Зинакан Пасанова: Жаңы жыл жана жан кечти

Жаңы жыл жана жан кечти

(аңгеме)

Кечээ түнү жатарда унутуп өчүрбөй койгон уюлдук телефону таң заарлап күү чалды. «Nokiaнын» экранынан тааныш сандарды көргөндө Кымбаттын жүрөгү шуулдай түштү. Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы чалып жатат. Дагы кайсыл жерде эмне болуп кетти экен?! Жаңы жылдын биринчи күнүндө таң эртелеп издегенине караганда жакшы кабар эмес.

Түнү бою жаңы жыл тосуп, жамгырдай жааган майрамдык салют-фейерверктерден дүңгүрөп, коюу жана ачуу түтүнгө какаган шаар таңга маал гана тынчыган. Таң агара баштаганда ак кар жамынган дүйнө мемиреп жымжырт эле. Терезеден көпкөк тунук асман көрүнөт. Мындай аяздуу сулуу жана бейпил таңда жамандык жөнүндө ойлогуң да келбейт. Бирок, маалымат катчынын чарчоодон, чала уйкудан кардыккан үнү дүрбөлөңдүү чыкты: «Шашылыш кабар бар! Түндө опер тобунун зардалы Нурлан Сейитбеков террористти кармоо учурунда курман болду…”

Кымбаттын көздөрү умачтай ачылды. Уккан кабарын тактап сурап алгандан кийин иш кеңсесин көздөй учуп жөнөдү. Ал шашылып кийинип жатканда күйөөсү төшөктөн баш көтөрбөй туруп уйкулуу кобурады:

-Эмне болуптур?!

Журналист аялынын күн-түн, дем алыш, майрам дегенди билбеген коогалаңдуу иши ага көнүмүш болуп калса да үнүнөн тынчсыздануу сезилет.

-Ишке кеттим. Келгенде айтамын, – дегенге зорго чамасы жетти Кымбаттын.

Азыр ага ар бир мүнөт кымбат эле. Бул жаңылыкты өзү иштеген маалымат агенттигинин сайтына башкалардан мурда жайгаштырууга үлгүрүү керек. Атаандаш сайттар Интернетте көбөйгөн сайын иш да оордошуп баратат. Анан да, пендең түшкүр, кырсык, өлүм, саясий кутумдар жөнүндө жазылган кабарларды эт-бетинен кетип окуйт экен.

Ишканасы үйүнөн көп деле алыс эмес, Ошондуктан тез-тез басып жөө жөнөдү. Көк жылгаякка айланган жолдо жыгылуу да оюна келбей шашыла кадамдайт. Аяздуу суукка карабастан шаардын башкы көчөсүндө ары-бери жүргөн адамдар көп эле. Бирок, эрте менен жай баскандар аз. Бардыгы артынан жоо куугансып шашылыша кадамдашат, жүздөрү болсо алда-неге кабатыр, же уйкулуу. Террорчунун жардырган гранатасынан курман болгон оперкызматкер да кечээ эрте менен аларга окшоп кызматына ашыккандыр… А көрсө өзүнүн ажалына шашылган экен.

Кымбат кеңсеге жеткиче жүрөгүн эзген оор ойлордон арыла алган жок. Кырсыктар, жардыруулар, буюртма киши өлтүрүүлөр, тоноочулук, балдарды зордуктоо сыяктуу каргашалуу окуялар эл-журтка көнүмүш болуп баратат. Кымбат мындай суук кабарды уккан сайын жан дүйнөсүнө ок тийгендей зааркана түшсө да, аны элге биринчи болуп кабарлоого шашылат. Журналисттик кесибинин мүшкүл жагы ушундай.

Кабинетине кирип, компьютерди ачкандан кийин ой-сезимин дароо жыйнап, ишке киришти. Такталган кабарды кыскача жазып, сайтка илгенден соң башка сайттарды бир сыйра карап чыгууга да үлгүрдү. Ал биринчи болуп бериптир. Бирок, бул тездиги үчүн эрдемсүүгө али эрте. Эми баарыдан мурда курман болгон командир, граната жардырган жан кечти жана жабыркаган адамдар жөнүндө дагы толуктап маалымат табуу керек. Окуянын күбөлөрү, коопсуздук кызматы менен милициянын өкүлдөрү, “Тез жардамдын” түнкү бригадасы, курман болгон милиция кызматкеринин жакындары менен да байланышууга шашып жатты. Эл түнкү окуяны ар кандай “имиш-имиштен” угуп дүрбөлөңгө түшпөй, чыныгы болгонун болгондой кылып сайттан окушсун.

Кымбат мындай чукул жагдайда өтө тездик менен иштегенге маш болуп калган. Бардык жерде өзүнүн маалымат булагы бар. Жаңылыктарды биринин артынан бирин сайтка жайгаштырып жатты. А түгүл окуя болгон жерден фотолорду да алууга үлгүрдү. Анын суранычы боюнча бир таанышы ватсаптан жөнөтүптүр. Жолдоштук мамиленин пайдасы ушундайда тиет экен. Бул фотолор сайт үчүн баалуу табылга эле.

Бир аздан кийин электрондук кат куржунуна “тың” этип кат түштү. Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысынан келиптир. Түнкү окуяны алдын ала иликтөөнүн баяндамасын жөнөтүптүр. Кымбат маалымат катчынын мындай ыкчамдыгына ыраазы боло түштү. Өз ишинин чыныгы адиси деп ушул жигитти айтыш керек. Кызматтык баяндаманы сайтка ылайыктап иштеп жатканда болгон окуяны көз алдынан чубуртту.

 

*****

… Шаардын борбордук аянтында 31-декабрь күнү кечинде майрамдык оюн-зоок өткөрүлмөк. Жыйырма беш метрдей бийик жасалма балаты он күн мурун эле орнотула баштаган. Себелеп жаап жаткан кар бүртүктөрүн элестеткен күмүш түс үлпүлдөк торчолорго жана грильянддарга жылчыксыз оролгон, улуттук орнаменттер менен кооздолгон балаты кеч кире баштаганда көз уялта жаркырап күйүп, назик жана шаанилүү шоола чачат. Анын айланасы да жомок дүйнөсүн элестетет. Күмүштөн жасалгандай жаркырак чанада олтурган Аяз ата жана аяз кыз, ханышанын ак сарайы, жаныбарлардын ашемдүү жана сырдуу “үңкүрлөрү”, кичинекей балатычалар, түстүү жарыктар…

Балаты жасалгаланып бүткөндөн кийин бир жума мурда салтанаттуу түрдө оту күйгүзүлгөн. Ошондон бери бул аянттан адам үзүлчү эмес. Ал эми бүгүн эл жаңы жыл тосушканы өтө көп келиптир. Кеч кире электе эле музыка жаңырып, белгилүү ырчылар ырдашып, оюн-зоок тез эле кызый баштады. Бүйүрү козголгон жаштар алып баруучунун сөзүн, же концертти деле угушпай, бирок ышкырык-кыйкырык менен дуулдап кубаттамыш болушат. Түн кирээри менен балатынын айланасы түстүү шамдардын жарыгына кулпунуп, майрамдык шаң күчөдү. Тынымсыз атылган фейерверктер асман бетин бербейт. Абаны түтүн каптап, күйүк жыттанат.

