемгерге улуу муундагы жазуучу-акындын бул астейдил ыкласы ошол учурда чоң демөөр болгон экен. Андан кийин да Меңди Мамазаирова эженин мындай кең пейилдик, шар сөздүүлүк, чечкиндүүлүк, сөзгө туруктуулук сапаттарына көп жолу күбө болдум. Өзү жараткан чыгармалары менен элди тарбиялай турган калемгердин облиги ушундай болушу керек деп өзүмө өрнөк кылып келем.

Жазуучу-акындын чыгармалары анын адамдык насилинин жана жарандык позициясынын күзгүсү эмеспи. Меңди Мамазаирова өзүнүн поэзиясында жеке сезимдердин алкагынан чыгып, доор гөйүн, анын ичинде кыргыз эли тушугуп жаткан курч маселелерди жана адеп-ахлактык, мекенчилдик, жарандык теманы көтөрүп, публицистикалык жалындуу ырларды жаратып келатат.

Айрыкча, 90-жылдардан кийин кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жаңы доору жазуучунун чыгармачылыгында да жаңы баракты ачты. Коомдук окуяларга кайдыгер карабай, эгемендүүлүк карапайым элдин үмүтүн актадыбы, жашоосун жакшы өзгөрттүбү деп ой толгоп, энелик жүрөгүнө эл тагдырын батырып, “Энелер үнү”, “Тур, улуу журт!” аталыштагы публицистикалык поэмаларын жазган. Бул эки поэмада тең эркиндикке ээ болгон элибиздин патриоттук духун ойготуучу чакырык, жаңыча жашай билүүгө жана эл бузарларга алданбоого, ынтымакка жана биримдикке үндөгөн берилген.

Меңди Мамазаированын заман темасын эпикалык проза жанрында да улантып, көп жылдык эмгегинин акыбети болгон “Аймаран” романында бүгүнкү күндүн сүрөтүн тартат. Жазуучу кайсыл бир телемаегинде бул романдын жазылыш таржымалы жөнүндө минтип айтканы эсимде: “Жазуучу өзү жашаган доорду чагылдыруу үчүн адегенде ошол доорду аңдап, коомдук өзгөрүүлөрдүн түпкү себептерин иликтеп-талдап, өзүнө сиңиргенде гана жаза башташ керек”.

Калемгер айым айткандай, 90-жылдардан кийин Кыргызстандын социалдык, экономикалык жана саясий турмушундагы жаңыланууларга өзү күбө болсо да, тарыхый окуяларды натуралай сүрөттөөдөн алыс болду. Бүтүндөй система кыйрап, адамдар көндүм жашоо нугун жоготушуп алдастап калышкан, ал эми жаңы замандын талабын, мыйзам ченемдүүлүгүн өз убагында аңдап-билүү жана кабыл алуу кыйындыкка турган жылдары Меңди эже да ал өзгөрүүлөрдү башынан өткөргөн адам катары чордонунда жүрдү. Ой-сезимди оодарып, адамды татаал суроолорго кептеген бул кескин бурулуш мезгилдин чоо-жайын түшүнүп-түшүнбөй туруп, окурмандын бүйүрүн кызытуучу курч окуялуу чыгарма жаза коюп, арзан абройго жетүүгө умтулбады. Бул баарыдан мурда да чыныгы искусствонун ыйык милдетин, жазуучулук жоопкерчилигин жогору койгон калемгердин иши эмеспи. Меңди Мамазаирова доорлор алмашкан мезгилдеги тарыхый окуяларды аңдап-түшүнүүгө кылдат мамиле жасап, узак жылдар бою көркөм иликтөөсүнөн өткөрүп келиптир. Натыйжада өткөн жылы окурмандардын колуна тийген “Аймаран” романы китеп сүйүүчүлөр  көптөн күткөн теманы – заман темасын камтыптыр.

Бул роман масштабдуу, кыргыз адабиятынын акыркы чейрек кылымында жаралган чыгармалардын ичинен көлөмү боюнча да, көтөргөн жүгү боюнча да айырмаланат. Автор жаңы замандын жаңы каармандарын, болгондо да жаңы доордун туундулары болгон жаңы социалдык катмардын коомго тийгизген таасирин, жаңы социалдык мамилелерди, идеалдарды, психологиянын кескин айырмачылыктарын камтыган көркөм жалпылоого жетишкен. Бул доордун көркөм элеси бизге тааныш, чыгармадагы окуялар кыргыз элининин турмушундагы акыркы 20-30 жылды камтып, анын каармандары – биздин  замандаштарыбыз.

Көрөңгөсү терең, сезим-туюму көөнөрбөс, таланттуу калемгер жылдарга багынбайт! Меңди эже дөөлөттүү 80 жаштын кырында туруп да, калемин кайрап, эл-журтуна, кыргыз адабиятына көркөм чыгармаларын байма-бай тартуулап келатат.

Кутман курагыңыз кут болсун, урматтуу Меңди эже! Калемдеш айымдардын көч башында жүрүп, “Аймарандай” дагы алты роман жазып, чыгармачылык жана байбичелик бактылуу доор сүрүшүңүздү тилейм!