Зинакан Пасанова: Көшөгөсүз колукту

Көшөгөсүз колукту (аңгеме) Коңшу аялдар кезектеги шеринеге адаттагыдай эле өздөрү жашаган көчөдөгү чайканага чогулушту. Он жылдан бери ай сайын ушул жерде аш жешет. Эки кабаттуу, короо-жайы кенен, чыгыш үлгүсүндө курулган сөөлөттүү чайкананын кардары көп. Биринчи кабаттагы жайлуу бөлмө атайын алар үчүн бөлүнгөн. Анын жапыз жыгач сөрүсүнө жер төшөктөр калың салынып, суук күндөрү темир меште от алоолоп күйүп, ал эми тейлөөчү кыздар жүгүрүп кызмат кылат. Бул чайкана ээсинин аларга көрсөткөн коңшулук ызааты эле. Ошону үчүнбү аялдар шеринеге кушбак көңүл менен келип,  шарактап сөз талаша сүйлөшүп, каткырык-күлкүлөрү да короонун дарбазасына чейин беймарал толугу менен…..