Шаңдуу элдин ичинде формачан милиция кызматкерлери жана коопсуздук органдарынын эл катары кийинишкен чалгынчылары да көп эле. Алар өтө чымыркануу менен иштеп жатышты. Эл аралык террористтик уюмдун шаардын борбордук аянтындагы жаңы жылдык балатыны жардыруу планы жөнүндө оперативдүү маалымат алынган. Ага чейин радикал динчилдердин жаңы жыл майрамы мусулмандардыкы эместиги, ким майрамдаса күнөөгө батары жөнүндө тымызын эскертүүлөрү быйыл күчөп кеткен. Жаңы жылды майрамдабоого чакырыктар, ачык эле коркутуулар, эки тараптуу катуу жаакташуулар элдин тынчын кетире баштаган. Бирок, карапайым эл бул саясаттын артында исламды жамынган эл аралык терроризм турганын кайдан билишсин. Ошолордун жашыруун уюму жаңы жылдык балатыны жардырмак болушуптур. Бул операцияны Сирияда акыркы эки жылдан бери согушуп жүргөн жергиликтүү тургун аткарары белгилүү болгон. Ал Кыргызстанга өзгөчө тапшырма менен жөнөтүлгөнү жөнүндө маалымат келген. Бирок, ал ата-энеси, аялы жана кичинекей балдары жашаган үйүнө жакындамак түгүл, өзү жөнүндө кабар да берген жок. Каерде жашынып жүргөнү жана качан, кайсыл жерде террордук акт жасоо планы азырынча аныктала элек.

Орган кызматкерлери күнү-түнү тыным албай иштеп жатышты. Элди дүрбөтпөө үчүн балдар мекемелеринде, окуу жайларында жаңы жылдык балаты майрамдарын өткөрүүгө тыюу салынган жок. Бирок, майрамдык кечелер өтүүчү имараттар, алардын кире бериштери шек алдырбастан катуу көзөмөлгө алынды. Эки-үч күндөн бери шаардын борбордук аянтынын жана башкы балатынын айланасында коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Айрыкча, теракт эл көп чогулган түнү болору күтүлүп жаткан.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын экстремизм жана терроризм менен күрөшүү бөлүмүнүн опертобун жетектеген Нурлан Сейитбеков ыкчам тапшырма алган. Террористти жерден чукуп болсо да таап, залалсыздандыруу керек. Ансыз шаарга да, аларга да тынчтык болбойт. Үч күндөн бери жолдоштору менен үй бетин көрүшпөй, бел чечишпей иштеп жаткан Нурлан бүгүн таң эртелеп уккан жакшы кабарга демөөрлөнүп турат. Эрте менен башкармалыкта өткөн жыйында ага кезектеги наам ыйгарылгандыгы жөнүндө министрдин буйругу окулган. Жыйынга катышкандар бул буйрукту жактырышкандай узакка шатырата кол чабышты. Демек, анын кызматын баалашат экен. Нурлан ушуга көңүлү эргиди.

Жыйындан чыгары менен дароо үйүнө телефон чалып сүйүнчүлөдү. Атасы, апасы, жубайы, беш жашар уулу, үч жаштагы кенжеси-кызы… Ар бири менен бир ооз сөздөн болсо да сүйлөшүп чыкты. Атасынын үнүнөн өтө сыймыктануу билинет, апасы жашый түштү. Жубайынын өрөпкүгөн доошунан болсо көөдөнүнө батпаган сезимдин ысык илеби ургансыйт: “Качан келесиң?!.. Жаңы жылды бирге тособузбу? Сен жакшы көргөн салатты жасап койдум!”. Уулу менен кызы телефонду биринен-бири талашып: “Ата! Бизге Аяз ата эмне белек алып келет?!” – деп чыйылдап жатышты. Нурлан үй-бүлөсүнүн ысык мээримине балкый түштү. Бир саамга кыялына эрк берип, жаңы жылды ата-энеси, аялы, балдары менен бирге тосорун элестетип жиберди: Төрдө мээрим төгө шүгүрчүлүк келтиришкен атасы менен апасы топуктуу олтурушат. Үй куттуу жана жылуу. Үстөлдүн үстүндө жайнаган түркүн даамдын жыты буркурайт. Аялы берекелүү колу менен бышырган боорсок, шириндиктер, салаттар… Вазада мөмө-жемиш үймө салынган. Бөлмөнүн ортосунда жаркырак оюнчуктар менен жасалгаланган балаты орнотулган. Уул-кызынын эрмеги ошол балаты. Анткени, “Аяз ата” бүгүн бул балатыга көп белектерди катып коеруна ишенишет. Улам балатыга имерчиктешип, анын бутактарынан сюрприз издешет. Нурлан үйгө кирээри менен уулу экөө күрөшө башташат. Ал атасын жыкмайынча жаны тынбаган өтө өжөр. Атасы “жеңилип” берсе чындап эрдемсип калат. Нурлан да уулунун эр көкүрөк, тайманбас болуп чоңоюп келе жатканына жетине албайт. Аталык шерденткен улуу сезим менен жүрөгү элжирейт. Ушул балдарынын бактысы жана келечеги үчүн замандын тынч болушун тилейт. Ата-энеси да бактылуу жана дөөлөттүү карылык сүрүшсүн. Ушул максат-тилек ага дайыма дем берип турат. Үй-бүлөсүнүн, элдин тынчтыгын сактоо үчүн жан аябай кызмат кылууга шердентет. Адамдар эч коогалаңсыз бейпил жашашып, жаратмандык менен гана алектенишээр күн келер бекен.

Нурландын кыялдануусу бир мүнөттөй гана созулду. Башкармалыктын оперативдүү кеңешмесине кирип баратып кайрадан бүт дити ишке бурулду. Кеңешмеде кыска, бирок так тапшырмалар берилди. Чет-жакадан кооптуу кабарлар түшүптүр. Түнү кимдир-бирөөлөр университеттин борбордук аянтына орнотулган балатыны сындырышкан. Көчөдө чоочун эркектер “аяз ата” менен “аяз кызга” кол салышкан. “Каапырлар!” деп кыйкырышыптыр аларды уруп жатып. Абал күндөн күнгө оордошуп баратат. Ага жараша коопсуздук органдарынын да түйшүгү күчөдү.

Нурлан өз тобу менен майрамдык оюн-зоок өтүүчү шаардын борбордук аянтына бөлүндү. Бул жерде көзөмөлгө ала турган объекттер көп эле. Төрт тараптан кирүүчү жолдорго коюлган өткөөлдөр, чоң балаты, анын айланасындагы сансыз балатычалар, жомокчо сарайлар, Аяз атанын чанасы, кар алачыктар, анан шириндиктер, жаңы жылдык жасалгалар сатылуучу соода жарманкеси. Ар бирин шек билгизбей акмалашып, эл арасын да аралап жүрүшөт.

Нурлан да шектүү адамды билгизбей издеп көпчүлүктүн ичинде. Террорчунун сүрөтү көз алдында. Өзү курактуу жигит экен, бир шаарда чоңоюшуп, бир жердин суусун ичишиптир. Ал жөнүндө толук маалымат Сирияда согушуп жүргөнү аныкталгандан кийин дайын болгон. Анын үй-бүлөсү да толук иликтөөгө алынган. Шаардагы карапайым жашаган үй-бүлө экен. Атасы өмүр бою өтүк уста болуп иштептир. Чоң базардын ичиндеги эски, кир устакананын бир бурчунда бүрүшүп олтуруп, жыртылган өтүк, батиңкелерди тигип жүрүп өмүрүн өткөргөн. Кол жоорутуп тапканы өп-чап күнүмдүк жашоосун зорго кыймылдатып турчу. Эки уулу, беш кызы мектепте окушса да жарытып деле билим алышпады. Кыздары күйөөгө тийип кетишти. Чоң уулу анын өтүк устачылык өнөрүн улантып, маалада устакана ачып алган. Кенже уулу Шарабидин атасы менен агасынын мээнети күч, бирок табышы жарыбаган кесибин жериди. Ал жан бакты жашоого көбүрөөк ыктап, ар нерсеге тийип-качып иштемиш болуп жүрдү. Башка жакта бак-таалай күтүп тургансып Россияга да барып келди. Ал жактан үйлөнүп, бир балалуу болуп кайткандан кийин да бир жерге туруктуу иштөөгө мойну жар берген жок. Бекерчиликтен коңшу чалдарга кошулуп көчөдөгү мечитке барып намаз окуй баштады. Беш маал намаз окууга өткөндөн кийин сүйлөгөн сөзү да өзгөрдү. Эми ата-энесине, агасына жалаң хадистерден айтып, бул дүйнө жалган дүйнө, аны Алла Таалага ибадат кылуу менен өткөрүү керек деп ынандырат. “Баарын Алла берет, Алла алат”, – деп иш жөнүндө ойлонгусу да келбейт.

Бул убакта анын үй-бүлөсүнө дагы эки перзент кошулду. Төрт баланы, аларга Шарабидинди жана анын аялын кошуп багуу карыган атасынын мойнунда. Аялына хижаб кийгизип, көчөдө жүрүүсүнө тыюу салган. Мектепке бара баштаган уулдарын да намазга жыккан. Өтүкчү чалдын күнүмдүк таап келген каражатына зорго бир маал казан кайнайт. Шарабидин уулунун жүрүм-туруму, кылган иши, сүйлөгөн сөздөрү да атасына түшүнүксүз эле. Акыркы жылы компьютерге жабышып калды. Үйгө нан алып келүүгө акча таппаган ага кымбат баалуу планшет, ноутбук ким бергенине акылы жетпейт. “А бирөөнүкү”- деп коет туюк гана атасынын суроосуна. А өзү үйдө болсо компьютерде кадалып олтурат. Анан эле бир күнү эч кимге айтпай-дебей Россияга кетип калыптыр. Бул жөнүндө телефондон билдирүү жөнөтүптүр: “Мени издебегиле, өзүм кабарлашам”.

Жарым жылдан кийин милициядан келишти. Үйдүн ичин тинтип, ар бирин суракка алганда гана Шарабидиндин эмне иш кылып жүргөнү дайын болду. Сириядагы согушкерлердин тапшырмаларын аткарчу экен. Ал жакка адамдарды жөнөтүп туруптур. Эми өзү Сирияда согуштук машыгуудан өтүп жатканы жөнүндө маалыматты да үй-бүлөсү милициядан укту.

Карыган атасы бул кайгыны көтөрө албай бүк түштү. Уулунун жана анын бала-чакасынын тагдыры жөнүндө кыжаалатчылыкка жүрөгү туруштук бере алган жок. Өмүр бою колун жоорутуп иштесе да, тынч жашады эле, эми минтип үй-бүлөсү менен кайтарууга алынып, согушкердин атасы болобу? Неберелеринин эртеңки күнү жөнүндө санаа жүрөгүн жеди. Чал көз жумгандан кийин бул үйдөгүлөрдүн абалы ансайын оордошту.

 

*****

Шарабидин бир жума мурун Сириядан өзгөчө тапшырма менен келгенинде көөдөнүнүн тереңиндеги туулуп-өскөн үйүн көздөй тарткан сезимди күчтөп баскан. Үйүндө аны кайсыл эле жакшылык күтүп турмак. 7-класста окуган уулу өзүн-өзү асып өлгөнү жөнүндө суук кабар ага да жеткен эле. Баласынын өлүмүн укканда жүрөгүнө ийне учу тыз эттирип сайылгандай болду. Бирок кайра “перзентти Алла Таала берген, Алла Таала өзү алды” деп жубанды. Тестиер уулунун “согушкердин баласы” деген сөздөн чүнчүп, жан дүйнөсү жабыркап, бул дүйнөдөн өз эрки менен аша кечкени, төшөктө жаткан оорулуу апасы, ач курсак, жыртык кийимчен, жүрөктөрү жаралуу балдары, алардын келечеги, тирүү жесир аялынын тагдыры эми ага таасир эте алмак эмес. Бул кыйынчылыктардын баары жалган дүйнөдөгү сыноо, ал бир гана Алла Таала деп сыйынып жашап, түбөлүктүк жашоого барганында бейиштен жай алгысы келет. Ал үчүн Алла Тааланы тааныбагандардын канын суудай агызууга, курмандык чалууга даяр, а түгүл колу кычышып, тишин кычыратып турат. Анткени ушул аркылуу гана өзүнө бейишке жол ачылганы турбайбы. Шейит кетсе бейиштин 80 үр кыздарынын ырахатын көрөт. Эгерде аман-эсен калса, ал эч кимге жолукпай Сириянын Дейр-А-Зор шаарына кайра кайтмак. Өзү туулуп-өскөн, балалыгы жана жарым өмүрү өткөн, ата-энеси, бала-чакасы жашаган шаарда эми ал жат адам болуп калганын сезди. Ушундай ойдон улам Шарабидин терракт жасоого бүткүл ниети жана дарман-дарамети менен толук даяр эле. Бирок, бүгүн өтө күчөтүлгөн коопсуздук чаралары ага жол бергидей эмес.

Апталап токтобой бир туруп майдалай кыпындап, бир туруп борошолой жааган кардан кийин бүгүн күн ачылган. Аппак жаңы кар көз уялтып, аяздуу аба таптаза эле. Бул кышкы көрүнүш жаңы жыл майрамынын шаанисин ансайын арттырды. Аянтка көңүл ачканы келгендердин маанайы шаңдуу.

Бирок, алардын арасында жүрүшкөн органдын кызматкерлери үчүн майрамдык маанай жок эле. Алар өзгөчө олуттуу жана кооптуу тапшырманы так аткарууга милдеттүү. Нурлан аянтка кире бериштеги өткөөлдөргө көзөмөлдү текшерип айланып басып жүрдү. Өткөөлдө турушкандар ал жетектеген ыкчам аракеттенүү тобунун кызматкерлери эле. Аянтка кара ниет адамдар кирип кетпешине жол бербөө милдети коюлган. Ар бир адамга кылдат байкоо салышса да, баштык көтөргөндөрдү гана токтотушуп, текшерип жатышат. Калың тон кийишкен эркек-аялдар да көзөмөлдөн өтүштү. Майрамдык оюн-зоокко келген элдин ичинде да коопсуздук кызматкерлери жетишээрлик. Баары бир өтө сергек жана кыраакы болуу зарыл. Кайсыл жерден терракт күтүлүшү белгисиз.

Бул учурда Шарабидин аянтка өтө жакындабаса да алыстан тооруп жүрдү. “Эмирдин” тапшырмасы боюнча балатыга жакын жерде жардыруу керек. Бирок, ага кире бериш жолдорго өткөөл коюлуп, көзөмөлгө алынышы тапшырманы аткарууну татаалдантты. Аянтты көздөй келе жатышкан сүрмө топторго кошулуп бир нече жолу жакындап келип абалды салмактады. Жардыргыч заттар катылган спорттук баштыгы менен өтө алгыдай эмес. Ал шаардын борбордук көчөлөрүн кыдырып терракт жасай турган ыңгайлуу жерди караштырды. Бирок, бул түнү борбордук аянттан башка жайларда киши-кара көп деле эмес эле. Ресторан, кафе, барларда он беш күндөн бери тынымсыз өткөрүлүп жаткан корпоративдик кечелер бүгүн тыйылыптыр. Коомдук тамактануучу жайларда киши аз. Жардыруу эл көп жыйылган жерде болушу керек. Ошондо гана максатына жетмек.

“Эмирдин” шаардагы өкүлү менен байланышып, кандай кылуу керектигин кеңешти. “Жооп күт” деди ал. Бир аздан соң чалып, пландын бир аз өзгөргөнүн билдирди. Ар кандай кырдаалга жараша бир нече варианттагы пландары бар эле. Эми ал жардыргыч заттар катылган “шахид курун” тагынып, аянтка кирет. “Эгерде өткөөлдө кармай турган болсо, дароо жардыр! Мүмкүн болушунча көбүрөөк курмандык болсун”, – деп түшүндүрдү шериги. “Алла жолуна! Алла ыйык! Аллау Акбар!” деп бүтүрдү буйругун “эмирдин” жашыруун өкүлү.

Тапшырма түшүнүктүү. Алла Таала үчүн курман болор учур да келиптир. Бул аны делөөрүттү. Кудай алдына ыйык жол менен барат. “Шахид курун” тагынып, калың тери тон кийген Шарабидин үчүнчү жолу өткөөлгө жакындап келди. Жолдо аянтты карай сүйлөшүп келе жатышкан орто жаш эки аял, бир эркектин сөздөрүнө аралашып, алар менен бирге келгендей болуп кирип кетемин деп ойлогон. Бирок, ошол учурда Нурлан да өткөөлгө келип калган эле. Эки аялды коштоп өтүп бараткан эркектердин бири көзүнө чалынды. Негедир өң тааныштай сезилет. Шаар чакан, мүмкүн көчөдө, же башка жайларда туш келишкендир. Ошентсе да ички туюму шектентип жатат. Эркектин колунда баштык жок болсо да, оң колунун учун тери тондун ичине катып чыгарбаганы ансайын күмөн жаратты. Аларды токтотуп, баарынын документтерин сурады. Шарабидин жай түр көрсөтүп, “Билбепмин, үйдө калды, албадым эле”, – деди. Бирок, тондун бүчүлөнгөн жерине салган колун чыгарбай турат. Нурлан анын көздөрүн тааныды. Сакал-мурутун таза кырынып, интеллигенттерче кийинип алса дагы көздөрү сүрөттөгүдөй сурданып, чекирейе тиктейт. Бирок, аны таанып калганын билдирбей: “Паспорттук режим. Анда барып, документиңизди алып келиңиз”,- деди жай гана. Аны мүмкүн болушунча көпчүлүктөн оолагыраак алып кетүү керек. Мүмкүн, шериги бардыр.

Шарабидин артына дароо кайтты. Бирок, ал шашылбай кадамдап баратты. “Шахид курундагы” жардыргыч затты кыймылга келтире турган топчудан колун алган жок. Оперкызматкердин камырабаган түрүнөн улам топчуну басып ийүүдөн аз жерден карманып калды. Эгерде анын жанкечти экендигинен шек алышса минтип кое беришмек эмес. Азыр чындап эле кутулуп кетсе, анда аянтка кирүүнүн башка жолун издеш керек. Ыкчам ойлонууга акыл жактан дараметсиздик кылды. Ал буйрукту аткарууга гана машыккан. “Эмирдин” Сириядан жөнөтүлгөн ага белгисиз адамы жан-жагында акмалап жүргөнүн түкшүмөлдөйт. Өзүнүн тапшырманы аткарган-аткарбаганын көзөмөлдөп, маалыматты “эмирге” жеткирип турарын билет.

Бул учурда формасын жөнөкөй кийимге алмаштырууга үлгүргөн Нурлан шектүү адамды жандай басты. Дагы төрт-беш оперкызматкери жакындан акмалап жүрүшөт. Тондун ичинде же граната, же “шахит куру” бар экени айгине. Аны жардырууга үлгүрбөй кармап калуу керек. Шарабидин аянттын парк тарабын көздөй бет алды. Жолдун бурулушундагы кичинекей күркөгө кирди. Күркөнүн дубал бою айнегинен ал минералдык суу алып, оозун бурап ача баштаганын көргөн Нурлан чагылгандай атып кирип барды. Артынан эки оперкызматкер да буйдалбай кошо киришти. Капканга түшкөн жанкечти колун бошотууга бар күчү менен булкунуп жатты. Бирок, анын эки колун бурашып, сыртка алып чыккан оперлер коопсуздук эрежелерин унутушкан жок. Негизгиси, жарылууга жол бербөө керек. Нурлан кармалгандын тонунун бүчүсүн этияттап чече баштады. Ал ойлогондой эле “шахит куру” окшойт. Аны тездик менен залалсыздандыруу керек. Тондун алды жагын ачаарында кайдандыр ок атылды. Ок Нурландын арт жагынан тийип, ок өткөзбөөчү жилетинен чыкпай калса да, ал Шарабидинди баса жыгылды. Ушул учурда жарылуу кулак тундурду…

Кызматтык баяндамада билдиргендей, ок жолдо өтүп бараткан белгисиз автоунаадан атылыптыр. Окуя болгон жерден Калашников автоматынын 3 огунун гильзасы табылган. Бул жарылууда Нурлан менен кылмышкер мүрт кетишип, дагы үч оперкызматкер жарадар болуптур.

Өз өмүрүн тобокелдикке салган милициянын майору Нурлан Сейитбеков быйыл жазда 27 жашка чыкмак экен.

 

*****

… Иши кырсыкты, өлүмдү кабарлоодон башталган, же аяктаган күнү Кымбат оор сезимге жеңдирип коет. Өз ишинин ушундай жагына эч көнө албайт окшойт. Жаңылыктардын топтомун жазып сайтка койгуча убакыт бешим ооп баратыптыр. Бул арада күйөөсү бир нече жолу телефон чалып, кабар алды. Ага деле оңдуу жооп берүүгө чамасы жеткен жок. Мына эми бардык маалыматтар берилди. Бирок, Нурланга ок аткан кылмышкерди издөө операциясы аягына чыга элек. Ар кандай божомолдор айтылып жатат. Ал террористтин “шериги” болушу мүмкүн. Же артынан көзөмөлдөгөн чалгынчы. Кантсе да терракт жасоо планына тиешеси бар болушу мүмкүн.

Чымырканып иштөөдөн чарчап-талыкшыганын эми сезди. Бөлмөнүн күн чыгышты караган терезесинен төгүлгөн күндүн таптаза нурларын, кир чала элек жаш кар бутактарына тоңгон дарактарды тиктеп кыймылсыз көпкө олтурду. Күн тийип, жылымтык тарта түшкөнгө имараттардын чатырларынан бошогон кар көчүп түшүп, жолдордо күрткү жатат. Көчөдө эл аз. Бирок, телевизор, радио, интернет чуулдап, өлкөдө акыркы окуянын айланасында ызы-чуу башталды.

Кечке жуук шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы маалымат жыйынын өткөрдү. Автоматтан ок аткан адамдын өздүгү аныкталыптыр. Азыр ал эл аралык издөөдө. Ал Шарабадиндин тапшырманы аткарса да, аткарбаса да көзүн тазалоо максатында Сириядан “эмир” тарабынан жөнөтүлүптүр. Шаарда да аны кармоо боюнча ыкчам издөө-иликтөө иштери жүрүп жатыптыр. ИИБнын башчысы анан журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Кымбат үйүнө кайтканда көз байланган кечки убак эле. Күнү бою көрүшпөгөнгө сагынычтары ашып-ташып, босогодон кубана тосуп алышкан балдарын бир башкача мээрлене бекем кучактады. Мына бакыт деген. Куттуу жана жайлуу үйү, сүйгүнчүк балдары, жубайынын арзуу толо көздөрү! Бул бактысын бүгүн жүрөгү менен туйду.

 

*****

Эртеси ишке келээри менен шаардык милицияда аза күтүү иш-чарасы өткөрүлөрүн кабарлашты. Кымбат офистен чыгып баратып баштыгын бир сыйра текшерип алууну унуткан жок. Телефон, диктофон, фотоаппарат… баары салыныптыр. Калемсап, блокнотун да ала жүрөт, техника иштебей кала турган ар кандай жагдайга дуушар болуп калышы мүмкүн. Журналист үчүн аза күтүү да ишке айланат эмеспи. Өзү иштеген агенттиктин башкы кеңсесине жеринен маалымат жөнөтүп турат.

Ички иштер башкармалыгы жакын жерде жайгашкандыктан жөө жөнөдү. Жол боюндагы гүл сатылуучу күркөнүн жанынан өтөөрдө буттары тушала түштү. Жаңыдан үзүлүп, аяздуу абада чырайына чыккан жыпар жыттуу ак, сары, кызыл розалар, гвоздикалар, гладиолустар, пуштуу жана кырмызы түстөгү георгина, нарцистер… Ар дайым ушул жерден өтүп баратканында азга болсо да бул дүйнөнүн бардык көйгөйүн унутуп койчу эле. А бүгүн гүлдөрдү көргөндө гана оперкызматкердин күтүүсүз өлүмүнө мынчалык жаны ачып жатканынын себебин түшүндү…

 

*****

… Быйыл күзүндө шаардык ички иштер башкармалыгында поэзия кечеси өткөрүлгөн. Ага акын катары чакырылган Кымбат адегенде укук коргоо кызматкерлери көркөм чыгармага кызыгыша бекен деген камтама ой менен келген. Бекер эле тынчсызданыптыр. Казармалык клуб офицерлер менен кыл муруттары жаңыдан кылайып келаткан жапжаш сержант, лейтенанттарга, курсанттарга жык толгонун көргөндө көңүлү жайлана түшкөн. Алар клубдун как тактайдан жөлөнгүчү жок туташ жасалган орундуктарында бойлорун катарда турушкандан бетер түз кармашып мыкчыя олтурушкан. Сүрдүү кийимдерине карабастан милициянын жаш кызматкерлери жүздөрү баеолук жана жаштыктын кайнаган жигери менен жылдыздуу эле. Ар бир ыр окулган сайын колдорун марш тепкенден бетер бирдей ыргак менен катуу-катуу чаап жатты. Кеченин аягында көбүнчө махабат, кыздардын арзуусу, арман, үй-бүлө жөнүндө суроо беришкен. Катаал кызматтарына карабай жүрөктөрү назик жана сүйүүгө ышкылуу бул жигиттерге ошондо Кымбаттын энелик мээрими түшүп калган.

А мүмкүн, ошондо анын жүрөгүнүн түпкүрүнө кол салып, капыстан аңтар-теңтер кылган суроону түндө курман болгон Нурлан бергендир… «Гүл жөнүндө көп ыр жазат экенсиз. А өзүңүздүн биринчи алган гүлүңүз эсиңиздеби?». Милиция кызматкерлери менен жолугушууда ушинтип сурашат деп ойлогон эмес. Балаң түшкүр десе!.. Кабак астынан сүрдөнүп да, шоктонуп да тиктеген капкара чуңкур көздөрүнөн жылт-жулт от күйүп турган.

Бир гана ал эмес алдыда олтурушкан жаш курсанттар менен офицерлер, алардын артынан орун алышкан салабаттуу зардалдар да демдерин ичтерине алып жооп күтүп калышты. Бардыгынан көздөрүнөн жаштыктын керемет бир баянын угууга аябай куштарлык көрүнөт. Кымбаттын тээ илгери бийкеч курагында кимден кантип гүл алганына кызыгышып, аеолуу жүрөк сырын билүүгө ынтызарланышкан кумаркөздөргө не дээрин билбей тунжурай түштү…

 

*****

Буга чейин андан «Кайсыл гүлдү жакшы көрөсүз?» деп көп сурашчу. Жан дүйнөсүн жыргалга бөлөгөн эң жагымдуу суроолор… Аларга канча жолу болсо да тажабай дайыма жан дили менен жооп берүүгө даяр. Гүл жөнүндө айтуунун өзү да ушундай бир ырахатка бөлөйт. Бирок, бир адамдын жакшы көргөн бир гана гүлү болоруна түшүнчү эмес. Ал үчүн жашоону көрктөп, сулуулукка чаңкоону кандырчу гүлдөр көп эле.

Алардын ар биринин өзүнө куштарланта турган өз маалы бар. Жылдын төрт мезгилине жараша улам бирине делбиреген сезимин арнайт. Кыш чилдесинде аппак кардын көркүн ачып чоктой жанган кыпкызыл розаларга көзү тойбой сонуркаса, эрте жазда кар алдынан өнүп чыккан байчечекейлер, андан кийин көктөм чакырган мандалактар менен каакымдын айсары түстөгү гүлдөрү делебесин козгойт, жазгы нөшөргө жуулуп жыты буруксуган сирень кумарды жазса, жайындасы талаада, жайлоодо өскөн тоо гүлдөрүнө, күзүндө болсо астралар менен хризентемаларга ашык. Эңсеген гүлдөрү жаңыдан ачылганда дестелеп сатып алып, иш үстөлүндө, жатак бөлмөсүндө вазаларга салып коюп, кареги канганча тиктеп, жытына тое искемейинче кумары жазылбайт.

Ал эми жигиттерден биринчи жолу арзып алган гүлү байчечекей эле. Ага тун сезим тартуулаган бул гүлдөр соолуп калгандан кийин да кургатып коюп, ушул күнгө чейин аздектеп сактап келатат. Үлбүрөгөн агыш назик желекчелери кургап калса да көркүн жоготпой, оо качанкы ууз жаштыктын жамгырлуу жазгы кечин эстетет. Ушул гүлдү алгандагы өрөпкүгөн керемет сезимди дайыма сагынып жоктотот. Өмүрүндөгү биринчи гүлдестени тартуулаган уланга тун махабатын арнаган. Экөө табышкан өмүрдүн он жетинчи жазында ал да мына бул курсанттардын курагындагы кыл муруту кылайган жапжаш улан болчу…

 

*****

… Ошол жылы Кымбат борбор шаардагы университеттин биринчи курсунда окуучу. Жигит күтө элек чагы. Бирок, жаштык сезим аны өзүнө багындырып, уяң үлбүрөк сезим жүрөгүн ээлей баштаган. Өзүнө окшош тартынчаак курсташ бала жөнүндө көп ойлоп, тиктегиси эле келе берет. Көздөрү чагылыша түшсө, экөө тең каректерин ала качканча шашышат. «Сени караса эле кызарып кетет, сүйүп калган окшойт», – дешчү курбу кыздары. Бул сөзгө ишенер-ишенбесин билбей жүргөн. Анткени, сүйүү деген улуу сезим таптакыр башкача болуп келчүдөй туюлчу.

Курсташ бала агасынын үйүндө жашагандыктан сабак учурунда гана көрүп калат. Башка кыздар менен ээн-эркин тамашалашып сүйлөшө берчү улан анын алдында мокоп, сөзгө келе албай жүрөт. Жаңы жылдык бал-маскарадда биринчи жолу бийге чакырып, белинен имере кармаганда курсташынын жүрөгүнүн көөдөн жара тургандай түрсүл какканы угулуп турду.

8-март майрамы күнү Кымбат бардык аялзатындай эле кимдир бирөөнүн өзүнө белек арнап куттукташын аябай эңседи. Бөлмөлөш кыздар кинотеатрга чогуу жөнөшкөндө алда-нени шылтоолоп барбай калып, кечке жалгыз олтурду. Эрте жаздын ызгаар жааны же басылбай, же катуулабай күнү бою бир калыпта шыбыргактап, көңүлдү буулуктурат. Бирок, тумандуу жаан жатаканадагы майрамдык шаңды токтото алган жок. Чоң ачылган терезелерден жаштар жакшы көрүшчү белгилүү шлягер ырлар күндөгүдөн бийик жаңырып турду. Гүл көтөрүшкөн жигиттер, же эки-экиден түгөйлөр моюндарынан шоргологон жамгырды тоготушпай шаракташып өтүшөт. Эшик алдында зарыгып селкилерин күткөн жигиттер андан көп. Балкондорго чыгышып, тамчыларга жүзүн тосо жалгызсыраган кыздар да жок эмес.

Оо, жаштык!.. Сенин махабат эңсеткен, көөдөнгө батпаган жаш жана курч талабыңа ким туруштук бере алат! Элбир-делбир сезимдерге мас болуп, аалам колунда тургандай делөөрүгөн, же арзуусун таппай кусаланган кыз-жигиттерди ким айып этээр…

Кымбат өзүнө аябай жакчу курсташ бала майрамы менен куттуктап келчүдөй сезилген үмүт менен жол карай берди. Кечээ сабактан таркаарда аны жандай басып, акырын: «Эртен каерде болосуң?»- деп сураган. «Билбейм…», – деген Кымбат кыз назы менен. Жатаканада жашаарымды билип туруп ушинтип сурайт деп таң кала да түшкөн.

Бүгүн эми ошол уландан башка эч кимди күткүсү да, көргүсү да жок. Чакырса укпай калбайын деп терезе жакка бар дити менен кулак түрөт. Мүмкүн, эшиктин алдында тургандыр деген ой менен вахтер кемпирге улам барып: «Мага эч ким келген жокпу?» – деп сурап жатты. «Жок!…», — деген жообу жүрөгүн бычактай тилет. Акыры тажаттыбы, урушуп берди: «Кандай кызсың деги, келсе чакырам да!..». Ага да карабай жатаканада жашаган кыздардын баарын айбыктырган эркек үндүү одоно чалыш кемпирге жалынгыдай болот: «Айылдагы ата-энем мага бир баладан акча жиберишкен экен, келсе эле киргизип коюңузчу?».

-Акча алып келген баланыбы…

Кыздын шылтоосун түшүнгөндөй шылдыңкөй тиктейт эшик кайтаргыч аял. Калпы билинип турса да эт-жүрөктү толгогон сагыныч менен туюк каалоого туруштук берүү өтө кыйын эле. Ташбакадай жай жылган мүнөттөр жаш өмүрдүн сүйүктүү адамысыз өтүп жатканына ич ачыштырат.

Түн да кирди, кыздар да кинодон кайтышты. Алар өздөрү көрүшкөн индия киносундагы сүйүү жөнүндө айтып түгөтө алышпай кызуулана сүйлөшөт, талаша да кетишет. Кымбат гана сөзгө кошулбады. Керээлден-кечке күтүүдөн алсырагыдай болуп чарчап бүтүптүр. Бирок, бул күн арзыган уландын куттуктоосуз кадимки эле күндөрдүн бириндей болуп өтүп кетерине ынангысы келбей турду. Сааттын жебеси тогузду урганда биротоло түңүлдү. Демек, анын бар экендиги да, сезими да, кыздардын болжолу да… баары жалган! Сүйүү да жалган!..

Ушул учурда терезенин айнегине «тырс» эте майда таш тийди. Минтип жигиттер гана белги берип чакырат. Кымбат баарынан озунуп терезеге учуп жетти. Сезимдери алдабаптыр. Төмөндө ал жашаган бөлмөнүн тушунда моюн созо тиктеп курсташы турат. Сууланган чачы маңдайына жабышып, кийимдери ылайга булганган. Бирок өңү ушунчалык бактылуу, көздөрү болсо от болуп күйүп-жанат. Алакандары толо байчечекей гүлүн андан кийин баамдады. Ал: «Жерге түш» дегендей башын жаңсады.

Кымбат биринчи кабатка учуп эле түштү. Курсташ бала тамчылар жууган жапжаш назик гүлдөрдү анын алаканына аярлап салып: «Майрамың менен!» деди. Эки кочушу толо түшкөн байчечекейлерге албырган жүзүн мээрлене сүртүп эрээркеди. Бул куттуктоо күткөнүнөн да ашып түштү. Тоолордо жаз алды өсүүчү гүлдөр менен кошо көптөн бери сагынып, кусаланып жүргөн тоонун, айылдын жытын тартуулады. Ойдо жок кубанычка башы айланып, анын кийимдери өтмө катары суу болгонун, кээ бир жерине баткак шыбалып калганын көрсө да элес албаптыр.

Бул жөнүндө оо кийин ойлоду. Байчечекейди өзү тоого барып терип келген окшойт. Бишкектин четиндеги бөксө тоолорго жетип — кайтыш дагы күнчүлүк жол эмеспи, ошондуктан кеч түнгө калса керек. Бирок, бул божомолу тышка чыккан жок. Өзү үчүн атайын тоого барып гүл терип келгенине ушул кезге чейин ишенгиси келет. Тун махабаттын байчечекейлери… Алар Кымбатка ууз жаштыктын, алгачкы тунук сүйүүнүн символу болгону менен ыйык…

 

*****

Андан кийин далай суулар агып, бүгүнкү өткөн күн кечээгини эскиртип келатат. Бирок, жыл сайын туулган күнүндө жана 8-мартта эң жакшы көргөн адамдарынын куттуктап гүл беришин аябай күткөнү өзгөргөн жок. Бул күндөрү кучагы гүлгө толуп, үйү толо жыты аңкып турушу керек. Рас, ал кычыраган кыш чилдеде туулгандыктан бул маалда өтө кымбаттап кетчү гүлдүн кадырын жакшы билет. Ошон үчүн да табигаттын бул ажайып сулуулугун эң кымбат белек катары көрөт. Эгерде сени сүйгөн адам чын дилинен куттуктагысы, же көңүлүңдү тапкысы келсе ал сага жага турган гүлдү да тандай билет. Ошол гүлдөр гана жүрөктө унутулбай жашап калат.

Кышкы суукка чыдамдуу кочкул кызыл түстөгү розаларды өзгөчө жакшы көрүп калышына да махабат себепкер болгон. Бул гүлдөр ага жубайлык турмуштун сүйүүгө мас алгачкы күндөрүнөн эстелик катары сезилет. Арзыган адамына баш кошкондон аз күн өтпөй Кымбаттын туулган күнү келип калды. Терезенин айнектерин муз тордоп, арыктардагы суулар тоңгон аяздуу күн эле. Таң заарда ойгонуп кеткен жаш келин күйөөсүнүн төшөктөн акырын туруп баратканын көрүп таң кала түштү. Ал эрте менен уктаганды жакшы көргөндүктөн, жаш балага окшотуп араң ойготчу. Ошондуктан, билгизбей байкап жата берди. Күйөөсүнүн шашкалактаган түрү бар. Колуктусу тарапты улам карап коет. Дипломатын ачып үч даана роза гүлүн алып чыкты. Кечинде ала келип катып койгон экен. Сабактары жоон жана узун, кочкул кызыл желекчелери жаңыдан ачылып келаткан голландия сортундагы розаларды үйлөнүү тоюнда курсташтары тартуулашкан жумуру карапа вазага салды. Гүлдөрдү кармаганга көп деле эби жок болсо да суу куюп, улам назик оңдогулап, көпкө алпурушту. Бул ишти жасоо өзүнө да аябай жагымдуу болгону сезилет. Кымбат гүлдөрдү көргөндө сүйүнөөрүнө жана ыраазы болооруна алдын ала ырахаттанып жаткандай. Белектен да сүйгөн адамынын сезими жана камкордугу жүрөк элжиретерлик эле. Ошодон бери кочкул кызыл розаларды Кымбат дүйнөдөгү эң сулуу жана махабаттын аруу гүлдөрү катары ардактайт.

Кымбаттын өмүрүндөгү эсте калган гүлдөр жөнүндө баяны орган кызматкерлеринин баарын муютту. Залдын ичи тымтырс болуп турганы эми гана сезилди. Жаш курсанттардын көздөрү нурданып, жүздөрү албырып чыгыптыр. Анан баары буйрук болгондон бетер ордуларынан жапырт турушуп, узакка жана катуу шатырата кол чаап жатышты.

 

*****

Кымбат аза күтүү иш-чарасына шашып жатса да гүл сатуучу жайга кайрылып, гүлдөрдүн ар бир түрүнөн бир даанадан тердирип алды. Кагазга оротпой көкүрөгүнө бекем кысып көтөрүп баратат. Жүрөк жылуулугу өткөн бул десте гүлгө куштар жигиттин муздаган денесин акыркы жолу жыпар жытка бөлөсүн.

Анын сөөгү салынган табыт шаардык милициянын короосуна коюлуптур. Баш-аягы кызыл манат менен жабылуу жатат. Жүзүн көрбөгөнү да түзүктүр. Анан көпкө чейин өңү көз алдынан кетпей элестей бермек. Чогулгандар түнөрүшүп үндөбөй турушат. Баш жагында катар тизилишкен оперкызматкерлер анын отряды болуш керек. Көкүрөктөрүнө автоматтарды бекем кыса кармашып, кабактары кектүү. Туугандары да топ болуп турушат. Алардын ичинде кара жоолук салынган жаш аял курман болгон капитандын жубайы окшойт, үч-беш жаштардагы уул баланы жана кызды жетелеп алган. Жанында ыйдан кабактары шишиген эркектер – атасы жана бир тууган агалары болсо керек.

Милициянын башчысы коштошуу сөзүн айтып бүткүчө тамагын бууган ыйды жуткандай бир нече жолу тыным алып, анан каргылданган үн менен кектүү сүйлөдү. “Кош, Нурлан! Сенин эрдигиңди элиң, кесиптештериң жүрөктөрүндө сакташат! Артыңда калган балдарыңа дайыма камкордук көрүүгө сөз беребиз! Алар эр жүрөк жана мекенчил атасына татыктуу болгудай тарбиялайбыз! Сенин ордуңду басар, изиңди улар уул-кызың бар, эрдигиңди ысмыңды эч качан өчүрбөйбүз!”.

Начальник анан Нурландын атасы турган жерге басып барып, аны бекем кучактап, кайрат айтты да, уулунун жаңыдан алган офицердик чин белгисин жана өлгөндөн кийин ыйгарылган “Эрдик” орденин тапшырды. Өзү тагынууга үлгүрбөй кеткен бул сыйлыктарды алуу ата үчүн өтө оор болуп, заманы куурула түшкөнү баарынын муунун бошотту. Анан начальник Нурландын балдарынын жүзүнөн сүйүп, уулун колуна так көтөрүп: “Сенин атаң баатырларча курман болду. Сен дайыма атаң менен сыймыктана аласың! Ага татыктуу эр азамат болгун!” – деди.

Атасына сөз берсе, сүйлөөгө дарманы жеткен жок. Анын ордуна Нурландын жесир калган жубайы чыкты. Кара кийинген келин колдоруна кызыл розаларды көтөрүп алганы бир аз өөн көрүнгөнсүйт. Ал өзүн кармап, күч-кайратын топтогондой бир мүнөткө үнсүз тургандан кийин кайраттуу сүйлөдү:

-Кечээ эрте менен Нурлан телефон чалып, наам алганын сүйүнчүлөдү эле. Бирок, кооптуу тапшырма аткарарын айткан эмес. Мен аны куттуктоо үчүн ушул розаларды сатып келип, дасторкон жайып күтүп олтурганбыз. Минтип Нурландан айрылып калганыбызга эч ишенгим келбейт! Ал биз үчүн дайыма тирүү! Сени менен өмүр бою сыймыктанып, элесиңди ыйык сактап өтөрүбүзгө ишен! Балдарыңды эч нерседен кем кылбай татыктуу тарбиялап-өстүрүүгө бүт өмүрүмдү арнайм! Сага арнап алган гүлдөрүмдү ала келдим! Бул гүлдөрдү эми табытыңа коем деп ойлодум беле!?

Келин эми өзүн кармана алган жок. Тамагын ый бууп, мөндүрдөй куланган көз жаш купкуу жүзүн жууп жатты. Анан сөзүнүн аягына чыкпастан, розаларды Нурландын көкүрөгүнө коюп, табытка жүзүн басып үнүн чыгарбай өксөп ыйлады. Аны аялдар зорго ажыратып жетелеп алып кетишти.

Аза күтүүнүн акырында табытка гүлчамбарлар коюла баштады. Кымбат да көпчүлүктүн шары менен жакындап барып, көкүрөк жагына коердо кулагына үнү жаңыра түшкөнсүдү: «Биринчи жолу алган гүлүңүз эсиңиздеби?».

Кайра ордуна барып турганда табыт гүлдөргө көмүлүп калган экен. Бирок, боо-боо түшкөн гүлдөр да өлүмдүн сүрүн жеңе алган жок. Жашоонун табигый мыйзамынын бузулушуна ынануу кандай оор. Өз маалынан мурда өчкөн өмүр кимди болсо да кайгыртат. Мындай өлүмдү «шейит» дешет. Тирүүлүк менен өтө жаш кош айтышса да гүл менен урмат-сый төшөлгөн жолдо узап кетти тирүүлүктөн. Мүмкүн, ал узак жашаганда өмүр бою да ушунчалык көп гүл алмак эместир. Бул жарык дүйнөдөн гүл төшөлгөн жолдор менен узап кетүү жаш-карыга карабайт тура.

 

*****

Кымбат өз жашоосунун эң бактылуу мүнөттөрүн көрктөгөн гүлдөр жөнүндө ажайып сонун чыгарма жазсам деп көптөн бери ниет кылып жүрчү эле. Бирок, антип-минтип чыгынбай келген аңгемени жазууга бул дүйнөдөн гүлгө оронуп узаган жаш майордун өлүмү себепкер болору оюна да келди беле.

Мезгилсиз өлүм ага гүлдөр жөнүндө эстетти. Гүлгө байланыштуу бардык нерселер ага жашоонун улуулугуна, көркөмүнө, сүйүүгө гана тиешелүүдөй сезилчү. Жаратылышынан өтө назик, ажайып кооз жана атыр жыттуу гүлдөрдүн өзү коргоого муктаж, морт жана алсыздыгы менен аёону ойготот. Бирок, ал бизге жубатуу тартуулай турган кудурет-күчкө да ээ экендиги кандай таң калаарлык.

Жүрөктү тызылдаткан ачуу жоготууну бул дүйнөнүн керемети болгон гүлдүн сулуулугу, мээр-шыбаасы жууп-чая ала бекен? Тирүүлүк менен өтө эрте кош айтышкан жаш жигитке канчалык жаны ачыса да кырчындай жаш өмүрдүн бул жарык дүйнөдөн кайтаар жолуна гүлдөр төшөлүп, жыпар жытка аңкып турганына каниет кылды.

Ошол түнү жаза баштаган аңгемени да «Гүл төшөлгөн жолдор» деп атады.